Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жетектөөчү Кеңештин каты

Жетектөөчү Кеңештин каты

«Окутуучулардан болушуңар керек» (Евр. 5:12). Ойлоп көрсөң, ааламдагы эң мыкты Окутуучу — Жахаба — бизди башкаларга ал жөнүндө айтып, окутуп-үйрөтүүгө чакырууда. Жахаба жөнүндөгү чындыкты окутуу — үй-бүлөдө болобу, жыйналыштабы, талаа кызматындабы, баа жеткис сыймык жана чоң жоопкерчилик. Бул жагынан кантип жакшыра алабыз?

Элчи Пабыл Тиметейге: «Эл алдында окуганыңды, насаат айтканыңды, үйрөткөнүңдү уланта бер»,— деп жазган. Ошондой эле: «Ошондо өзүңдү да, угуучуларыңды да куткарасың»,— деп кошумчалаган (1 Тим. 4:13, 16). Биз айтып жаткан кабар — өмүрдү сактап кала турган кабар. Андыктан окуу жана окутуп-үйрөтүү жөндөмүбүздү жакшырта бергенибиз абдан маанилүү. Бул китепче сага так ушул жагынан жардам берүү максатында чыгарылды. Анда китепченин бир нече өзгөчөлүгүнө токтололу:

Ар бир бетте аят келтирилет. Анда негизги ойго байланышкан принцип же ал ойду кантип колдонсо болору көрсөтүлгөн мисал камтылат

Жахаба — «Улуу Насаатчы» (Ыш. 30:20). Бул китепче окуу жана окутуу жөндөмүн арттырууга жардам берсе да, айтып жаткан кабарыбыз Жахабаныкы экенин жана адамдарды өзүнө ал жакындатарын эч качан эсиңден чыгарба (Жкн. 6:44). Ошол себептен дайыма Кудайдан ыйык рух сурап тилен. Кудай Сөзүн көп колдон. Башкалардын көңүлүн өзүңө эмес, дайыма Жахабага бур. Угуучулардын жүрөгүндө ага карата терең сүйүү өстүрүүгө аракет кыл.

Сен башкаларга адам баласына жарыяланышы керек болгон эң маанилүү кабарды жеткирүүгө чакырылдың. «Кудай берген күчкө таянсаң», бул ишти аткарууда ийгиликке жете аларыңа толук ишенебиз (1 Пет. 4:11).

Кызматташтарың,

Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши