Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4-САБАК

Аятты окуурдун алдындагы кириш сөз

Аятты окуурдун алдындагы кириш сөз

Матай 22:41—45

НЕГИЗГИ ОЙ: Аятты окуганга чейин угуучулардын акылын даярда.

МУНУ КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?

  • Аятты эмне үчүн окуганы жатканыңды аныктап ал. Ыйык Китептен үзүндү окуган сайын угуучулардын көңүлүн андагы негизги ойго бургудай кириш сөз айт.

  • Ыйык Китептин беделдүү булак экенин көрсөт. Угуучуларың Кудайга ишенгендер болсо, алардын көңүлүн Кудайдын Сөзү болгон Ыйык Китепке бур. Ушундайча анын акылмандыктын теңдешсиз булагы экенин көрсөтөсүң.

  • Аятта жазылгандарга кызыгуу туудур. Жообу аятта камтылган суроону бер же чечилиши аятта жазылган көйгөйдү, же ал жерде түшүндүрүлө турган принципти айт.