Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

16-БӨЛҮМ

«Маңдайына белги коюп чык»

«Маңдайына белги коюп чык»

ЖЕЗЕКИЕЛ 9:4

ӨЗӨК ОЙ: Жезекиелдин күндөрүндөгү Кудайга ишенимдүү кишилердин маңдайына куткарылышы үчүн белги коюлушу жана анын биздин күндөрдөгү мааниси

1—3. а) Жезекиел эмне үчүн нес болуп калат жана Иерусалимдин кыйратылышы жөнүндө эмнени билет? б) Кайсы суроолорду карап чыгабыз?

ЖЕЗЕКИЕЛ нес болуп турат! Ал жаңы эле аянында чындыктан четтеген жүйүттөрдүн Иерусалимдеги ибадатканада жийиркеничтүү иштерди кылып жатканын көрдү *. Кудайга каршы чыккан ал кишилер Ысрайылда таза сыйынуунун борбору болуп келген жердин дал өзүн арамдап отурушат. Бирок ибадаткана арамдалгандан тышкары, бүт Жүйүт жери зордук-зомбулукка толуп, эл оңолгус болуп калды. Өзү тандап алган элинин кылган иштери ага ушунчалык катуу тийгендиктен, Жахаба Жезекиелге: «Мен... каарым менен чара көрөм»,— деген (Жез. 8:17, 18).

2 Жахабанын Иерусалим менен андагы бир кезде ыйык тутулган ибадатканага каарын төгөрүн билгенде, Жезекиелдин сай сөөгү сыздай түшөт! Ал: «Шаардагы Кудайга ишенимдүү кишилер эмне болот? Алар аман калабы? Аман калса, кантип аман калат?» — деп ойлонсо керек. Ага суроолорунун жообун көпкө күткөнгө туура келген эмес. Иерусалимге катуу өкүм жарыяланары менен эле Жезекиел өкүмдү ишке ашыруучуларга бийик үн менен: «Жакын келгиле!» — деп айтылганын угат (Жез. 9:1). Аян андан ары уланып, пайгамбар кыйроо баш аламандык менен эмес, белгилүү бир тартипте жүргүзүлөрүн билгенде жеңилдей түшсө керек. Ооба, Кудайга берилгендер аман калмак!

3 Бул ыймансыз дүйнөнүн акырында жашап жаткандыктан биз да алдыдагы улуу алааматтан ким аман калат болду экен деп ойлонушубуз мүмкүн. Андыктан төмөнкү суроолорду карап чыгалы: 1) Жезекиел аянында андан ары эмнени көргөн? 2) Аян анын күндөрүндө кантип аткарылган? 3) Пайгамбарлык мааниге ээ ал аяндын биздин күндөргө кандай тиешеси бар?

«Шаарды жазалаганы чыккандар... жакын келсин»

4. Жезекиел аянында андан ары эмнелерди көргөнүн жана эмнелерди укканын айтып бергиле.

4 Жезекиел аянында андан ары эмнелерди көргөн жана эмнелерди уккан? (Окугула: Жезекиел 9:1—11.) «Түндүктү караган жогорку дарбаза жактан», кыязы, кызганыч бурканы турган жерге жакын жерден же аялдар Таммуз кудайын жоктоп ыйлап жаткан жерден жети киши келген (Жез. 8:3, 14). Алар ибадаткананын ички короосуна кирип, жез курмандык жайынын жанына барып токтошкон. Бирок алар ал жерге курмандык чалыш үчүн барышкан эмес. Ошол кезде Жахаба ибадатканада чалынган курмандыктарды кабыл албай калган. Алты кишинин ар биринин колунда «кыйратуучу курал» бар болчу. Ал эми жетинчи киши алардан кыйла айырмаланып турган. Зыгыр кийим кийген ал кишинин колунда курал жок болчу, анын белине «катчынын сыя кутусу» кыстарылган эле.

5, 6. Белги коюлган кишилер жөнүндө кандай тыянак чыгарсак болот? (Бөлүмдүн башындагы сүрөттү карагыла.)

5 Катчынын сыя кутусу бар киши эмне кылышы керек эле? Ага Жахаба өзү олуттуу тапшырма берип: «Иерусалим шаарын аралап, андагы бардык жийиркеничтүү иштерден улам үшкүрүнүп, онтоп жаткан кишилердин маңдайына белги коюп чык»,— деген. Ошондо Жезекиел тун уулдарынын аман каларын көрсөткөн белги катары эшигинин баш босогосуна жана кашектерине кан сыйпаган ишенимдүү ысрайылдык ата-энелерди эстесе керек (Чыг. 12:7, 22, 23). Жезекиелдин аянындагы сыя кутусу бар киши адамдардын маңдайына ошондой эле максатта белги койгонбу? Башкача айтканда, бул белгиленгендердин Иерусалим талкаланганда аман калышы керектигин билдиргенби?

