Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5-БӨЛҮМ

Ыйык Китеп — Кудайдын адамзат үчүн жаздырган Сөзү

Ыйык Китеп — Кудайдын адамзат үчүн жаздырган Сөзү

Жахаба бизге баа жеткис белекти — Ыйык Китепти — берген. Ал 66 майда китептен турат. Балким: «Ал адамзатка кантип жеткен? Анын автору ким?» — деп ойлонуп жатсаң керек. Бул суроолорго жооп алыш үчүн Кудайдын Ыйык Китепте жазылган сөздөрү бизге кантип жеткенин карап көрөлү.

1. Ыйык Китепти адамдар жазса, анда кантип Кудай анын Автору болот?

Ыйык Китепти 40ка жакын пайгамбар 1 600 жылдай убакыт аралыгында жазган. Анын биринчи китеби 3 500 жылдай мурун, ал эми акыркы китеби 1 900 жылдай мурун жазылган. Ыйык Китепти ар түрдүү тектеги адамдар жазса да, анда жазылгандар башынан аягына чейин бири-бирине шайкеш келет. Анткени анын Автору — Кудай. (Оку: 1 Тесалоникалыктар 2:13.) Ыйык Китепти жазгандар өз ойлорун жазышкан эмес. Алар «Кудайдын ыйык рухуна жетектелишкен» a (2 Петир 1:21). Кудай өзүнүн ойлорун ал кишилерге жаздырыш үчүн ыйык рухун колдонгон (2 Тиметей 3:16).

2. Ыйык Китепти бардык адамдар окуй алабы?

Кудай андагы жакшы кабардын «бардык улуттарга, урууларга, тилдерге жана элдерге» жетерин айткан. (Оку: Аян 14:6.) Ыйык Китеп башка китептерге салыштырмалуу көп тилге которулган. Ошондуктан кайсы жакта жашабасын же кайсы тилде сүйлөбөсүн, аны дээрлик ар бир киши окуй алат.

3. Жахаба Ыйык Китепти кантип сактап келген?

Ыйык Китеп көпкө сакталбай турган материалдарга жазылган. Бирок Ыйык Китепти жакшы көргөн адамдар аны кылдаттык менен колго көчүрүп турушкан. Кээ бир башкаруучулар, диний жетекчилер Ыйык Китепти жок кылууну көздөшкөн. Бирок айрымдар аны сактап калыш үчүн өмүрүн тобокелге салышкан. Жахаба Ыйык Китептин бизге жетишине эч кимдин, эч нерсенин тоскоолдук кылышына жол берген эмес. Ыйык Китепте: «Кудайыбыздын сөзү түбөлүккө калат»,— деп жазылган (Ышая 40:8).

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Кудайдын Ыйык Китепти жазгандарды кантип жетектегени, аны кантип сактап келгени, адамзатка кантип жеткиргени жөнүндө көбүрөөк бил.

4. Ыйык Китепте анын Автору ким экени жазылган

ВИДЕОНУ көргүлө. Анан 2 Тиметей 3:16ны окуп, төмөндөгү суроолорду талкуулагыла.

  • Эгер Ыйык Китепти адамдар жазса, анда ал эмне үчүн Кудайдын Сөзү деп аталат?

  • Ыйык Китепти жазгандардын акылына Кудай өзүнүн ойлорун салып турган дегенге кандай карайсың?

Катты катчы жазса да, андагы ойлор аларды айтып турган кишиге таандык. Ошо сыяктуу эле, Ыйык Китепти адамдар жазса да, андагы ойлор Кудайдыкы

5. Каршылыктарга карабай бизге чейин жеткен

Ыйык Китепти Кудай жаздыргандыктан, ал анын сакталып калышына кам көргөн. Тарых бою бийлиги бар адамдар Ыйык Китепти жок кылганга аракет кылышкан. Диний жетекчилер анын элге жетишине бут тосушкан. Бирок каршылыктарга жана өмүрүнө коркунуч туулганына карабай, көптөр Ыйык Китепти сактап калганга күч жумшашкан. Ошондой адамдардын бири жөнүндө билиш үчүн ВИДЕОНУ көргүлө. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Ыйык Китеп бизге чейин жетиш үчүн ушунча көп күч жумшалганын билгенден кийин аны окугуң келип калдыбы? Эмне үчүн?

Окугула: Забур 119:97. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Көптөргө Ыйык Китепти которуш үчүн, аны элге жеткириш үчүн өмүрүн тобокелге салганга эмне түрткү берген?

6. Бардык адамдарга арналган китеп

Ыйык Китеп — тарыхтагы эң көп тилге которулган жана кеңири тараган китеп. Окугула: Элчилер 10:34, 35. Анан төмөнкү суроолорду талкуулагыла:

  • Эмне үчүн Кудай өзүнүн Сөзүнүн ушунчалык көп тилге которулушун, кеңири тарашын каалаган?

  • Ыйык Китеп жөнүндөгү маалыматтын кайсынысы сага көбүрөөк жакты?

Дүйнө калкынын дээрлик

100

пайызы

Ыйык Китепти өзү түшүнгөн тилде окуй алат

Толугу менен же айрым бөлүктөрү

3 000

ден ашуун

тилде бар

5 000 000 000

Ыйык Китеп болжол менен ушунча нускада чыккан

Башка бир да китеп мынча нускада чыккан эмес

АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Ыйык Китеп бурмаланып калган».

  • Сен кандай деп ойлойсуң?

  • Эмне үчүн аны бурмаланган эмес деп айтса болот?

НЕГИЗГИ ОЙ

Ыйык Китеп — Кудайдын Сөзү. Кудай анын бүт адамзатка жетишине кам көргөн.

Кайталоо

  • Кудай Ыйык Китепти жазгандарды жетектеген дегенди кандай түшүнсө болот?

  • Бул бөлүмдөгү Ыйык Китеп жөнүндө айтылгандардын кайсынысы сени таасирлентти?

  • Кудайдын сени менен пикирлешиш үчүн ушунча нерсени кылганы сага кандай таасир этти?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Ыйык Китептин байыркы кол жазмаларынан азыркы котормолоруна чейинки тарыхын окуп көр.

«Ыйык Китеп биздин күндөргө чейин кантип сакталган?» («Ойгонгула!», январь—март, 2008)

Ыйык Китептин үч чоң тоскоолдукту кантип басып өткөнү жөнүндө окуп көр.

«Тоодой тоскоолдукту басып өткөн китеп» («Күзөт мунарасы», №4 2016)

Айрымдар Ыйык Китепти которуш үчүн эмнелерди башынан кечирген?

«Алар Ыйык Китепти баалашкан» (14:26)

Ыйык Китеп көп жолу көчүрүлүп, көп жолу которулган. Анда жазылгандардын бурмаланып калбаганына эмне үчүн ишенсең болот?

«Ыйык Китеп өзгөрүлүп же бурмаланып кетти беле?» (jw.org/ky сайтындагы макала)

a 7-бөлүмдө түшүндүрүлө тургандай, ыйык рух — бул Кудайдын иш-аракет кылуучу күчү.