Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

6-САБАК

Аяттын эмне үчүн окулганын айкын кылуу

Аяттын эмне үчүн окулганын айкын кылуу

Жакан 10:33—36

НЕГИЗГИ ОЙ: Аятты окугандан кийин дароо кийинки ойго өтүп кетпе. Угуучуларың окулган аят менен баса белгилегиң келген ойдун байланышын айкын түшүнгүдөй болсун.

МУНУ КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?

  • Негизги сөздөргө басым жаса. Аятты окугандан кийин негизги ой менен түздөн-түз байланышы бар сөздөрдү баса белгиле. Ан үчүн ошол негизги сөздөрдү кайталап айтсаң болот же угуучуларга аларды аныктап-билүүгө жардам бере турган суроолорду берсең болот.

  • Угуучулар эстеп калышы керек болгон ойду баса белгиле. Эгер аятты окуурдун алдында аны эмне себептен, мисалы, кайсы бир ойду бышыкташ үчүн окуй турганыңды айткан болсоң, аяттагы негизги сөздөрдүн ошол ой менен кандай байланышы бар экенин түшүндүр.

  • Аятты жөнөкөй кылып түшүндүр. Негизги ой менен анча байланышы жок майда-чүйдө нерселерге токтоло бербе. Угуучулардын теманы канчалык билерин эске алып, аяттагы негизги ой айкын жана түшүнүктүү болушу үчүн, канча маалымат берүү зарыл экенин аныктап ал.