Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУТУЧА (10В)

Бутубузга тургуза турган жардам

Бутубузга тургуза турган жардам

ЖЕЗЕКИЕЛ 37:1—14-аяттардагы бул таасирдүү аянда камтылган, жеке ар бирибиздин жагдай-шартыбызга колдонсо боло турган ой бизге дем-күч бере алат. Ал эмне болгон ой?

Кээде туш тараптан келген кысымдан, кыйынчылыктардан улам алдан-күчтөн тайгандыктан, Жахабага андан ары кызмат кылуу оңойго турбайт. Бирок ошондой учурларда Жезекиелдин калыбына келтирүү жөнүндөгү таасирдүү аяны тууралуу ой жүгүртсөк, күч-кайратка толобуз. Эмне үчүн минтип айтууга болот? Анткени бул аяндан жансыз сөөктөрдү жандандырууга кудурети жеткен Кудайдын алдыбыздагы тоскоолдуктарды, адамдык көз караш менен караганда жеңе алгыстай көрүнгөндөрүн да, жеңгенге зарыл күч бере аларын биле алабыз. (Окугула: Забур 18:29; Флп. 4:13.)

Жезекиелге чейин көп кылымдар мурун жашаган Муса пайгамбардын Жахабанын өз элинин жыргалчылыгы үчүн күчүн колдоно аларын эле эмес, аны колдонгусу келерин да айтканын эстесеңер. Ал: «Сенин баш маанаң — байыркы Кудай, анын түбөлүктүү колдору сени колдойт»,— деген (Мыйз. 33:27). Ооба, кыйналган учурларыбызда Жахаба Кудайыбызга жардам сурап кайрылсак, ал бизди мээримдүү колдору менен колдойт жана назиктик менен өйдө көтөрүп, кайрадан бутубузга турганга жардам берет (Жез. 37:10).