Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

7-БӨЛҮМ

Элдер «менин Жахаба экенимди билишет»

Элдер «менин Жахаба экенимди билишет»

ЖЕЗЕКИЕЛ 25:17

ӨЗӨК ОЙ: Ысрайылдын Жахабага акарат кылган элдер менен карым-катнашта болгонунан алчу сабактар

1, 2. а) Ысрайылдыктар кандайча бир үйүр карышкырдын ортосунда калган жалгыз койдой болгон? (Бөлүмдүн башындагы сүрөттү карагыла.) б) Ысрайылдыктар жана алардын падышалары кайра-кайра эле эмне кыла беришкен?

ЖҮЗДӨГӨН жылдар бою ысрайыл эли бир үйүр карышкырдын ортосунда калган жалгыз койдой болгон. Чыгыш тарабында дайыма кыстап турган Амон уулдары, мааптыктар, эдомдуктар жашашкан. Батышын эзелтен касташып келаткан пелиштиликтер байырлашкан. Түндүгүндө болсо сооданын чордону болгон бай, таасири күч Тир орун алган. Ал эми түштүгүндө падышасын кудай туткан Мисир жери керилип жаткан.

2 Ысрайыл эли Жахабага таянганда, ал аларды душмандарынан коргоп келген. Бирок алар жана падышалары коңшу элдердин терс таасирине алдырып, кайра-кайра эле жаман жолго түшө беришкен. Андай падышалардын бири эрки бош Ахап болгон. Ал Жүйүт жерин башкарган Жошапаттын тушунда он уруудан турган Ысрайыл падышалыгын башкарып турган. Ал сидондуктардын гүлдөгөн Тир шаарын бийлеген падышанын кызын алган. Изабел деген ал аял Ысрайылда Баалга сыйынууну жайылтууга бүт күчүн жумшаган. Күйөөсү анын тилине кирип, таза сыйынууну болуп көрбөгөндөй деңгээлде арамдаган (1 Пад. 16:30—33; 18:4, 19).

3, 4. а) Жезекиел кийинчерээк кимдердин келечеги жөнүндө айтууга киришкен? б) Кайсы суроолорду карап чыгабыз?

3 Жахаба элине ага берилгендик сактабаганынын кесепетин тартарын эскерткен. Акыры, анын чыдамдуулугу жетер чегине жеткен (Жер. 21:7, 10; Жез. 5:7—9). Б.з.ч. 609-жылы бабылдыктар Убадаланган жерге үчүнчү жолу кол салган. Ошондо алардын акыркы жолу басып киргенинен дээрлик он жылдай өтүп калган болчу. Бул жолкусунда алар Иерусалимдин дубалдарын уратып, Небухаданасар падышага каршы чыккандарды кырып салышкан. Шаар курчоого алына баштаганда жана Жезекиел айткан жүрөктүн үшүн алган окуялар так аткарылганда, пайгамбар Убадаланган жердин тегерегиндеги элдердин келечеги жөнүндө айтууга киришкен.

Жахабанын ысымына акарат кылган элдер иштеринин кесепетинен качып кутула алмак эмес

4 Жахаба Жезекиелге Иерусалим талкаланганда душмандарынын табасы канарын, алар жүйүттөрдүн аман калгандарына кордук көрсөтөрүн ачып берген. Бирок Жахабанын ысымына шек келтирген жана элин куугунтуктап, бузуп келген ал элдер кылган иштеринин кесепетинен кача алмак эмес. Ысрайылдыктардын алар менен карым-катнашта болгону бизге кайсы жагынан сабак боло алат? Жезекиелдин ошол элдер жөнүндөгү айткандарында биз үчүн кандай үмүт камтылган?

Ысрайылды мазактаган боордош элдер

5, 6. Амон уулдары менен ысрайылдыктардын ортосундагы мамиле кандай болгон?