6 Белгинин эмне үчүн коюлганын карап чыгуу бул суроого айкын жооп алганга жардам берет. Белги шаардагы бардык жийиркеничтүү иштерден улам «үшкүрүнүп, онтоп жаткан» кишилердин маңдайына коюлушу керек болчу. Анда белги коюлган ошол кишилер жөнүндө кандай тыянак чыгарсак болот? Алгач, алар ибадатканадагы бурканга табынуучулукка эле эмес, Иерусалимдин зордук-зомбулукка, жыныстык адеп-ахлаксыздыкка жана кыянат иштерге толуп кеткенине кайгырышкан (Жез. 22:9—12). Мындан тышкары, алар кайгырганын ачык эле көрсөтүшкөн сыяктанат. Жүрөгү таза андай адамдар сөздөрү, иштери менен Ысрайыл жеринде жасалып жаткан иштерден жийиркенерин жана таза сыйынууну берилгендик менен колдоорун көрсөтүшкөн. Жахаба аларга ырайым кылып, аман алып калмак.

7, 8. Колунда кыйратуучу куралы бар кишилер өз ишин кантип аткарышы керек эле жана андан ары эмне болгон?

7 Ал эми колунда кыйратуучу куралы бар алты киши өз ишин кантип аткарышы керек эле? Жезекиел Жахабанын аларга, сыя кутусу бар киши белги коюп бүткөндөн кийин, маңдайында белгиси барларга тийбей, башкасынын баарын өлтүрүшү керектигин айтканын уккан. Жахаба: «Менин ыйык жайыман баштагыла»,— деген (Жез. 9:6). Өкүмдү ишке ашыруучулар кыйратуу ишин Иерусалимдин чордонунан, Жахаба үчүн ыйык болбой калган ибадатканадан, башташы керек болгон. Биринчилерден болуп «үйдүн алдында турган карыялар» — ибадатканада жалган кудайларга жыпарзат түтөтүп жаткан ысрайылдык 70 аксакал — сулатылышы керек эле (Жез. 8:11, 12; 9:6).

8 Андан ары эмне болгон? Жезекиел андан ары көрүп-уккандай, сыя кутусу бар киши Жахабага: «Мен бардыгын сен буйругандай кылдым»,— деген (Жез. 9:11). Ошондон улам: «Иерусалимдин эли эмне болгон? Кыйроодон аман калган ишенимдүү адамдар болгонбу?» — деген суроо туулат.

Аян Жезекиелдин күндөрүндө кантип аткарылган?

9, 10. Иерусалим кыйратылганда аман калган ишенимдүү кишилердин айрымдары кимдер жана алар жөнүндө кандай тыянак чыгарсак болот?

9 Окугула: 2 Жылнаама 36:17—20. Жезекиелдин пайгамбарлык сөзү б.з.ч. 607-жылы бабылдыктардын аскери Иерусалимди жана андагы ибадаткананы талкалаганда аткарылган. Жахаба бабылдыктарды «колундагы... чөйчөк» сымал колдонуп, ишенимсиз Иерусалимди жазалап, каарына толгон «шарабын ичирген» (Жер. 51:7). Ошондо баары кыдырата өлтүрүлдү беле? Жок. Жезекиелдин аянында бабылдыктар айрымдарды аман калтырары алдын ала айтылган (Башт. 18:22—33; 2 Пет. 2:9).

10 Кудайга ишенимдүү бир нече киши, анын ичинде Рехаптын уулдары, эфиопиялык Эбетмелек, Жеремия пайгамбар жана анын катчысы Барух аман калган (Жер. 35:1—19; 39:15—18; 45:1—5). Жезекиелдин аянынан ушул сыяктуу кишилер Иерусалимдеги «бардык жийиркеничтүү иштерден улам үшкүрүнүп, онтоп жаткандар» болсо керек деп тыянак чыгарсак болот (Жез. 9:4). Кыйроого чейин алардын жан дүйнөсү ыймансыздыктан алыс болгону жана таза сыйынууну берилгендик менен колдогону күмөнсүз. Алар ушунун аркасында аман калган.

