Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУТУЧА (1А)

Сыйынуу деген эмне?

Сыйынуу деген эмне?

«Сыйынуу» деген сөзгө «кудайга урмат-сый жана сүйүү көрсөтүш үчүн кылынган иш-аракет» деген аныктама берсе болот. Ыйык Китепте «сыйынуу» деп берилген түп нускадагы сөздөр кимдир бирөөнүн жаратылган нерселерге терең урмат-сый көрсөтүшүн, тактап айтканда, аларга баш ийишин билдириши мүмкүн (Мт. 28:9). Ал сөздөр менен Кудайга же кудай катары тутулгандарга карата кылынган диний иш-аракеттерди да сүрөттөсө болот (Жкн. 4:23, 24). Ал сөздөрдүн маанисин контекстке жараша түшүнүүгө болот.

Толук берилгендик көрсөтүшүбүзгө Жаратканыбыз жана Ааламдын Эгедери Жахаба гана татыктуу (Аян 4:10, 11). Биз ага анын эгедерлигине урмат көрсөтүп, ысымын ыйык тутуп сыйынабыз (Заб. 86:9; Мт. 6:9, 10). Жезекиел китебинде ушул эки нерсе — Жахабанын эгедерлиги жана ысымы — өзгөчө баса белгиленет. «Эгедер Теңир Жахаба» деген сөз айкашы Жезекиел китебинин өзүндө эле 200дөн ашуун жолу, ал эми «Жахаба экенимди билесиңер» деген сөздөр 50дөн ашуун жолу кездешет (Жез. 2:4; 6:7).

Биздин сыйынуубуз сезимдер менен гана чектелбейт; чыныгы сыйынуу өз ичине иш-аракетти камтыйт (Жкп. 2:26). Өмүрүбүздү Жахабага арнаганда ага Эгедерибиз катары жашообуздун бардык тармагында баш иебиз, анын ысымына терең урмат көрсөтөбүз деп ант беребиз. Шайтан үчүнчү жолу азгырганда Исанын сыйынууну «ыйык кызмат» менен байланыштырганын эстесеңер (Мт. 4:10). Жахабага сыйынгандар катары биз ага кызмат кылууга ынтызарбыз * (Мыйз. 10:12). Сыйынуубуз менен түздөн-түз байланышы бар, жан аябастыкты талап кылган иштерди кылганда Кудайыбызга ыйык кызмат кылган болобуз. Аларга кайсылар кирет?

Ыйык кызматтын көп түрү бар; Жахаба алардын баарын жогору баалайт. Башкаларга кабар айтканда, Падышалык залындагы жолугушууларга барганда, сыйынуу жайларыбызга кам көргөндө, аларды курууга катышканда ыйык кызмат аткарган болобуз. Үй-бүлө менен сыйынууга катышканда, муктаж болгон ишенимдештерибизге жардам берүү ишин колдогондо, жыйындарда өз ыктыярыбыз менен кызмат кылганда же Бейтелде кызмат кылганда да ыйык кызмат аткарган болобуз (Евр. 13:16; Жкп. 1:27). Таза сыйынуу акылыбызда жана жүрөгүбүздө эң негизги орунда турса, Жахабага «күнү-түнү ыйык кызмат кыла» беребиз. Ооба, Жахаба Кудайыбызга сыйынуу бизге зор кубаныч тартуулайт (Аян 7:15).

^ 5-абз. Сыйынуу деген ойду берген еврей тилиндеги сөздөрдүн бири «кызмат кылуу» дегенди да билдирет. Демек, сыйынуу өз ичине кызматты да камтыйт.