5 Амон уулдары, мааптыктар жана эдомдуктар ысрайыл эли менен боордош болгон. Бири-бирине тууган болуп, көп жыл бою кошуна жашашса да, алар Кудайдын элинин сөөк өчтү душманы болушкан жана аларды мазакташкан (Жез. 25:6).

6 Амон уулдары Ыбрайымдын тууганы Лоттун кичүү кызынан тараган (Башт. 19:38). Тилдери ушунчалык окшош болгондуктан, ысрайылдыктар аларды түшүнсө керек. Жахаба аларга туугандык жайынан улам Амон уулдарына каршы согуш ачпашы керектигин айткан (Мыйз. 2:19). Бирок бийлердин убагында Амон уулдары мааптыктардын Эглон деген падышасы менен биригип, ысрайылдыктарды кысымга алышкан (Бий. 3:12—15, 27—30). Кийин, Ысрайылга Шабул падыша болгондо, Амон уулдары Ысрайылга чабуул коюшкан (1 Шем. 11:1—4). Жошапаттын күндөрүндө да Маап менен биргеликте Убадаланган жерди басып алыш үчүн сокку урушкан (2 Жылн. 20:1, 2).

7. Мааптыктар боордош ысрайыл элине кандай мамиле кылышкан?

7 Мааптыктар да Лоттун урпактары болгон, бирок улуу кызынан тараган (Башт. 19:36, 37). Жахаба ысрайылдыктарга мааптыктар менен согушпашы керектигин айткан (Мыйз. 2:9). Бирок мааптыктар ысрайылдыктарга ырайымсыз мамиле кылышкан. Алар Мисирдин кулчулугунан бошонуп чыгып келаткан боордош ысрайыл элине жардам бермек турсун, Убадаланган жерге киргенге тоскоолдук кылышкан. Мааптын падышасы Балак ысрайылдыктарды каргап берүүгө Биламды жалдаган. Ал Балакка ысрайылдык эркектерди бузуктук кылууга жана жалган кудайларга сыйынууга азгырыштын амалын үйрөткөн (Сан. 22:1—8; 25:1—9; Аян 2:14). Мааптыктар ысрайыл элин кылымдар бою, дээрлик Жезекиелдин күндөрүнө чейин кыстап келишкен (2 Пад. 24:1, 2).

8. Жахаба эмне үчүн эдомдуктарды ысрайылдыктардын бир тууганы деген, бирок эдомдуктар эмне кылышкан?

8 Эдомдуктар Жакыптын эгизи Эйсаптын урпактары болгон. Алар ысрайыл эли менен аябай жакын тууган болгондуктан, Жахаба эдомдуктар менен ысрайылдыктарды бир туугандар деп айткан (Мыйз. 2:1—5; 23:7, 8). Ошого карабай эдомдуктар ысрайылдыктар менен, алар Мисирдин кулчулугунан бошонгон күндөн тартып б.з.ч. 607-жылы Иерусалим талкаланганга чейин, касташып келишкен (Сан. 20:14, 18; Жез. 25:12). Ошол кезде эдомдуктар башына каран түн түшкөн ысрайылдыктарды табалап, бабылдыктарды Иерусалимди талкалоого үндөгөндөн тышкары, шаардан качып чыккандарын кармап, душмандарына салып беришкен (Заб. 137:7; Об. 11, 14).

9, 10. а) Амон уулдары, мааптыктар жана эдомдуктар эмне болушкан? б) Ошол элдердин ичинен баары эле ысрайыл элине душман болбогонун кайсы мисалдар көрсөтүп турат?

9 Жахаба ысрайылдыктарга боордош бардык элдерди аларга кылган мамилеси үчүн жоопко тарткан. Ал: «Аларды Чыгыш тургундары басып алат. Мен... Амонду алардын колуна салып берем, ошондо Амон уулдары элдер арасында оозго алынбай калат»,— деген. «Маапка чыгарган өкүмдөрүмдү ишке ашырам, ошондо менин Жахаба экенимди билишет»,— деп да айткан (Жез. 25:10, 11). Иерусалим талкалангандан 5 жылдай өткөндөн кийин бабылдыктар Амон уулдары менен Маапты багындырып алганда, бул сөздөр аткарыла баштаган. Эдом жөнүндө болсо Жахаба «анын элин да, малын да кырарын» жана «ээн калтырарын» айткан (Жез. 25:13). Алдын ала айтылгандай, Амон уулдары, мааптыктар, эдомдуктар акыры тукум курут болгон (Жер. 9:25, 26; 48:42; 49:17, 18).

