Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

19-САБАК

Жүрөктү козгоого умтулуу

Жүрөктү козгоого умтулуу

Накыл сөздөр 3:1

НЕГИЗГИ ОЙ: Угуучуларыңа айтып жаткандарыңдын баалуулугун түшүнүүгө жардам бер жана ошого жараша иш-аракет кылууга түрткү бер.

МУНУ КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?

  • Угуучуларыңа өздөрүн текшерүүгө жардам бер. Аларга ой-сезимдерин текшерүүгө жардам бериш үчүн риторикалык суроолорду бер.

  • Угуучуларыңдын ниетине шектенбей турганыңды көрсөт. Аларды жакшы иштерди эмне үчүн кыларын текшерүүгө үндө. Алар бардыгын чын ниеттен — Жахабага, адамдарга, Ыйык Китептеги окууларга болгон сүйүүсүнөн улам — кылууга түрткү алгыдай болсун. Угуучуларыңа ой жүгүрткөнгө жардам бер; акыл үйрөткөндөн кач. Сөзүңдүн аягында алар уялып калгыдай эмес, кубаттанып, колунан келгендин баарын кылууга шыктанып калгыдай болушсун.

  • Көңүлдү Жахабага бур. Ыйык Китептеги окууларда, принциптерде, буйруктарда Кудайдын сапаттары жана сүйүүсү кандайча чагылдырыларын баса белгиле. Угуучуларга Жахабанын сезимдерин эске алып, ага жагууга болгон каалоосун өрчүтүүгө жардам бер.