11. Кыйратуучу куралы бар алты киши менен катчынын сыя кутусу бар киши кимдерди билдирген?

11 Кудайга берилген ошол кишилерге сөздүн түз маанисинде белги коюлганбы? Эч кимдин — Жезекиелдин же башка пайгамбардын — Иерусалимди аралап, ишенимдүү кишилердин маңдайына кадимки белги коюп чыкканы жөнүндө эч нерсе айтылбайт. Сыягы, Жезекиелдин пайгамбарлык мааниси бар аянында асман чөйрөсүндө болгон жана ошол себептен адамдарга көрүнбөгөн нерсе ачылып берилген. Аяндагы катчынын сыя кутусу бар киши жана кыйратуучу куралы бар алты киши Жахабанын эркин аткарууга дайым даяр турган ишенимдүү рухтарды билдирген (Заб. 103:20, 21). Жахаба ишенимсиз Иерусалимге чыгарган өкүмүн ишке ашырыш үчүн периштелерин колдонгону шексиз. Аман кала тургандардын маңдайына белги коюлганы, баары тегиз кырылып калбашы үчүн, периштелердин ал өкүмдүн аткарылышын көзөмөлдөгөнүнөн кабар берет.

Аяндын биздин күндөргө кандай тиешеси бар?

12, 13. а) Жахаба Иерусалимге эмне үчүн каарын төккөн жана биздин күндөрдө да ошондой кылат деп эмне үчүн күтүшүбүз керек? б) Ишенимсиз Иерусалим христиан дүйнөсүнүн прообразыбы? Түшүндүргүлө. («Иерусалим христиан дүйнөсүнүн прообразыбы?» деген кутучаны карагыла.)

12 Жакында Кудайдын өкүмүнүн болуп көрбөгөндөй ишке ашышына — «дүйнөнүн башталышынан бери болбогон жана кийин да болбой турган улуу алааматка» — күбө болобуз (Мт. 24:21). Кайталангыс ал окуяны күтүп жаткандарда мындай маанилүү суроолор туулат: Алдыда боло турган кыйроодо баары тегиз кырылып калабы же аман калгандар болобу? Жахабага таза сыйынгандар куткарылышы үчүн, аларга кандайдыр бир белги коюлабы? Башкача айтканда, Жезекиелдин сыя кутусу бар киши жөнүндөгү аяны биздин күндөрдө да аткарылабы? Ушул суроолордун баарына «ооба» деп жооп берсе болот. Эмне үчүн ушундай жыйынтык чыгарсак болот? Жооп алыш үчүн, келгиле, Жезекиелдин аянына кайрадан кайрылалы.

13 Жахабанын байыркы Иерусалимге эмне үчүн каарын төккөнү эсиңердеби? Жезекиел 9:8, 9га кайра көңүл бурсаңар. (Аяттарды окугула.) Жезекиел келе жаткан кыйроодо «Ысрайылдын калдыгы... бүтүндөй кырылып» калабы деп корккондо, Жахаба аларга кайсы төрт себептен улам өкүм чыгарылганын айткан. Биринчиден, элдин «кылмышы оор, өтө оор» болгон *. Экинчиден, Жүйүт жери «канга... толгон». Үчүнчүдөн, Жүйүт падышалыгынын борбор калаасы Иерусалим «арамзалыкка толгон». Төртүнчүдөн, эл ыймансыз жолго түшүп, «Жахаба... көрбөйт», ага баары бир деп актанган. Аяттагы сөздөр адеп-ахлактык жактан бузулган, зордук-зомбулукчул, арамзалыкка толгон жана ишенимсиз азыркы дүйнөгө коюлган айыпка окшошуп жаткан жокпу? Ооба, Жахаба «өзгөрө бербеген Кудай» болгондуктан, анын адилеттүү түрдө каарданышына Жезекиелдин күндөрүндө эмне себеп болсо, бүгүнкү күндө деле ошол нерселер себеп болот (Жкп. 1:17; Мал. 3:6). Андыктан Жахаба жараткан асмандагы рухтарды билдирген кыйратуучу куралы бар алты киши менен сыя кутусу бар кишинин биздин күндөрдө да иш-аракет кыларына шек жок!

Кыйратуучу куралы бар алты киши жакында аларга тапшырылган ишти аткарат (12, 13-абзацтарды карагыла)

14, 15. Жахаба кыйратып жок кыларын элге күн мурун эскертерин кайсы мисалдар көрсөтүп турат?