10 Бирок ошол элдердин ичинен баары эле Кудайдын элине душман болгон эмес. Алсак, Амон уулдарынан болгон Зелек менен мааптык Итма Дөөтүнүн күчтүү жоокерлеринин катарына кирген (1 Жылн. 11:26, 39, 46; 12:1). Мааптык Рут да кийинчерээк Жахабага сыйынып калган (Рут 1:4, 16, 17).

«Жардан» бир да кадам жаза баспайлы

11. Ысрайылдыктардын Амон уулдары, мааптыктар жана эдомдуктар менен карым-катнашта болгонунан кандай сабак алсак болот?

11 Ысрайылдыктардын ошол боордош элдер менен карым-катнашта болгонунан кандай сабак алсак болот? Алар сергек болбой калышканда терс таасирге алдырып, мааптыктардын Пеор Баалы жана Амон уулдарынын Молеги сыяктуу жалган кудайларга сыйына башташкан (Сан. 25:1—3; 1 Пад. 11:7). Биз да ошол сыяктуу жагдайга кабылышыбыз мүмкүн. Жахабага ишенбеген туугандарыбыз бизге да кысым көрсөтүшү ыктымал. Мисалы, алар эмне үчүн Жаңы жылды, туулган күндү белгилебей турганыбызды же жалган дин менен байланышы бар кеңири жайылган башка каада-салттарга карманбай турганыбызды түшүнбөшү мүмкүн. Алар бизди эч жаман ою жок эле, бир азга болсо да, Ыйык Китептеги нормаларды эске албай иш кылууга көндүрүүгө аракет кылышы ыктымал. Андыктан андай кысымга эч качан алдырбаганыбыз абдан маанилүү! Ысрайыл элинин тарыхынан «жардан» жаза баскан бир эле кадам каргашалуу болорун билүүгө болот.

12, 13. Кандай каршылыкка туш болушубуз ыктымал, бирок Кудайга берилгендик сактасак, натыйжасы кандай болушу мүмкүн?

12 Ысрайылдын боордош элдер менен карым-катнашта болгонунан алчу дагы бир сабак бар. Жахабага ишенбеген туугандарыбыз бизге катуу каршы чыгышы мүмкүн. Иса биз жарыялап жаткан жакшы кабар кээде «баланы атасынан, кызды энесинен» бөлүшү мүмкүн экенин эскерткен (Мт. 10:35, 36). Жахаба ысрайылдыктарга туугандары менен чыр-чатак баштабашы керектигин айткан. Биз да Жахабага ишенбеген туугандарыбыз менен талашып-тартышкандан качышыбыз абзел жана алардын каршы болгонуна таң калбашыбыз керек (2 Тим. 3:12).

13 Туугандарыбыз Жахабага сыйынышыбызга түздөн-түз каршы болбосо да, алардын бизге Жахабадан да көбүрөөк таасир этишине жол бербешибиз керек. Анткени Жахаба жүрөгүбүздө эң негизги орунду ээлөөгө татыктуу. (Окугула: Матай 10:37.) Мындан тышкары, Жахабага берилгендик сактасак, туугандарыбыздын айрымдары, Зелек, Итма жана Руттай болуп, биз менен бирге Жахабага сыйына башташы мүмкүн (1 Тим. 4:16). Ошондо алар да жалгыз чыныгы Кудайга сыйынып, анын сүйүүсүнө, коргоосуна ээ болуп, кубаныч алышат.

