Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

21-БӨЛҮМ

«Шаар... „Жахаба ошол жерде“ деп аталып калат»

«Шаар... „Жахаба ошол жерде“ деп аталып калат»

ЖЕЗЕКИЕЛ 48:35

ӨЗӨК ОЙ: Шаардын жана тартуунун мааниси

1, 2. а) Жердин бир бөлүгү кандай өзгөчө максат үчүн бөлүнүп коюлган? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.) б) Аян туткундарды эмнеге ынандырган?

АКЫРКЫ аянында Жезекиел өзгөчө максат үчүн бөлүнүп коюлган жердин тилкеси жөнүндө маалымат алат. Бөлүнүп коюлган жердин ал бөлүгү Ысрайыл урууларына мурас катары эмес, Жахабага тартуу катары берилген. Жезекиел аталышы бүйүрдү кызыткан укмуштуудай шаар жөнүндө да билет. Аяндын бул бөлүгү туткундарды эң маанилүү нерсеге — сүйүктүү мекенине кайтып келишкенде Жахаба алар менен болоруна — ынандырат.

2 Жезекиел ошол тартууну майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөп жазган. Эмесе, Жахабанын чыныгы кызматчылары катары биз үчүн зор мааниге ээ бул билдирүүнү изилдеп чыгалы.

«Ыйык тартуу менен шаар»

3. Жахаба кайсы беш аймакты бөлүп койгон жана алар кандай максатта колдонулган? («Силер бере турган тартуу» деген кутучаны карагыла.)

3 Бөлүнүп коюлган тилкеде (кутуча 21А, А) түндүктөн түштүктү карай 25 000 чыканакка (13км) жана чыгыштан батышты карай 25 000 чыканакка созулган бөлүк (Б) болгон. Жердин төрт чарчы келген бул бөлүгү «бардык тартуу» деп аталган. Ал туурасынан үч бөлүккө бөлүнгөн. Жогорку бөлүгү лебилерге, ал эми ортоңку бөлүгү ибадаткана менен дин кызматчыларга таандык болгон. Ошол эки бөлүк биригип «ыйык тартууну» (Г) түзгөн. Төмөнкү кичирээк бөлүгү болсо, же «калган жер» (Д), «жалпы пайдаланууга» бөлүнгөн жер болгон. Ал шаар үчүн бөлүнгөн (Жез. 48:15, 20).

4. Жахабага берилген тартуу жөнүндөгү бул билдирүүдөн эмнени биле алабыз?

4 Жахабага берилген тартуу жөнүндөгү бул билдирүүдөн эмнени билебиз? Жахабанын алгач ушул өзгөчө тартуу үчүн, андан соң уруулар үчүн жер бөлгөнүнөн жердин бул рухий борборуна баарынан чоң маани берилиши керектигин билүүгө болот (Жез. 45:1). Жердин маанилүүлүгүнө жараша бөлүнгөнүнөн туткундар көп нерсени билгени шексиз. Алар Жахабага сыйынууну жашоосунда эң негизги орунга коюшу керек болгон. Ошол сыңары, биз бүгүн Кудайдын Сөзүн окуу, жыйналышка баруу, кабар айтуу ишине катышуу сыяктуу рухий иштерди абдан маанилүү деп эсептейбиз. Жахабадан үлгү алып, күнүмдүк турмушта бардык иштерди маанилүүлүгүнө жараша туура «бөлүштүрсөк», ага сыйынууну жашообуздун борборунда сактап кала алабыз.

Шаар «анын ортосунда болот»

5, 6. а) Шаар кимге таандык болгон? б) Шаар эмнени билдирген эмес жана эмне үчүн?

5 Окугула: Жезекиел 48:15. «Шаар» жана анын тегерегиндеги жер кандай мааниге ээ болгон? (Жез. 48:16—18). Аянда Жахаба Жезекиелге «шаардын үлүшүнүн» «бүт Ысрайыл үйүнө таандык болорун» айткан (Жез. 45:6, 7). Демек, ал шаар жана анын тегерегиндеги жер «Жахабага берилиши» керек болгон «ыйык тартууга» таандык болгон эмес (Жез. 48:9). Ушул айырмачылыкты эсибизде сактап, шаар менен ага байланышкан нерселерден эмнелерди биле аларыбызга токтололу.

