Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУТУЧА (10Б)

«Кагыраган сөөктөр» жана «эки күбө». Алардын кандай байланышы бар?

«Кагыраган сөөктөр» жана «эки күбө». Алардын кандай байланышы бар?

«КАГЫРАГАН СӨӨКТӨР» жана «эки күбө» жөнүндөгү бири-бири менен байланышкан эки пайгамбарлык 1919-жылы аткарылган. «Кагыраган сөөктөр» жөнүндөгү аянда Кудайдын элин түзгөн чоң топтун жанданышы менен аяктаган узак мөөнөткө созулган убакыт (көп кылымга созулган убакыт) тууралуу алдын ала айтылган (Жез. 37:2—4; Аян 11:1—3, 7—13). Ал эми «эки күбө» жөнүндөгү пайгамбарлыкта Кудайдын кызматчыларынын чакан тобунун жанданышы менен аяктаган кыска мөөнөткө созулган убакыт (1914-жылдын аяк ченинен 1919-жылдын башына чейин созулган убакыт) тууралуу айтылган. Бул эки пайгамбарлык сөздө тең каймана маанидеги тирилүү сүрөттөлгөн жана экөөнүн тең бүгүнкү күндөгү аткарылышы 1919-жылга туура келген. Ал жылы Жахаба өзүнүн майланган кызматчыларын «буттарына тургузган» жана Улуу Бабылдын туткунунан бошотуп, калыбына келтирилген жыйналышка чогулткан (Жез. 37:10).

Бирок бул эки пайгамбарлыктын аткарылышы бири-биринен кескин айырмаланары көңүлгө аларлык. «Кагыраган сөөктөр» жөнүндөгү пайгамбарлык сөздө майлангандардын калдыгынын бардык мүчөлөрүнүн жанданары алдын ала айтылган. Ал эми «эки күбө» жөнүндөгү пайгамбарлык сөздө Кудайдын майланган жолдоочуларынын калдыгынын айрым гана мүчөлөрүнүн — уюмду жетектеп, «ишенимдүү жана акылдуу кул» катары дайындалгандардын — жанданары алдын ала айтылган (Мт. 24:45; Аян 11:6) *.

«Сөөктөргө толгон өрөөн» (Жез. 37:1)

  1. Б.з. 100-ЖЫЛЫНАН КИЙИН

    Б.з. 2-кылымынан тартып Машаяктын майланган жолдоочуларынын жыйналышы каймана мааниде өлтүрүлгөндө, «өрөөн» «сөөктөргө» толгон

  2. 1919-ЖЫЛДЫН БАШЫ

    1919: Жахаба майлангандардын баарын Улуу Бабылдан чыгарып, калыбына келтирилген жыйналышка чогултканда, «кагыраган сөөктөр» жанданышкан

«Эки күбө» (Аян 11:3)

  1. 1914-ЖЫЛДАН КИЙИН

    «таар жамынып» кабар айтуу

    1914: «Эки күбө» «таар жамынып» үч жарым жыл кабар айткан. Ал мөөнөт аяктагандан кийин каймана мааниде өлтүрүлгөн

  2. каймана маанидеги өлүм

  3. 1919-ЖЫЛДЫН БАШЫ

    1919: Уюмду жетектеген майлангандардын чакан тобу «ишенимдүү жана акылдуу кул» катары кызмат кылууга дайындалганда, «эки күбө» жанданган

^ 4-абз. Карагыла: «Күзөт мунарасы», март, 2016-жыл, «Окурмандардын суроолору».