Жахаба душмандарынан «катуу өч алат»

14, 15. Пелиштиликтер ысрайылдыктарга кандай мамиле кылышкан?

14 Пелиштиликтер Крит аралынан Канаан жерине жер которуп келген эл болгон. Жахаба кийин ал жерди Ыбрайымга жана анын урпактарына берүүнү убада кылган. Ыбрайым да, Ыскак да ал эл менен карым-катнашта болгон (Башт. 21:29—32; 26:1). Ысрайылдыктар Убадаланган жерге отурукташкан маалда пелиштиликтер күчтүү аскери бар эл болуп калган. Алар Баал-Зебуп, Дагон сыяктуу жалган кудайларга сыйынышкан (1 Шем. 5:1—4; 2 Пад. 1:2, 3). Ысрайылдыктардын алардын кудайларына сыйынып кеткен учурлары болгон (Бий. 10:6).

15 Берилгендигин сакташпаганы үчүн, Жахаба көп жылдар бою пелиштиликтердин аларга үстөмдүк кылышына жол берип койгон (Бий. 10:7, 8; Жез. 25:15). Алар ысрайылдыктарга уу тырмагын батырып, көп жагынан чектеп коюшкан * жана бир далайын өлтүрүшкөн (1 Шем. 4:10). Бирок ысрайылдыктар өкүнүп, Жахабага кайрылып келишкенде, аларга жардам берген. Ал Шымшон, Шабул жана Дөөтү сыяктуу кишилерди колдонуп, өз элин куткарган (Бий. 13:5, 24; 1 Шем. 9:15—17; 18:6, 7). Пелиштиликтердин жерин адегенде бабылдыктар, кийин гректер басып алганда, Жезекиел алдын ала айткандай эле, Жахаба алардан «катуу өч алган» (Жез. 25:15—17).

16, 17. Пелиштиликтердин ысрайылдыктарга кылган мамилесинен кандай жыйынтык чыгарсак болот?

16 Пелиштиликтердин ысрайылдыктарга кылган мамилесинен кандай жыйынтык чыгарсак болот? Жахабанын эли жалпы адамзаттын үстүнөн бийлеп турган таасири күчтүү айрым элдердин каршылыгына туш болууда. Бирок биз, ысрайылдыктардан айырмаланып, Жахабага берилгендигибизден жазбай келебиз. Ошентсе да таза сыйынуунун душмандары кээде ийгиликке жеткендей көрүнүшү мүмкүн. Мисалы, 20-кылымдын башында АКШнын өкмөтү уюмубузду жетектегендерди ондогон жылдарга кесип, Жахабанын элинин ишин токтотууга аракет кылган. Экинчи дүйнөлүк согуштун тушунда Германиянын нацисттик партиясы Кудайдын элин жок кылууну көздөп миңдегендерин түрмөгө камап, жүздөгөндөрүн өмүрүнөн ажыраткан. Согуштан кийин Советтер Союзу Жахабанын Күбөлөрүнө каршы көп жылга созулган өнөктүк баштаган. Алар бир туугандарды түзөтүү-эмгек абактарына жөнөтүшкөн жана өлкөнүн алыскы аймактарына сүргүнгө айдашкан.

17 Өкмөттөр кабар айтуу ишибизге тыюу салышы, бизди түрмөгө камашы, атүгүл айрымдарыбызды өлтүрүшү мүмкүн. Ушундан улам коркуп, ишенимибиз солгундап калышы керекпи? Жок! Анткени Жахаба ага берилгендик көрсөткөн элин сактап калат. (Окугула: Матай 10:28—31.) Азыр ошол өктөмү күч, кубаттуу өкмөттөр жок, ал эми Жахабанын эли өркүндөп-өсүүдө. Жакында бардык өкмөттөрдүн көрөр күнү пелиштиликтердикиндей болот. Алар Жахабанын ким экенин билүүгө аргасыз болуп, биротоло жок болушат!

Байлыгынын көптүгү түбөлүккө коргогон эмес

18. Тир шаары эмнеси менен белгилүү болгон?

