Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

13-САБАК

Маалыматтын пайдалуулугун айкын көрсөтүү

Маалыматтын пайдалуулугун айкын көрсөтүү

Ышая 48:17

НЕГИЗГИ ОЙ: Угуучуларга сен айтып жаткан маалыматтын жашоосуна кандай таасир этерин жана аны билгенден кийин эмне кылышы керектигин түшүнүүгө жардам бер.

МУНУ КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?

  • Угуучуларың жөнүндө ойлон. Аларга сен айтып жаткан маалыматты билүү эмне үчүн маанилүү экени жана анын өзгөчө эмнеси пайдалуу болору жөнүндө ой жүгүрт.

  • Сөзүңдүн башынан аягына чейин угуучуларыңа эмне кылышы керектигин түшүндүр. Сөзүңдү баштагандан тартып эле ар бир угуучу «мага керек экен» деп ойлогудай болсун. Ар бир негизги ойду айткан сайын аны кантип колдонсо болорун түшүндүр. Жалпылап сүйлөгөндөн кач.