6 Адегенде ал шаар эмнени билдирбей турганын аныктап алышыбыз керек. Ал шаар ибадатканасы бар кайра курулган Иерусалимди билдириши мүмкүн эмес. Эмне үчүн? Анткени Жезекиел көргөн аяндагы шаардын ичинде ибадаткана жок болчу. Ошондой эле ал шаар калыбына келтирилген Ысрайыл жериндеги кайсы бир башка шаарды да билдирген эмес. Эмне үчүн? Анткени туткундан кайтып келгендер да, алардын урпактары да аянда сүрөттөлгөндөй өзгөчөлүктөрү бар шаарды эч качан курушкан эмес. Мындан тышкары, ал шаар асмандагы шаарды да билдириши мүмкүн эмес. Эмне үчүн? Анткени ал «ыйык эмес» максатта пайдалануу үчүн бөлүнгөн жерге курулган. Ал жер сыйынууга арналган жерден айырмаланып турган (Жез. 42:20).

7. Жезекиел эмне болгон шаарды көргөн жана ал, кыязы, эмнени билдирет? (Бөлүмдүн башындагы сүрөттү карагыла.)

7 Анда Жезекиел эмне болгон шаарды көргөн? Анын ал шаарды жер жөнүндөгү аянында көргөнүн эстесек (Жез. 40:2; 45:1, 6). Кудайдын Сөзүнөн ал жердин рухий жер болгонун билебиз. Демек, ал шаар да рухий шаар болушу керек. Негизи, «шаар» деген сөздүн колдонулганы эмнени көрсөтүп турат? Бул сөз бир жерде чогуу жашаган адамдардан турган уюшулган түзүлүшкө карата колдонулат. Демек, Жезекиел көргөн тартип өкүм сүргөн, төрт тарабы бипбирдей төрт чарчы шаар, кыязы, мыкты уюшулган башкаруу түзүлүшүн билдирет.

8. Бул башкаруу түзүлүшү каяктан жана кимге бийлик жүргүзөт жана эмне үчүн ушинтип айтууга болот?

8 Бул башкаруу түзүлүшү каяктан жана кимге бийлик жүргүзөт? Жезекиелдин аянынан ал шаардын рухий жердин аймагында иш жүргүзөрүн билүүгө болот. Демек, ал башкаруу түзүлүшү Кудайдын элинин иш-чараларын жетектеп, рухий бейиштин аймагында иш алып барат. Ал эми шаардын жалпы пайдалануу үчүн бөлүнгөн, же ыйык эмес, жерде турганы эмнени көрсөтүп турат? Бул анын асмандагы эмес, жердеги башкаруу түзүлүшү экенин эсибизге салат. Ал түзүлүш рухий бейиште жашагандардын баарынын пайдасын көздөп иш алып барат.

9. а) Учурда жердеги башкаруу түзүлүшү кимдерден турат? б) Иса Миң жылдык Падышалыктын тушунда эмне кылат?

9 Жердеги башкаруу түзүлүшү кимдерден турат? Аянда шаардын өкмөтүндө жетекчиликти «төрө» колго алары айтылган (Жез. 45:7). Ал элдин арасында көзөмөлчү болгон, бирок дин кызматчы да, леби да болгон эмес. Төрө жөнүндө ой жүгүрткөндө оюбузга, айрыкча, бүгүнкү күндөгү жыйналыштардагы ыйык рух менен майланбаган көзөмөлчүлөр келет. «Башка койлордон» болгон ал камкор рухий койчулар — Машаяктын асмандагы өкмөтүнүн жердеги момун кызматчылары (Жкн. 10:16). Жакында боло турган Миң жылдык Падышалыктын тушунда Иса бүт «жер жүзү» боюнча ылайыктуу аксакалдарды — төрөлөрдү — тандап, дайындайт (Заб. 45:16). Асман Падышалыгынын жетеги астында алар Миң жылдык башкаруунун учурунда Кудайдын элинин жыргалчылыгына кам көрүшөт.

«Жахаба ошол жерде»

10. Шаар эмне деп аталат жана анын аталышы эмнеге ынандырат?

10 Окугула: Жезекиел 48:35. Шаар «Жахаба ошол жерде» деп аталат. Анын ушинтип аталганы Жахабанын ошол жерде экени сезилип турарына ынандырат. Жезекиелге калыбына келтирилген жердин борборундагы ушул шаарды көрсөткөндө Жахаба туткундарга: «Мен кайрадан силер менен болом!» — дегендей эле болгон. Дем-күч берерлик мындан өткөн ынандыруу болбос!

11. Жезекиелдин шаар менен анын зор мааниге ээ аталышы жөнүндөгү аянынан эмнелерди билүүгө болот?