18 Тир шаары * байыркы дүйнөнүн соода-сатык жагынан атагы чыккан империяларынын биринин борборунан орун алган. Анын соода кемелери Жер Ортолук деңиз аркылуу батышты көздөй байма-бай каттаган. Чыгыш тарабындагы кургактык аркылуу кеткен соода жолдору болсо аны тээ алыскы өлкөлөр менен байланыштырып турган. Кылымдар бою ал шаар ошол алыскы өлкөлөр менен соода алака түзүп, байлыгын арттырган. Анын соодагерлери менен сатуучулары байлыкка көмүлгөндүктөн өздөрүн төрө эсептешкен (Ыш. 23:8).

19, 20. Тир шаарынын тургундары менен гибондуктар эмнеси менен айырмаланган?

19 Дөөтү менен Сулаймандын тушунда Тирдин эли Ыcрайыл менен тыгыз алака-мамиледе болгон. Алар Дөөтүгө ак сарайды, кийинчерээк Сулайманга ибадаткананы курууга курулуш материалдарын, чебер усталарын жиберип турган (2 Жылн. 2:1, 3, 7—16). Ошол убак ысрайыл эли Жахабага берилгендик көрсөтүп, андан мол бата алып турган кез болчу (1 Пад. 3:10—12; 10:4—9). Ойлонуп көрсөңөр, Тирдин миңдеген тургундарында таза сыйынуу жөнүндө билүүгө, Жахабаны таанып-билүүгө жана чыныгы Кудайга сыйынгандар кандай бата аларын өз көзү менен көрүүгө сонун мүмкүнчүлүк болгон!

20 Бирок ошого карабай, Тир шаарынын тургундары байлыктын артынан сая түшүп жашай беришкен. Алар Жахабанын улуу иштери жөнүндө угуп алып эле ага кызмат кылууга түрткү алган канаандыктардын кубаттуу Гибон шаарынын тургундарынан үлгү алышкан эмес (Жаш. 9:2, 3, 22—10:2). Тир шаарындагылар акыры жүрүп Кудайдын элине кас болуп калышкан, атүгүл айрымдарын кулчулукка сатканга чейин барышкан (Заб. 83:2, 7; Жоел 3:4, 6; Амос 1:9).

Биз эч качан дүнүйө-мүлктү коргой турган дубалдай көрүп калгыбыз келбейт

21, 22. Тир эмне болгон жана эмне үчүн?

21 Жахаба Тирге Жезекиел аркылуу: «Оо, Тир, мен сага каршы чыгам, деңиз толкунун көтөргөндөй, сага каршы көптөгөн элдерди көтөрөм. Алар Тирдин дубалдарын уратышат, мунараларын талкалашат. Мен анын топурагын кырып тазалап, аны жалама аскадай кылам»,— деп айттырган (Жез. 26:1—5). Тирдин эли аларды байлыгы шаарынын 46 метр болгон бийик дубалдары сыяктуу эле коргойт деп ойлогон. Алар Сулаймандын: «Байдын мүлкү — анын бекем шаары; ал ага бийик чептей көрүнөт»,— деген эскертүүсүнө кулак кагышы керек болчу (Накыл 18:11).

22 Жезекиелдин сөздөрү бабылдыктар, кийинчерээк гректер аркылуу аткарылганда, Тирдин эли таянган байлыгы да, шаарынын дубалдары да тек гана коргонучтай көрүнгөн нерселер экенин түшүнгөн. Иерусалимди талкалагандан кийин бабылдыктар Тирге каршы аттанып, 13 жыл курчоого алгандан кийин анын кургактыктагы бөлүгүн басып алышкан (Жез. 29:17, 18). Анан б.з.ч. 332-жылы Искендер Зулкарнайн Жезекиел айткан пайгамбарлыктын өзгөчө бир бөлүгүн аткарган *. Анын аскери Тир шаарынын кургактыктагы бөлүгүнүн урандыларын чогултуп, ташын, жыгачын, топурагын сууга ыргытып, шаардын аралдагы бөлүгүнө жол салган (Жез. 26:4, 12). Зулкарнайн шаар дубалдарын талкалап кирип, миңдеген жоокерлерди, тургундарды өлтүргөн жана миң-миңдегендерин кулчулукка сатып жиберген. Тирдин эли байлыгынын көптүгү түбөлүккө коргонуч болуп бербей турганын түшүнүп, Жахабанын ким экенин билүүгө аргасыз болгон (Жез. 27:33, 34).

