Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3-БӨЛҮМ

Ыйык Китепке эмне үчүн ишенсең болот?

Ыйык Китепке эмне үчүн ишенсең болот?

Ыйык Китепте көптөгөн пайдалуу кеңештер жана келечекке байланыштуу убадалар камтылат. Анда жазылгандарга бир чети кызыгып жатсаң, бир чети ишенүү кыйыныраак болуп жаткандыр. Байыркы убакта жазылган ошол китептеги убадаларга ишенсең болобу? Андагы кеңештерди бүгүнкү күндө колдонсо болот деп ойлойсуңбу? Келечек жөнүндө айтылгандарга ишенсең болобу? Бул суроолорго миллиондогон адамдар «ооба» деп жооп беришет. Сени да Ыйык Китепти изилдеп көрүүгө чакырабыз.

1. Ыйык Китепте жазылгандар чындыкпы же ойдон чыгарылганбы?

Ыйык Китептин өзүндө айтылгандай, анда «чындык сөздөр» жазылган (Насаатчы 12:10). Анда тарыхта жашаган адамдардын башынан өткөн окуялары да баяндалат. (Оку: Лука 1:3; 3:1, 2.) Көптөгөн тарыхчылар менен археологдор Ыйык Китептеги белгилүү бир даталардын, жерлердин, окуялардын жана айрым адамдар жөнүндө жазылгандардын так экенин тастыкташкан.

2. Эмне үчүн Ыйык Китепти эскирип калган деп айтууга болбойт?

Ыйык Китепте адамдар биле элек көп нерселер алдын ала жазылган. Мисалга анда айтылган илимий нерселерди алалы. Ошол маалда жашаган адамдардын көбү аларга ишенген эмес. Бирок бүгүнкү күндө илим Ыйык Китепте жазылгандардын так экенин ырастап жатат. Ооба, алар ишенүүгө татыктуу, «кылымдарга, түбөлүккө» өзгөрбөйт (Забур 111:8).

3. Ыйык Китептеги келечек жөнүндө айтылгандарга эмне үчүн ишенсек болот?

Ал китепте «боло элек нерселер» жөнүндөгү пайгамбарлыктар a жазылган (Ышая 46:10). Мисалы, көптөгөн тарыхый окуялар бир топ убакыт мурун так айтылган. Ошондой эле бүгүнкү күндө болуп жаткан окуялар майда-чүйдөсүнө чейин жазылган. Бул бөлүмдө ошол пайгамбарлыктардын айрымдарына токтолобуз. Алардын тактыгы таң калтырбай койбойт.

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Илимдин Ыйык Китепке кандайча шайкеш келерин жана таң каларлык айрым пайгамбарлыктарды окуп көр.

4. Илим Ыйык Китепке шайкеш келет

Байыркы убакта көптөр Жер бир нерсенин үстүндө турат деп ишенишкен. ВИДЕОНУ көргүлө.

Мындан 3 500 жылдай мурун Аюп китебинде эмне деп жазылганы көңүлгө аларлык. Окугула: Аюп 26:7. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Жер «жок нерсеге илинген» деп айтылганы эмне үчүн таң каларлык?

1800-жылдарга чейин адамдар суунун айлануу процессин толук түшүнүшкөн эмес. Бирок Ыйык Китепте миңдеген жылдар мурун эле эмне деп айтылганына көңүл бурсаң. Окугула: Аюп 36:27, 28. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Суунун айлануу процессинин жөнөкөй эле сөздөр менен түшүндүрүлгөнү сени таасирленттиби? Эмне үчүн?

  • Жаңы эле окулган аяттар Ыйык Китепке болгон ишенимиңди бекемдедиби?

5. Ыйык Китепте маанилүү окуялар алдын ала айтылган

Окугула: Ышая 44:27—45:2. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Ыйык Китепте Бабылдын (Вавилондун) кулаары жөнүндө 200 жыл мурун эмнелер айтылган?

Б. з. ч. b 539-жылы Персиянын падышасы Кореш (Кир) Бабыл шаарын басып алганын тарых тастыктап турат. Анын аскери шаарды коргоп турган дарыянын суусун башка жакка буруп жиберген. Анан шаарга ачык калган дарбазалар аркылуу кирип, аны согушсуз эле басып алган. Андан бери 2 500 жылдан ашуун убакыт өттү. Азыр Бабыл шаарынын ордунда урандылар эле жатат. Бул туурасында Ыйык Китепте эмне делгенине көңүл бурсаң.

Окугула: Ышая 13:19, 20. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Бабыл шаарынын урандыга айланганы бул пайгамбарлыктын аткарылганын кандайча далилдеп турат?

Азыркы Ирактагы Бабыл шаарынын урандылары

6. Ыйык Китепте бүгүнкү күндө болуп жаткан окуялар алдын ала айтылган

Анда биз жашап жаткан азыркы мезгил «акыркы күндөр» деп аталат (2 Тиметей 3:1). Акыркы күндөргө байланыштуу эмнелер алдын ала айтылганына көңүл бурсаң.

Окугула: Матай 24:6, 7. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла:

  • Ыйык Китепте акыркы күндөрдө кандай окуялардын болору айтылган?

Окугула: 2 Тиметей 3:1—5. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Ыйык Китепте айтылгандай, акыркы күндөрдө адамдардын кулк-мүнөзү кандай болмок?

  • Сен алардын кайсынысын байкап жатасың?

АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Ыйык Китепте ойдон чыгарылган окуялар менен жомоктор жазылган».

  • Ыйык Китепке ишенсе болоруна сени баарынан да эмне көбүрөөк ынандырат?

НЕГИЗГИ ОЙ

Тарых, илим жана пайгамбарлыктар Ыйык Китепке ишенсең болорун көрсөтүп турат.

Кайталоо

  • Ыйык Китепте жазылгандар чындыкпы же ойдон чыгарылганбы?

  • Илимдин Ыйык Китепке шайкеш келерине эмнелерди мисал кылса болот?

  • Ыйык Китепте келечек алдын ала айтылган дегенге ишенесиңби? Эмне үчүн?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Ыйык Китепте илимге каршы келген нерселер барбы?

«Ыйык Китеп илимге шайкеш келеби?» (jw.org/ky сайтындагы макала)

«Акыркы күндөрдө» кайсы пайгамбарлыктар аткарылып жатат?

«Аткарылып жаткан 6 пайгамбарлык» («Күзөт мунарасы», 1-май, 2011)

Ыйык Китепте Греция империясы жөнүндө айтылгандардын кандайча аткарылганын көр.

«Кудайга болгон ишенимибизди бекемдеген „пайгамбарлык сөз“» (5:22)

Пайгамбарлыктар бир кишинин Ыйык Китепке болгон көз карашын кантип өзгөрткөнүн окуп көр.

«Кудай жок деп ишенчүмүн» («Күзөт мунарасы», № 5 2017)

a Пайгамбарлык Кудайдын келечек жөнүндө алдын ала айткан кабарын билдирет.

b Б. з. ч. «биздин заманга чейинки» дегенди, ал эми б. з. «биздин замандын» дегенди билдирет.