11 Жезекиелдин пайгамбарлык сөзүнүн ушул бөлүгүнөн эмнени билүүгө болот? Шаар сымал башкаруу түзүлүшүнүн аталышы бизди Жахабанын азыр ишенимдүү кызматчыларынын арасында экенине жана дайыма алар менен болоруна ынандырат. Зор мааниге ээ бул аталыш маанилүү бир чындыкты баса белгилеп турат: ал шаардын түзүлгөнүнүн максаты — кайсы бир адамдарга бийлик берүү эмес, Жахабанын сүйүүсү жана акылмандыгы чагылдырылган чараларын ишке ашыруу. Маселен, Жахаба ал башкаруу түзүлүшүнө жерди адамдык көз караш боюнча бөлүүгө бийлик берген эмес. Анын ордуна, Жахаба башкаруучулардан кызматчыларынын ар бирине, анын ичинде «бей-бечараларга» да өзү берген үлүштөрдү — рухий жердеги «орундарды» — сыйлашын күтөт (Накыл 19:17; Жез. 46:18; 48:29).

12. а) Бул шаардын маанилүү өзгөчөлүгү кайсы жана ал эмнени көрсөтүп турат? б) Бул өзгөчөлүк Машаяктын жолун жолдогон көзөмөлчүлөргө кайсы маанилүү нерсени эскертип турат?

12 «Жахаба ошол жерде» деп аталган шаардын дагы кандай маанилүү өзгөчөлүгү бар? Байыркы учурдагы шаарларды курчап турган дубалдарда дарбазалар мүмкүн болушунча аз болчу. Ал эми бул шаардын 12 дарбазасы бар! (Жез. 48:30—34). Дарбазалардын көп болгону (төрт чарчы шаардын ар бир тарабында үчтөн) ал шаардын башкаруучуларына Кудайдын кызматчыларынын баары оңой кайрыла аларын жана алардын угууга дайыма даяр экенин көрсөтүп турат. Ошондой эле шаардын 12 дарбазасы болгону анын ар бир адамга — «бүт Ысрайыл үйүнө» — ачык экенин баса белгилеп турат (Жез. 45:6). Шаардын дарбазаларынын ачык болгону Исаны жолдогон көзөмөлчүлөр үчүн маанилүү эскертүү болуп эсептелет. Жахаба ал көзөмөлчүлөрдүн рухий бейиште жашагандардын баары аларга оңой кайрыла алгыдай болушун жана угууга дайыма даяр болушун каалайт.

Машаяктын жолун жолдогон көзөмөлчүлөр башкаларды угууга дайым даяр жана башкалар аларга оңой кайрыла алышат (12-абзацты карагыла)

«Таазим кылыш үчүн» шаарга келген эл шаарды колдоодо

13. Жахаба эл аткара турган кандай кызматтар жөнүндө сөз кылган?

13 Жезекиел жашаган мезгилге кайрылып, жерди бөлүштүрүү жөнүндөгү майда-чүйдөсүнө чейин жазылган аянда дагы эмнелер айтылганына көңүл буралы. Аянда Жахаба кызматтын ар кандай түрүн аткарып жаткан эл жөнүндө сөз кылган. Дин кызматчылар — «ыйык жайда кызмат кылгандар» — Жахабага кызмат кылыш үчүн курмандыктарды чалып, ага жакындашы керек болгон. Лебилер — «үйдүн [ибадаткананын] кызматчылары» — «андагы кызмат менен иштердин баарын аткарышы» керек болгон (Жез. 44:14—16; 45:4, 5). Андан тышкары, шаардын жанында жумушчулар күжүрмөн эмгектенишмек. Алар кимдер?

14. Шаардын жанындагы жумушчулар эмнени эсибизге салат?

14 Шаардын жанындагы жумушчулар — «Ысрайылдын бардык урууларынан чыккандар». Алардын максаты — шаарга колдоо көрсөтүү. Алардын жумушу — «шаарда кызмат кылгандарга» керектүү азык өстүрүү (Жез. 48:18, 19). Бул чара бизге учурда колубузда бар мүмкүнчүлүктү эске салып турган жокпу? Ооба. Бүгүн рухий бейиштин бардык тургундарында Машаяктын майланган бир туугандарынын жана «эбегейсиз көп адамдардын» арасынан Жахаба жетекчилик кылууга дайындагандардын кызматын колдоого жакшы мүмкүнчүлүк бар (Аян 7:9, 10). Муну кылуунун негизги жолу — ишенимдүү кул берген жетекчиликке даярдуулук менен баш ийүү.

15, 16. а) Жезекиелдин аянынан дагы эмнени билсек болот? б) Аянда көрсөтүлгөндөгүгө окшогон кайсы ишке салым кошууга мүмкүнчүлүгүбүз бар?

