Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

12-САБАК

Жылуу сезим жана сезимталдык

Жылуу сезим жана сезимталдык

1 Тесалоникалыктар 2:7, 8

НЕГИЗГИ ОЙ: Угуучуларга жылуу сезимиң жана аларды жакшы көрөрүң сезилип тургудай болсун.

МУНУ КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?

  • Угуучуларыңды ойло. Даярданып жатканда алардын кандай көйгөйлөргө туш болуп жатканын ойло. Өзүңдү алардын ордуна коюп көр.

  • Сөздөрдү кылдат танда. Угуучуларды сергитүүгө, жубатууга жана аларга дем-күч берүүгө аракет кыл. Катуу тие турган сөздөрдү айтуудан сак бол. Жахабага сыйынбагандарды басынта турган же алардын чын жүрөктөн ишенген нерселерин сындаган сөздөрдү айтуудан кач.

  • Угуучуларыңдын жыргалчылыгына кызыкдар экениңди көрсөт. Үнүңдүн жумшак тонунан, орундуу жаңсоолоруңдан угуучуларга болгон жылуу сезимиң байкалып турсун. Сезимдериңди жүзүң менен да чагылдырганга аракет кыл. Көбүрөөк жылмай.