Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1919-жылы өткөрүлгөн тарыхый жыйын Кудайдын элинин акыры Улуу Бабылдын туткунунан бошонгонунун зор далили болгон

КУТУЧА (9Б)

Эмне үчүн 1919-жылы?

Эмне үчүн 1919-жылы?

Кудайдын эли Улуу Бабылдын туткунунан 1919-жылы бошонгон деп эмне үчүн айтууга болот? Ыйык Китептеги пайгамбарлык сөздөр менен тарыхый маалыматтардын айкалышы ушундай жыйынтык чыгарууга жардам берет.

Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардан жана тарыхтан Исанын асманда Падыша катары 1914-жылы башкара баштаганын так-даана билүүгө болот. Бул Шайтандын жердеги бийлигинин акыркы күндөрү башталганынан кабар берген. Иса Падыша болору менен эмне кылган? Ал жердеги кызматчыларын Улуу Бабылдын туткунунан дароо эле бошотконбу? Ишенимдүү жана акылдуу кулду 1914-жылы дайындап, оруп-жыюу ишин баштаганбы? (Мт. 24:45).

Жок, андай эмес. Элчи Петирдин ыйык рухтун жетеги менен сот «Кудайдын үйүнөн башталмактыгын» айтканын эсибизден чыгарбашыбыз керек (1 Пет. 4:17). Малаки пайгамбар да Жахабанын өз үйүнө «келишим кабарчысы», Уулу, менен келе турган убак жөнүндө алдын ала айткан (Мал. 3:1—5). Ошол мезгил тазалана турган жана сынала турган мезгил болмок. Ал пайгамбарлыктар аткарылганбы?

Ооба, аткарылган! 1914-жылдан тартып 1919-жылдын башына чейин Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр (Жахабанын Күбөлөрү ал кезде ушинтип аталышкан) катуу сыноодон жана тазалоодон өтүшкөн. 1914-жылы Кудайдын жердеги көптөгөн кызматчылары алар үмүттөнгөн бул дүйнөнүн акыры келбей калганына ындыны сууп, көңүлү кайт болушкан. Кудайдын элин жигердүү жетектеп келген Ч. Т. Расселл 1916-жылы көз жумганда, жагдай ого бетер курчуган. Расселл бир тууганга өтө эле ынак болгондор анын ордуна жетекчиликти колго алган Жозеф Рутерфорддун иш-аракеттерине караманча каршы чыгышкан. Бир туугандар бөлүнүп-жарылып, 1917-жылы уюм дээрлик экиге бөлүнүп кеткен. Анан 1918-жылы христиан дүйнөсүнүн жетекчилеринин тукуругу менен Рутерфорд бир тууган жана анын жети кызматташы соттолуп, жалган айып менен түрмөгө камалышкан. Бруклиндеги башкы башкармалык жабылып калган. Ооба, Кудайдын эли Улуу Бабылдын туткунунан бошоно элек болчу.

Бирок 1919-жылы кандай окуя болгон? Жагдай көз ачып-жумгуча эле өзгөрүп кеткен! Жылдын башында Рутерфорд менен анын кызматташтары түрмөдөн бошотулган. Алар дароо эле ишке киришкен! Кыска убакытта эле тарыхый жыйындын өткөрүлүшү пландаштырылып, «Алтын кылым» (азыр «Ойгонгула!») деп аталган жаңы журнал басууга даярдала баштаган. Ал өнөктүктөрдө колдонууга арналган. Булардан тышкары, кабар айтуу кызматын уюштуруу жана алга илгерилетүү үчүн ар бир жыйналышка бирден көзөмөлчү дайындалган. Ошол эле жылы кабар таратуу ишин уюштурууга жардам иретинде «Бюллетень» (азыр «Ыйык кызматыбыз жана жашообуз») жарык көргөн.

Бул эмнени билдирген? Ооба, Машаяк элин Улуу Бабылдын туткунунан бошотуп, ишенимдүү жана акылдуу кулду дайындаган. Оруп-жыюу иши кызуу жүрө баштаган. Зор мааниге ээ ошол 1919-жылдан бери кабар айтуу иши болуп көрбөгөндөй деңгээлде алга илгерилөөдө.