Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУТУЧА (16А)

Иерусалим христиан дүйнөсүнүн прообразыбы?

Иерусалим христиан дүйнөсүнүн прообразыбы?

Мурун адабияттарыбызда чындыктан четтеген Иерусалимдин христиан дүйнөсүнүн прообразы экени айтылып келген. Иерусалимдеги жагдай, анын ичинде бурканга табынуу, кыянат иштердин кулач жайганы христиан дүйнөсүндө болуп жаткан нерселерди эске салат. Бирок акыркы маалда адабияттарыбызда, Ыйык Китептин өзүндө айкын негиз болбосо эле, пайгамбарлыктардагы прообраздарды издеп-түшүндүрүү ыкмасы колдонулбай калды. Бул ушул китепке да тиешелүү. Иерусалимдин христиан дүйнөсүнүн прообразы болгонуна Ыйык Китепте жүйөлүү негиз жок.

Төмөнкүгө көңүл бурсаңар: Иерусалим бир кезде таза сыйынуунун борбору болгон; бирок кийин анын эли чындыктан четтеп кеткен. Андан айырмаланып, христиан дүйнөсү Кудайга эч качан таза сыйынган эмес. Б.з. 4-кылымында пайда болгонунан тартып эле ал дайыма жалган окууларды жайылтып келген.

Мындан тышкары, бабылдыктар Иерусалимди кыйраткандан кийин, Жахаба ырайым кылып шаарды калыбына келтирип, кайрадан чыныгы сыйынуунун борборуна айланткан. Ал эми христиан дүйнөсү эч качан Кудайдын ырайымына ээ болгон эмес жана улуу алааматта жок кылынып, эч качан кайра пайда болбойт.

Ушуларды эске алып, кандай бүтүмгө келсек болот? Ишенимсиз Иерусалимдин үстүнөн аткарылган Ыйык Китептеги пайгамбарлыктарды изилдегенде: «Бүгүн да христиан дүйнөсүндө ушул сыяктуу нерселер болуп жатат»,— деп айта алабыз. Бирок Иерусалимдин христиан дүйнөсүнүн прообразы деп эсептөөгө Ыйык Китепте негиз жок сыяктанат.