Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5-САБАК

Так-даана окуу

Так-даана окуу

1 Тиметей 4:13

НЕГИЗГИ ОЙ: Текстти үнүңдү чыгарып так-даана оку.

МУНУ КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?

  • Жакшы даярдан. Тексттин кандай максат менен жазылганын аныктап ал. Сөздөрдү өз-өзүнчө эмес, тобу менен окуганга көн. Башка сөз кошпой, окубай кетпей же башка сөз менен алмаштырбай оку. Бардык тыныш белгилерине көңүл бур.

  • Ар бир сөздү туура айт. Эгер кайсы бир сөздүн туура айтылышын билбесең, сөздүктөн кара, окуп жаткан адабиятыңдын аудиожаздыруусун ук же жакшы окуган бирөөдөн жардам сура.

  • Сөздөрдү так-айкын айт. Башыңды бийик көтөрүп, оозуңду кенен ачып сүйлө. Ар бир муунду калтырбай айтканга аракет кыл.