Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

18-САБАК

Мазмундуу маалымат

Мазмундуу маалымат

1 Корунттуктар 9:19—23

НЕГИЗГИ ОЙ: Угуучулар пайдалуу бир нерсени билгенин сезгендей болушу үчүн, аларга ойлонууга түрткү бер.

МУНУ КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?

  • Угуучуларыңдын эмнелерди билерин эске ал. Алар билген нерселерди эле кайталап койбой, ошол нерселерге жаңыча караганга жардам бер.

  • Изилде жана ой жүгүрт. Негизги ойлорду бышыкташ үчүн, мүмкүн болсо, сөзүңө анча тааныш эмес фактыларды же учурдагы окуяларды кош. Бирок алардын материалга канчалык ылайыктуу болору жөнүндө терең ойлон.

  • Маалыматтын пайдалуулугун көрсөт. Угуучуларга Ыйык Китепте жазылгандардын күнүмдүк жашоосунда кантип жардам берерин түшүндүр. Аларга тиешеси бар жагдайларды, көз карашты жана иш-аракеттерди талкуула.