Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

20-САБАК

Натыйжалуу корутунду

Натыйжалуу корутунду

Насаатчы 12:13, 14

НЕГИЗГИ ОЙ: Сөзүңдүн аягында угуучуларыңды уккандарын көңүлүнө сактоого жана иш жүзүндө колдонууга үндө.

МУНУ КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?

  • Корутунду сөзүңдү жалпы тема менен байланыштыр. Негизги ойлорду жана теманы кайтала же башка сөздөр менен баса белгиле.

  • Иш-аракет кылууга түрткү бер. Угуучуларга эмне кылыш керектигин жана ошондой кылууга кандай орчундуу себептер бар экенин айт. Ишенимдүү жана ынандыра сүйлө.

  • Корутунду сөзүң жөнөкөй жана кыска болсун. Айтылгандан башка негизги ойлорду кошпо. Акыркы сөздөрүң аз, бирок саз болсун жана иш-аракет кылууга түрткү берсин.