Кулабачудай көрүнгөн Тир, Жезекиел алдын ала айткандай эле, талкаланган (22-абзацты карагыла)

23. Тирдин тургундары жөнүндөгү билдирүүдөн кандай сабак алсак болот?

23 Бул билдирүүдөн кандай сабак алсак болот? Колдун кири болгон байлыкка алданып, эч качан дүнүйө-мүлккө таянып албайлы, аны чептей көрүп калбайлы (Мт. 13:22). Биз «Кудайга да, байлыкка да кул боло албайбыз». (Окугула: Матай 6:24.) Жахабага жан-дилден кызмат кылгандар гана чындап коопсуз болот (Мт. 6:31—33; Жкн. 10:27—29). Тир жөнүндөгү пайгамбарлыктар майда-чүйдөсүнө чейин так аткарылгандай эле, бул дүйнөнүн акыры жөнүндө айтылгандар да ийне-жибине чейин түгөл аткарылат. Жахаба бул дүйнөнүн арааны ачылган, өз пайдасын гана көздөгөн соода-сатык түзүлүшүн жок кылганда, байлыкка таянгандар Жахабанын ким экенин билгенге аргасыз болушат.

«Камыш тирөөч» болгон саясий күч

24—26. а) Жахаба Мисирди эмне үчүн «камыш тирөөч» деп атаган? б) Ситкия падыша Жахабанын көрсөтмөсүн кантип баркка албай койгон жана мунун кесепети кандай болгон?

24 Жусупка чейинки убактан тартып бабылдыктар Иерусалимге бет алган убакка чейин Убадаланган жердин аймагында Мисирдин саясий таасири күч болгон. Ал узак убакыт бою өкүм сүрүп келаткандыктан нечен жылды карыткан тамыры терең дарактай кулагыс көрүнгөн. Бирок Жахабага салыштырганда «камыш тирөөчтөй» эле алсыз болгон (Жез. 29:6).

25 Жахабадан баш тарткан Ситкия падыша Мисир жөнүндөгү ушул нерсени аңдаган эмес. Жахаба Жеремия пайгамбар аркылуу ага Бабыл падышасына моюн сунушу керектигин айткан (Жер. 27:12). Ситкия Небухаданасарга каршы чыкпай турганын айтып, атүгүл Жахабанын ысымын оозанып ант берген. Анткен менен кийин Жахабанын көрсөтмөсүн баркка албай, Небухаданасарга берген антын бузган жана бабылдыктарга каршы согушканга Мисирден жардам сураган (2 Жылн. 36:13; Жез. 17:12—20). Бирок Мисирдин кубатын медер туткан ысрайылдыктар өздөрү эле зыян тартып калышкан (Жез. 29:7). Мисир коркунучтуу «алп деңиз жаныбарындай» көрүнсө да, Жахаба, Нил дарыясынан крокодил кармаган аңчыларга окшоп, жаагына «илмек салып», өлтүрүш үчүн аны тартып чыгарарын айткан. Ал муну бабылдыктарды ошол байыркы жерди басып алууга жибергенде ишке ашырган (Жез. 29:3, 4, 9—12, 19).

