Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

15-САБАК

Ишенимдүү сүйлөө

Ишенимдүү сүйлөө

1 Тесалоникалыктар 1:5

НЕГИЗГИ ОЙ: Айтып жаткандарыңдын чындык экенине жана маанилүүлүгүнө бекем ишенериң көрүнүп турсун.

МУНУ КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?

  • Кылдат даярдан. Материалды негизги ойлорду жана алардын Ыйык Китепте кандайча бышыкталарын жакшы түшүнгөнчөлүк изилде. Негизги ойлорду бир нече эле жөнөкөй сөз менен жеткирүүгө аракет кыл. Алардын угуучуларыңа эмнеси менен пайдалуу болоруна көңүл топто. Кудайдан ыйык рух сурап тилен.

  • Ишенимдүүлүктү чагылдырган сөздөрдү колдон. Тексттеги сөздөрдү эле кайталап койбой, өз сөзүң менен сүйлө. Колдонгон сөздөрүңөн айтып жаткандарыңа өзүң ишенериң байкалып турсун.

  • Чын жүрөктөн жана ынандыра сүйлө. Үнүңдү жетиштүү чыгар. Угуучуларды карап сүйлө.