15 Жезекиелдин аянында кызматыбызга байланышкан биз үйрөнчү дагы бир нерсе камтылган. Ал эмне? Жахаба леби уруусунан болбогон 12 уруунун мүчөлөрү эки жерде — ибадаткананын короосунда жана шаардын жайытында — күжүрмөн эмгектенишерин айткан. Алар ушул эки жердин ар биринде эмне иш кылышат? Ибадаткананын короосунда бардык уруулар Жахабага «таазим кылыш үчүн» курмандыктарды тартуу кылышат (Жез. 46:9, 24). Шаардын жайытында болсо бардык уруулардын мүчөлөрү шаарга колдоо көрсөтүш үчүн анын жерин иштетишет. Биз ал жумушчулардан эмнени үйрөнсөк болот?

16 Учурда эбегейсиз көп адамдарда Жезекиелдин аянында көрсөтүлгөндөргө окшогон иштерге салым кошуу мүмкүнчүлүгү бар. Алар Жахабага даңктоо курмандыктарын алып келип, «анын ибадатканасында» сыйынууда (Аян 7:9—15). Алар кандай даңктоо курмандыктарын алып келип жатышат? Мисалы, кабар айтуу ишине катышышат, жыйналышта Кудайга ишенерин айгинелеп аны даңктап ырдашат, талкууга катышышат. Жахабага ушундайча сыйынып жатышканын өздөрүнүн эң негизги жоопкерчилиги деп эсептешет (1 Жылн. 16:29). Мындан тышкары, Кудайдын элинин арасында көптөр анын уюмун көптөгөн башка жолдор менен колдой алышат. Алсак, алар Падышалык залдары менен филиалдардын имараттарын курууга, тейлөөгө, Жахабанын уюму жетектеген көптөгөн башка долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүп жатышат. Башкалары ушул долбоорлорду акчалай тартуулары менен колдоодо. Алар, мындайча айтканда, ушундай жер иштетүү иштеринин баарын «Кудайды даңкташ үчүн» кылышат (1 Кор. 10:31). Алар өз ишин кубанып ынталуу аткарышат, анткени Жахабага «ушундай курмандыктар... жагарын» билишет (Евр. 13:16). Силер ушундай мүмкүнчүлүктөрдөн толук пайдаланып жатасыңарбы?

Жезекиелдин шаарда жана анын тегерегинде жасалган иштер жөнүндө жазгандарынан эмнелерди билүүгө болот? (14—16-абзацтарды карагыла)

«Биз... жаңы асман менен жаңы жерди күтүп жатабыз»

17. а) Жезекиелдин тартуу жөнүндөгү аяны келечекте чоңураак масштабда кантип аткарылат? б) Миң жылдык Падышалыктын тушунда шаар сымал башкаруу түзүлүшүнүн пайдасын кимдер көрөт?

17 Жезекиелдин тартуу жөнүндөгү аяны келечекте чоңураак масштабда аткарылабы? Ооба! Ойлонуп көрсөңөр, Жезекиел жердин «ыйык тартуу» деп аталган бөлүгү ал жердин борборунда жайгашканын көргөн (Жез. 48:10). Бул бизди Армагедондон кийин, жердин кайсы жагында жашабайлы, Жахабанын биз менен болоруна ынандырат (Аян 21:3). Миң жылдык Падышалыктын тушунда шаар сымал башкаруу түзүлүшү — Кудайдын элинин кызыкчылыктарына кам көрүү үчүн дайындала турган жер бетиндегилер — «жаңы... жерди», жаңы адамзат коомун, түзгөндөрдүн баарына сүйүүгө негизделген жетекчилик менен көрсөтмөлөрдү берип, ал түзүлүштүн бийлигин бүтүндөй жер жүзүнө жайылтышат (2 Пет. 3:13).

18. а) Шаар сымал башкаруу түзүлүшү Кудайдын башкаруусу менен шайкештикте болоруна эмне үчүн шектенбесек болот? б) Шаардын аталышы бизди эмнеге ынандырат?

18 Шаар сымал башкаруу түзүлүшү Кудайдын башкаруусу менен толук шайкештикте болоруна эмне үчүн шектенбесек болот? Анткени Кудайдын Сөзүнөн 12 дарбазасы бар жер бетиндеги шаардын 12 дарбазасы бар асмандагы шаарга, Машаяктын 144 000 кошо башкаруучусунан турган Жаңы Иерусалимге, абдан окшош экенин айкын көрүүгө болот (Аян 21:2, 12, 21—27). Мындан жердеги башкаруу түзүлүшү Кудайдын асмандагы Падышалыгы чыгарган чечимдердин баарын чагылдырарын, аларды кылдаттык менен ишке ашырарын биле алабыз. Ооба, шаардын «Жахаба ошол жерде» деп аталганы ар бирибизди таза сыйынуунун сакталарына, Бейиште түбөлүккө өркүндөй берерине ынандырат. Бизди кандай гана сонун келечек күтүп турат!