Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУТУЧА (4А)

«Мен тирүү жандыктарды карап турдум»

«Мен тирүү жандыктарды карап турдум»

Жезекиелдин ак сарайлар менен ибадатканалардын алдында аларды кайтарып турган киши баштуу, канаттуу букалар менен арстандардын абдан чоң айкелдерин көргөнү шексиз. Андай айкелдер байыркы Ашур жана Бабыл жеринде табылган. Башкалар сыяктуу эле, Жезекиел да бийиктиги 6 метрдей болгон ошол алп айкелдерди тигиле карап таң калса керек. Бирок алар канчалык кубаттуу көрүнбөсүн, жансыз болгон. Анткени таштан чегилип жасалган.

Алардан айырмаланып, Жезекиел аянында көргөн төрт жандык «тирүү жандыктар» болгон. Кандай гана чоң айырма! Көргөн нерсеси Жезекиелге абдан таасир эткендиктен ал «тирүү жандык» деген сөздү пайгамбарлыгынын кириш сөзүндө 10 чакты жолу колдонгон (Жез. 1:5—22). Кудайдын тактысынын алдында бир учурда бирдей багытка бет алган төрт тирүү жандыкты көргөндө Жезекиел аябай таасирленип, Жахабанын бардык жараткандарын толугу менен башкарып турарына ынанган. Жахабанын улуулугу, күч-кубаты, эгедерлиги укмуштуудай көркөм чагылдырылган ошол аян бүгүнкү күндө бизди да таасирлентпей койбойт (1 Жылн. 29:11).