14 Анда Жезекиелдин пайгамбарлык мааниге ээ аяны биздин күндөрдө кантип аткарылууда? Ал аяндын байыркы убакта кантип аткарылганын билсек, учурда жана келечекте эмнелерди күтүшүбүз керектигин билебиз. Эмесе, Жезекиелдин пайгамбарлыгындагы аткарылып жаткан жана аткарыла турган нерселердин айрымдарына токтололу.

15 Жахаба кыйратып жок кыларын элге күн мурун эскертет. Ушул китептин 11-бөлүмүнөн билгенибиздей, Жахаба Жезекиелди «Ысрайыл үйүнө күзөтчү кылып койгон» (Жез. 3:17—19). Б.з.ч. 613-жылдан баштап Жезекиел Ысрайылга кыйратыла турган күндөрү жакындап келатканын ачык-айкын эскерткен. Иерусалимдин башына алаамат түшөрүн башка пайгамбарлар да, анын ичинде Ышая менен Жеремия да эскерткен (Ыш. 39:6, 7; Жер. 25:8, 9, 11). Биздин күндөрдө Жахаба Машаяк аркылуу майланган кызматчыларынан турган чакан топту колдонуп таза сыйынуучуларын — «үйүндөгүлөрүн» — азыктандыргандан тышкары, башкаларга да улуу алааматтын тездик менен жакындап келатканын эскертүүдө (Мт. 24:45).

16. Куткарыла тургандарга белгини Жахабанын эли катары биз коёбузбу? Түшүндүргүлө.

16 Аман кала тургандарга белгини Жахабанын эли койбойт. Жезекиелге Иерусалимди кыдырып, аман кала тургандарга белги коюп чыгышы керектиги айтылбаганын эстесеңер. Ошол сыяктуу эле, Жахабанын бүгүнкү күндөгү элине куткарылууга татыктууларга белги коюу иши тапшырылган эмес. Бизге «үйүндөгүлөрү» катары кабар айтуу иши тапшырылган. Биз бул тапшырмага олуттуу караарыбызды Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды ынталуу жарыялаганыбыз менен жана азыркы ыймансыз дүйнөнүн акыры өтө тездик менен жакындап келатканын жигердүү эскерткенибиз менен көрсөтөбүз (Мт. 24:14; 28:18—20). Ушундайча жүрөгү таза адамдарга таза сыйынууну кабыл алганга жардам беребиз (1 Тим. 4:16).

17. Келечекте белги коюла тургандардын арасында болуш үчүн адамдар азыртадан эле эмне кылышы керек?

17 Алдыда боло турган кыйроодон аман калыш үчүн адамдар ишенимин азыртадан көрсөтүшү керек. Мурунураак билгенибиздей, б.з.ч. 607-жылы Иерусалим кыйратылганда аман калгандар жан дүйнөсү ыймансыздыктан алыс экенин жана таза сыйынууну берилгендик менен колдоорун ага чейин эле көрсөтүшкөн. Бүгүн деле ошондой. Баары кыйратыла турган күн келгенге чейин адамдар бул дүйнөдөгү ыймансыздыктан улам «үшкүрүнүп, онтошу», башкача айтканда, жүрөгүндө терең кайгырышы керек. Алар андай сезимдерин жашырбай, таза сыйынууну берилгендик менен колдоорун сөздөрү жана иштери менен көрсөтүүгө тийиш. Муну кантип көрсөтө алышат? Алар учурда айтылып жаткан кабарга кулак кагышы, Машаякка мүнөздүү сапаттарды чагылдыра башташы, өмүрүн Жахабага арнаганынын белгиси катары чөмүлүшү жана Машаяктын бир туугандарын берилгендик менен колдошу керек (Жез. 9:4; Мт. 25:34—40; Эф. 4:22—24; 1 Пет. 3:21). Куткарылуу үчүн белги ушул кадамдарды азыртадан эле жасап, улуу алаамат башталганга чейин эле таза сыйынууну колдоп-жактап жүргөндөргө гана коюлат.

18. а) Кудайга берилгендерге Иса кантип жана качан белги коёт? б) Ишенимдүү майлангандарга белги коюунун зарылдыгы барбы? Түшүндүргүлө.

