Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

14-САБАК

Негизги ойлорду баса белгилөө

Негизги ойлорду баса белгилөө

Еврейлер 8:1

НЕГИЗГИ ОЙ: Угуучуларыңа ойлоруңду ээрчүүгө жардам бер. Ар бир негизги ой темаң жана максатың менен кандай байланышта экенин айкын көрсөт.

МУНУ КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?

  • Белгилүү бир максатты көздө. Сөзүңдүн максаты жөн эле маалымат берүүбү, ынандыруубу же түрткү берүүбү, аныктап алып, андан соң ойлорду ошого жараша өрчүт. Негизги ойлордун баарын максатыңа жеткидей кылып өрчүт.

  • Теманы баса белгиле. Ан үчүн сөзүңдүн жүрүшүндө негизги сөздөрдү кайталап тур же алардын синонимин колдон.

  • Негизги ойлор айкын жана жөнөкөй болсун. Темага байланышы бар жана берилген убакыттын ичинде толук ачып бере ала турган негизги ойлорду гана танда. Алар көп болбосун. Негизги ойлордун ар бирин айкын-так айт, ортолорунда тыным жаса жана бир ойдон экинчи ойго дароо өтүп кетпе.