Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2-БӨЛҮМ

Ыйык Китеп келечекке үмүт берет

Ыйык Китеп келечекке үмүт берет

Дүйнө жүзүндөгү адамдар тынчсыздандырган, көңүлүн чөгөргөн, атүгүл жүрөгүн ооруткан кыйынчылыктарга кабылып жатышат. Сен да ушундай кыйынчылыктарга туш болдуң беле? Балким, ооругандыктан же жакыныңан айрылгандыктан кыйналып жүргөндүрсүң. Ошондон улам: «Деги жашоо оңолобу?» — деп ойлонуп жаткандырсың. Ыйык Китепте бул суроого канааттандырарлык жооп бар.

1. Ыйык Китеп келечектен үмүт үзбөгөнгө кантип жардам берет?

Ыйык Китепте азыр эмне үчүн кыйынчылыктар ушунчалык көп экени түшүндүрүлөт. Ошондой эле алардын баары жакында жок болору жөнүндө жакшы кабар да жазылган. Ал китептеги келечек жөнүндө айтылган убадалар бизге «үмүт берет». (Оку: Жеремия 29:11, 12.) Ал убадалар азыркы кыйынчылыктар менен күрөшкөнгө, көңүлүбүздү чөгөрбөгөнгө жана түбөлүккө бактылуу болорубузга ишенгенге жардам берет.

2. Ыйык Китепте келечек жөнүндө эмне делет?

Анда: «Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт»,— деп жазылган. (Оку: Аян 21:4.) Азыр адамзатты азапка салып жаткан жакырчылык, адилетсиздик, оору, өлүм сыяктуу нерселер келечекте болбойт. Ыйык Китепте адамдар келечекте жер бетиндеги бейиште түбөлүккө рахаттанып жашаары убада кылынат.

3. Ыйык Китептеги убадалардын аткарыларына бекем ишениш үчүн эмне кылсаң болот?

Көптөр жашоо жакшырат деп үмүттөнүшөт. Бирок ошол үмүтү ишке ашарына толук көзү жете бербейт. Ал эми Ыйык Китептеги убадалардын аткарыларына толук ишенсек болот. Ан үчүн «Ыйык Жазманы... кылдат изилдегенибиз» маанилүү (Элчилер 17:11). Ошол себептен Ыйык Жазманы, башкача айтканда, Ыйык Китепти изилдей бер. Ошондо андагы келечек жөнүндө жазылгандарга ишенесиңби, жокпу, өзүң чече аласың.

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Ыйык Китепте келечек жөнүндө айтылган айрым нерселерди жана андагы үмүт көптөргө кандайча жардам бергенин окуп көр.

4. Телегейи тегиз заманда түбөлүк жашаарыбыз убада кылынат

Ыйык Китепте камтылган төмөнкү убадаларды окуп көр. Сага кайсынысы өзгөчө жакты? Эмне үчүн?

Ал убадалар жазылган төмөнкү аяттарды окугула, анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Кандай деп ойлойсуң, бул аяттар жакшылыктан үмүттөнгөнгө жардам береби? Үй-бүлөңө, досторуңа да үмүт берет деп ойлойсуңбу?

Төмөндө жазылган убадалар аткарылган заманда жашап жатканыңды элестет.

ЭЧ КИМ...

АР БИР КИШИ...

  • кайгырбайт, карыбайт, өлбөйт (Ышая 25:8);

  • каза болгон жакындары жер бетине тирилгенде, тосуп алат (Жакан 5:28, 29);

  • ден соолугу чың, жаш кезиндегидей күчтүү болот (Аюп 33:25);

  • жаман нерселерди ойлоп же эстеп кыйналбайт (Ышая 65:17).

  • эң сонун шартта түбөлүк өмүр сүрөт (Забур 37:29).

5. Ыйык Китептеги үмүт адамдын жашоосун түп-тамыры менен өзгөртөт

Бул дүйнөдөгү кыйынчылыктардан улам көптөр көңүлү чөгүп, атүгүл ачууланат. Айрымдар жагдайды жакшыртыш үчүн күрөшөт. Ыйык Китептеги жашоонун жакшы жакка өзгөрөрү жөнүндөгү убада кээ бирлерге кандайча жардам бергенин көр. ВИДЕОНУ көрүп, төмөндөгү суроолорду талкуулагыла:

  • Рафика кандай адилетсиздикке кабылган?

  • Адилетсиздик жоюлбаса да, Ыйык Китеп ага кантип жардам берген?

Ыйык Китептеги келечек жөнүндө жазылгандарга ишенүү көңүл чөгөттүк менен күрөшкөнгө, кыйынчылыктарга карабай бактылуу болгонго жардам берет. Окугула: Накыл сөздөр 17:22; Римдиктер 12:12. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Ыйык Китептеги үмүт берерлик кабар жашооңду азыртадан жакшы жакка өзгөртө алат деп ойлойсуңбу? Эмне үчүн?

АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Ыйык Китепте келечек жөнүндө айтылгандар аткарылбачудай сезилет».

  • Ыйык Китепте жазылгандардын аткарыларын ырастаган далилдерди эмне үчүн изилдеп көрүш керек деп ойлойсуң?

НЕГИЗГИ ОЙ

Ыйык Китепте жаркын келечек убада кылынат. Бул бизге үмүт берип, азыртадан эле бактылуу болгонго жардам берет.

Кайталоо

  • Адам баласына үмүт эмне үчүн керек?

  • Ыйык Китепте келечек жөнүндө эмне делет?

  • Келечекке болгон үмүт сага азыртадан кантип жардам берет?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Үмүттүн кандай күчкө ээ экени жөнүндө окуп көр.

«Үмүт. Анын булагы кайда?» («Ойгонгула!», июль—сентябрь, 2004)

Келечекке болгон үмүт өнөкөт оорусу барларга кандайча жардам берерин окуп көр.

«Өнөкөт оору менен ооругандарга Ыйык Китеп жардам бере алабы?» (jw.org/ky сайтындагы макала)

Бул ырды угуп жатканда өзүңдүн, үй-бүлөңдүн Ыйык Китепте убада кылынган Бейиште жашап жатканыңарды элестет.

«Жаңы заманды элестет» (3:37)

Ыйык Китептен келечек жөнүндө окуганда бир коомдук ишмердин жашоосу кандайча өзгөргөнүн окуп көр.

«Азыр... дүйнөнү өзгөртүшүм керек деп ойлобойм» («Күзөт мунарасы», 1-июль, 2013)