18 Кудайга берилгендерге белгини Иса Машаяк коёт. Жезекиелдин күндөрүндө куткарыла турган ишенимдүүлөргө белги койгонго периштелер катышкан. Аяндын биздин күндөрдөгү аткарылышында катчынын сыя кутусу бар киши бардык улуттарды соттой турган Сот катары «өзүнүн даңкы менен» келе турган Иса Машаякты билдирет (Мт. 25:31—33). Исанын ошол келиши улуу алааматтын учурунда, жалган дин жок кылынгандан кийин болот *. Ошол кыйын кезеңде — Армагедондун так алдында — Иса Сот катары элдерди койлор менен эчкилерге бөлөт. «Эбегейсиз көп адамдар» койлор деп табылат, тагыраак айтканда, аларга белги коюлат. Бул алардын «түбөлүк өмүргө ээ болорун» билдирет (Аян 7:9—14; Мт. 25:34—40, 46). Ал эми ишенимдүү майлангандар жөнүндө эмне дешке болот? Армагедондон аман өтүш үчүн аларга белги коюунун зарылдыгы болбойт. Аларга акыркы мөөр же алар көз жумганга чейин, же улуу алаамат башталганга чейин басылат. Андан соң жерде жүргөндөрү Армагедон башталар алдындагы кайсы бир убакыт аралыгында асманга көтөрүлүшөт (Аян 7:1—3).

19. Бул дүйнөгө чыгарылган өкүмдү Иса кимдердин коштоосунда ишке ашырат? («Үшкүрүнүп, онтоо, белги коюу, кыруу. Качан жана кантип?» деген кутучаны карагыла.)

19 Асман Падышасы Иса Машаяк жана анын асман аскери бул дүйнө түзүлүшүнө чыгарылган өкүмдү ишке ашырат. Жезекиелдин аянында кыйратуучу куралы бар алты киши зыгыр кийимчен киши белги коюп бүткөнгө чейин кыйратуу ишин баштаган эмес (Жез. 9:4—7). Ошо сыяктуу, келечекте боло турган кыйроо да Иса бардык элдерди соттоп, койлорго куткаруу белгисин коюп бүткөндөн кийин башталат. Андан соң Армагедон согушунун маалында өкүмдү ишке ашыра турган ыйык периштелерден жана 144 000 кошо башкаруучудан турган асман күчтөрүн жетектеген Иса бул ыймансыз дүйнөгө каршы аттанып, аны жок кылат да, Жахабага таза сыйынгандарды адилдик өкүм сүргөн жаңы дүйнөгө аман алып өтөт (Аян 16:14—16; 19:11—21).

20. Жезекиелдин катчынын сыя кутусу бар киши жөнүндөгү аянынан ишенимди бекемдээрлик кандай ойлорду билдик?

20 Жезекиелдин аянындагы катчынын сыя кутусу бар киши жөнүндө жазылгандардан ишенимди бекемдээрлик ойлорду билгенибиз үчүн кандай гана ыраазыбыз! Биз Жахабанын адилдерди ыймансыздар менен чогуу жок кылбай турганына толук ишенсек болорун билдик (Заб. 97:10). Ошондой эле келечекте куткарылуу үчүн белгилениш үчүн азыртадан эле эмне кылышты билебиз. Жахабанын кызматчылары катары Шайтандын дүйнөсүндөгү ыймансыздыктан улам үшкүрүнүп, онтоп жаткандарга жакшы кабарды жарыялоо ишине колубуздан келишинче толук кандуу катышканга жана баарына дүйнөнүн акырына аз калганын эскерте бергенге чечкиндүүбүз. Анткени ошонун аркасында «түбөлүк өмүргө карата туура көз карашта болгондорго» биз менен чогуу Жахабага таза сыйынууга жардам берүү сыймыгына ээ болуп, анын адил жаңы дүйнөсүнө аман өтө тургандар катары белгиленебиз (Элч. 13:48).

^ 1-абз. Ибадатканада кылынып жаткан жийиркеничтүү иштер жөнүндөгү Жезекиел көргөн аян ушул китептин 5-бөлүмүндө каралган.

^ 13-абз. Бир эмгекке ылайык, «кылмыш» деп которулган еврей тилиндеги зат атооч «бузулгандык» деген маанини да туюнтат. Башка эмгекте болсо анын «дээрлик дайыма Кудайдын алдында адеп-ахлаксыздык деп эсептелген күнөөгө же мыйзамсыздыкка карата колдонулган диний мааниге гана ээ» зат атооч экени айтылган.

^ 18-абз. Кыязы, Улуу Бабылдын кыйратылышы жалган динди туткандардын баарынын өлөрүн билдирбейт. Ошол маалда атүгүл айрым дин кызматчылар да жалган динди ташташы жана эч качан анын мүчөсү болбогонун айтышы мүмкүн (Зак. 13:3—6).