Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

10-САБАК

Интонация

Интонация

Накыл сөздөр 8:3, 4, 7

НЕГИЗГИ ОЙ: Ойду түшүнүктүү кылып жеткириш үчүн жана сезимдерди козгош үчүн үнүңдүн катуулугун, тонун жана темпин өзгөртүп тур.

МУНУ КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?

  • Үндүн катуулугу. Негизги ойлорду баса белгилеш үчүн жана иш-аракет кылууга түрткү бериш үчүн үнүңдү катуураак чыгарып сүйлө. Ыйык Китептеги сот өкүмдөрүн окуганда да үнүңдү бийик чыгарып оку. Угуучулар эмне айтат деп күтүп калышы үчүн же коркуу, тынчсыздануу сезимин бериш үчүн үнүңдү акырыныраак чыгарып сүйлө.

  • Үндүн тону. Шыктануу сезимин бериш үчүн же көлөмдү, аралыкты билдириш үчүн, орундуу болсо, көтөрүңкү тон менен сүйлө. Ал эми кайгыруу же сарсанаа болуу сыяктуу сезимдерди билдириш үчүн үнүңдүн тонун басаңдат.

  • Үндүн темпи. Кубанычты же көңүл толкуткан сезимдерди бериш үчүн тезирээк сүйлө. Ал эми маанилүү ойлорду жайыраак айт.