Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Региондук жыйынга келгендер үчүн маалымат

Региондук жыйынга келгендер үчүн маалымат

ТЕСКӨӨЧҮЛӨР. Тескөөчүлөр силерге жардам берүү үчүн дайындалат. Алардын автотурукка, кирип-чыгууга, орун алууга жана башка нерселерге байланыштуу көрсөтмөлөрүнө ылайык иш кылышыңарды өтүнөбүз.

ЧӨМҮЛҮҮ. Адатта, сахнанын бет маңдайындагы орундарга чөмүлө тургандар отурат. Чөмүлө тургандар ишемби күнү аларга арналган баяндама башталганга чейин атайын даярдалган орундарга отурууга тийиш. Алар ылайыктуу, адептүү кийим, сүлгү ала келиши зарыл.

ТАРТУУЛАР. Жыйын жагымдуу өтүшү үчүн жана Кудай менен болгон мамилебиз бекемделиши үчүн, орундардын жетиштүү болушуна, үн күчөткүч системасынын, видео жабдыктарынын болушуна жана башка тейлөө кызматтары жакшы иштешине кам көрүлдү. Албетте, булардын баарына көп каражат жумшалат. Андыктан силердин ыктыярдуу тартууңар ошондой чыгымдарды жабууга жана бүткүл дүйнөлүк ишти колдоого сарпталат. Ыңгайлуу болушу үчүн сыртында так-даана жазуусу бар кутулар ар кайсы жерлерге коюлган. Биз силердин тартууңарды жогору баалайбыз. Падышалыктын ишин марттык менен колдоп жатканыңар үчүн Жетектөөчү Кеңеш силерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.

БИРИНЧИ ЖАРДАМ. Бул бөлүм ТЕЗ ЖАРДАМ ГАНА көрсөтөрүн унутпагыла.

ЖОГОЛГОН ЖАНА ТАБЫЛГАН БУЮМДАР. Табылган буюмдардын баарын жоголгон жана табылган буюмдар бөлүмүнө алып баруу зарыл. Бир нерсе жоготуп алсаңар, ошол бөлүмгө кайрылгыла. Адашып калган балдарды да ошол бөлүмгө алып баруу керек. Бирок бул балдар бөлмөсү эмес экенин унутпагыла. Балдарыңарга көз салып, жаныңарда алып жүргүлө.

ОРУН АЛУУ. Орун алууда башкаларды да ойлошуңарды суранабыз. Бир үйдө чогуу жашагандарга, бир машине менен келгендерге, силер менен Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга гана орун алууга болот. Ашыкча орундарды ээлеш үчүн отургучтарга буюмдарыңарды койбошуңарды суранабыз.

ЫКТЫЯРДУУ ЖАРДАМЧЫЛАР. Жыйынга байланыштуу иштерге жардам берүүнү кааласаңар, маалымат бөлүмүнө жана ыктыярдуу жардамчылар бөлүмүнө кайрылгыла.

АТАЙЫН ЖОЛУГУШУУ

ПАДЫШАЛЫКТЫН ЖАРЧЫЛАРЫ ҮЧҮН МЕКТЕП. Көбүрөөк кызмат кылууну каалаган жашы 23төн 65ке чейинки пионерлер Падышалыктын жарчылары үчүн мектептен билим алгысы келгендер үчүн жекшемби күнү түштөн кийин өткөрүлө турган жолугушууга чакырылат. Жолугушуу канчада жана кайсы жерде болору кулактандырылат.

Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши тарабынан даярдалды