Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУТУЧА (1Б)

Жезекиел китебине сереп салуу

Жезекиел китебине сереп салуу

Жалпысынан Жезекиел китебин төмөнкүдөй кылып бөлсө болот:

1—3-БӨЛҮМДӨР

Б.з.ч. 613-жылы, Бабылда туткунда жүргөн жүйүттөрдүн арасында жашап жатканда, Жезекиел пайгамбар Жахабадан аян алган жана Жахабанын сөзүн Кебар дарыясынын жанында жашаган жүйүттөргө айтууга дайындалган.

4—24-БӨЛҮМДӨР

Б.з.ч. 613-жылдан 609-жылга чейин Жезекиел, негизинен, Иерусалимге жана анын бурканга табынган, баш ийбес элине чыгарылган сот өкүмү камтылган пайгамбарлык сөздөрдү жарыялаган.

25—32-БӨЛҮМДӨР

Ал эми бабылдыктар Иерусалимди акыркы жолу курчап алганда, б.з.ч. 609-жылдан тартып, Ысрайылдын тегерегиндеги Амон, Эдом, Мисир, Маап, Пелишти, Сидон, Тир жерлеринин элине каршы сот өкүмүн жарыялай баштаган.

33—48-БӨЛҮМДӨР

Б.з.ч. 606-жылдан баштап, жүздөгөн чакырым алыстыктагы Иерусалим жана андагы ибадаткана урандыда жаткан маалда, Жезекиел пайгамбар таза сыйынуунун калыбына келтирилери жөнүндөгү үмүт берерлик кабарды жарыялоого көңүл топтогон.

Жезекиел китеби, негизинен, хронологиялык жана тематикалык тартипте жазылган. Иерусалимдин жана андагы ибадаткананын талкаланышы жөнүндөгү пайгамбарлыктар таза сыйынуунун калыбына келтирилери жөнүндөгү пайгамбарлыктардын көбүнөн мурун жазылган. Мунун жөнү бар, себеби сыйынуунун калыбына келтирилери жөнүндө айтылганы анын жоюлуп кеткенинен кабар берет.

Андан тышкары, Жезекиелдин Ысрайылдын тегерегиндеги кас элдерге каршы айткан пайгамбарлыктары (25—32-бөлүмдөр) Иерусалимге сот өкүмү жарыяланган жана таза сыйынуунун калыбына келтирилери жөнүндөгү пайгамбарлыктар айтылган убакыттын ортосундагы аралыкта айтылган. Ошол сот өкүмдөрү жөнүндө бир окумуштуу мындай деген: «Ал пайгамбарлыктар Кудайдын өз элине каарынын төгүшү жөнүндөгү пайгамбарлыктан ырайымдуулугу жөнүндөгү пайгамбарлыкка ылайыктуу „көпүрө“ болгон, себеби кас элдердин жазаланышынын өзү эле Кудайдын өз элин куткарышынын бир бөлүгү болгон».

Кайра артка баруу: 1-бөлүм, 18-абзац