26 Жахабага берилгендик сактабаган Ситкия эмне болгон? Жахабага каршы чыккандыктан, Жезекиел ал ыймансыз башчынын таажысынан жана бийлигинен кол үзөрүн пайгамбарлык кылган. Бирок Жезекиел үмүт берерлик да кабар айткан (Жез. 21:25—27). Ал Дөөтүнүн тукумунан чыккан падышанын — «укугу бар бирөөнүн» — тактыга отурарын айткан. Бул китептин кийинки бөлүмүнөн анын ким болгонун билебиз.

27. Ысрайылдыктардын Мисир менен карым-катнашта болгонунан кандай сабак алсак болот?

27 Ысрайылдын Мисир менен карым-катнашта болгонунан кандай сабак алсак болот? Учурда Жахабанын эли туруктуу коопсуздукту камсыз кылат деп ойлоп саясий күчтөргө таянгандан сак болушу зарыл. Биз ал тургай оюбузда да «бул дүйнөгө таандык болбошубуз» керек (Жкн. 15:19; Жкп. 4:4). Саясий түзүлүш бекем көрүнүшү мүмкүн, бирок байыркы Мисирдей эле, камыш тирөөчтөн айырмасы жок. Ааламдын кудурети чексиз Эгедерине эмес, ажалдуу пенделерге үмүт артканыбыз кандай гана акылсыздык болмок! (Окугула: Забур 146:3—6.)

Өзүнчө болгондо да, бул дүйнөнүн саясий маселелеринде кайсы бир тарапты ээлебешибиз керек (27-абзацты карагыла)

Элдер жакында билишет

28—30. Элдердин жакында Жахабаны билиши менен биздин Жахабаны билгенибиздин ортосунда кандай айырма бар?

28 Жезекиел китебинде Жахаба бир нече жолу элдердин анын Жахаба экенин билишерин айткан (Жез. 25:17). Анын ушул сөздөрү ал байыркы убакта өз элинин душмандарына чыгарган өкүмүн ишке ашырганда аткарылган. Бул сөздөр биздин убакта да аткарылышы керек. Кандайча?

29 Биз да, Кудайдын байыркы замандагы эли сыяктуу эле, бизди коргоочусу жок жалгыз койдой көргөн элдердин курчоосундабыз (Жез. 38:10—13). Ушул китептин 17, 18-бөлүмдөрүнөн биле турганыбыздай, элдер жакында Кудайдын элине бүт каарын төгүп, бүт күчү менен кол салат. Бирок ошондо алар чыныгы күч деген эмне экенин түшүнүшөт. Жахаба аларды Армагедон согушунда кыйратканда, алар Жахабанын ким экенин билгенге, эгедерлигине моюн сунганга аргасыз болушат (Аян 16:16; 19:17—21).

30 Бизди болсо Жахаба сактап калат жана батасын берет. Себеби биз азыртадан эле ага таянып, баш ийип жана ага ал татыктуу болгондой сыйынып, анын Жахаба экенин билерибизди айкындап жатабыз. (Окугула: Жезекиел 28:26.)

^ 15-абз. Мисалы, пелиштиликтер Ысрайыл жеринде темир иштетүүгө тыюу салып коюшкан. Ысрайылдыктар айыл-чарба шаймандарын курчутуш үчүн пелиштиликтерге барууга аргасыз болушкан жана алардын кызматы үчүн бир нече күндүк эмгек акыны төлөшкөн (1 Шем. 13:19—22).

^ 18-абз. Биринчи курулган Тир шаары Кармел тоосунан түндүктү карай 50 чакырымдай алыс жерде, жээктен окчунураак аскалуу аралда курулган көрүнөт. Кийин шаар кеңейип, кургактыктагы бөлүгү тургузулган. Шаардын еврейче Сур деген аталышы «Аска» дегенди билдирет.

^ 22-абз. Ышая, Жеремия, Жоел, Амос жана Закарыя пайгамбарлардын Тирге каршы айткан пайгамбарлык сөздөрү да майда-чүйдөсүнө чейин аткарылган (Ыш. 23:1—8; Жер. 25:15, 22, 27; Жоел 3:4; Амос 1:10; Зак. 9:3, 4).