Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

7-БӨЛҮМ

Жахаба кандай Кудай?

Жахаба кандай Кудай?

Жахаба Кудайды кандай элестетесиң? Балким: «Ал — кастарлоо сезимин туудурган улук Кудай. Бирок ал асманда болгондуктан, аны менен жакын мамиледе боло албайбыз»,— деп ойлойттурсуң. Же аны жөн эле чагылган сыяктуу күч деп элестетесиңби? Чынында Жахаба кандай Кудай? Ал Ыйык Китеп аркылуу кандай сапаттары бар экенин жана сага кам көрөрүн ачып берген.

1. Эмне үчүн Кудайды көрө албайбыз?

«Кудай — Рух» (Жакан 4:24). Кудайдын денеси биздикиндей эмес. Ал көзгө көрүнбөйт жана асманда жашайт.

2. Жахабанын айрым сапаттары кайсылар?

Жахаба көзгө көрүнбөсө да, эң мыкты сапаттары бар Кудай. Ошол сапаттары жөнүндө көбүрөөк билген сайын, аны жакшы көрө баштайбыз. Ыйык Китепте: «Жахаба адилеттикти сүйөт, өзүнүн берилген кызматчыларын таштабайт»,— деп айтылат (Забур 37:28). Ал «абдан боорукер, кайрымдуу». Өзгөчө, кыйналып жаткандарга ушундай мамиле кылат (Жакып 5:11). «Жахаба жүрөгү жаралангандарга жакын, кыйналгандарды куткарат» (Забур 34:18). Кылган иштерибиз Жахабага таасир этерин билчү белең? Жаман иш кылгандар Кудайдын жүрөгүн оорутуп, аны капалантат (Забур 78:40, 41). Ал эми жакшы иш кылгандар аны кубантат. (Оку: Накыл сөздөр 27:11.)

3. Жахаба бизди жакшы көрөрүн кантип көрсөтүүдө?

Жахабанын эң негизги сапаты — сүйүү. Ыйык Китепте Кудайда сүйүү сапаты бар экени эле эмес, Кудайдын өзү сүйүү экени баса белгиленет (1 Жакан 4:8). Жахаба сүйүүсүн Ыйык Китеп аркылуу гана эмес, табият аркылуу да көрсөтүүдө. (Оку: Элчилер 14:17.) Мисалы, анын бизди кантип жаратканына токтололу. Ал бизди түркүн түстөрдү көрө алгыдай, музыкадан, даамдуу тамак-аштан рахат алгыдай кылып жараткан. Ал жыргап-куунап жашашыбызды каалайт.

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Жахабанын суктандырарлык иштерди кантип кыларын, кереметтүү касиет-сапаттарын кантип ачып берип жатканын бил.

4. Ыйык рух — Кудайдын иш-аракет кылуучу күчү

Биз бир нерсени колубуз менен кылгандай эле, Жахаба баарын ыйык руху менен кылат. Айрымдар ыйык рухту тирүү жан деп ойлошот. Бирок Ыйык Китепке ылайык, ал — Кудайдын бир нерселерди кылыш үчүн колдонгон күчү. Окугула: Лука 11:13; Элчилер 2:17. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Кудайдан ыйык рух сурагандарга ал ыйык рухун төгөт. Кандай деп ойлойсуң, ыйык рух тирүү жанбы же Кудайдын иш-аракет кылуучу күчүбү? Эмне үчүн ушинтип ойлойсуң?

Жахаба ыйык рухун колдонуп, укмуштуудай иштерди кылат. Окугула: Забур 104:30; 2 Петир 1:20, 21. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Жахаба ыйык руху менен кылган иштердин айрымдары кайсылар?

5. Жахабанын теңдешсиз сапаттары бар

Муса пайгамбар Кудайга көп жылдар бою ишенимдүү кызмат кылып келатса да, аны дагы жакшыраак билгиси келген. Ошондуктан: «Сени таанып-билишим үчүн,.. мага өз жолдоруңду ачып берчи»,— деп суранган (Чыгуу 33:13). Ошондо Жахаба ага өзүнүн айрым сапаттарын ачып берген. Окугула: Чыгуу 34:4—6. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Жахаба Муса пайгамбарга өзүнүн кайсы сапаттарын ачып берген?

  • Сага Жахабанын кайсы сапаты өзгөчө жакты?

6. Жахаба адамдарга кам көрөт

Кудайдын байыркы убактагы эли Мисирде (Египетте) кул болгон. Алардын кыйналганына Жахаба кандай караган? АУДИОНУ угуп, Чыгуу 3:1—10-аяттарды карап отургула. Эгер укканга мүмкүнчүлүк жок болсо, аяттарды окугула. Анан төмөнкү суроолорду талкуулагыла.

  • Бул үзүндүгө ылайык, Жахаба кыйналгандарга кандай карайт экен? (7, 8-аяттарды кара.)

  • Жахаба адамдарга чындап эле жардам бергиси келет жана буга кудурети жетет деп ойлойсуңбу? Эмне үчүн ушинтип ойлойсуң?

7. Жаратылыштан Жахабанын сапаттарын биле алабыз

Жахаба жаратылыш аркылуу өзүнүн касиет-сапаттарын ачып берет. ВИДЕОНУ көргүлө. Анан Римдиктер 1:20ны окуп, төмөнкү суроону талкуулагыла.

  • Жахабанын колунан бүткөн нерселерден анын кайсы сапаттарын көрүп жатасың?

АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Кудайды көрө албагандыктан аны таанып-биле албайбыз».

  • Сен кандай деп ойлойсуң?

  • Эмне үчүн ушинтип ойлойсуң?

НЕГИЗГИ ОЙ

Жахаба — көзгө көрүнбөгөн, бирок теңдешсиз сапаттары бар Кудай. Эң негизги сапаты — сүйүү.

Кайталоо

  • Эмне үчүн Жахабаны көрө албайбыз?

  • Ыйык рух деген эмне?

  • Жахабанын айрым сапаттары кайсылар?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Жахабанын негизги төрт сапаты жөнүндө көбүрөөк бил.

«Кудай кандай касиет-сапаттарга ээ?» («Күзөт мунарасы», № 1 2019)

Кудай бардык жерде, бардык нерседе эмес экенине кандай далил бар экенин окуп көр.

«Кудай бардык жерде, бардык нерседеби?» (jw.org/ky сайтындагы макала)

Ыйык Китепте ыйык рух эмне үчүн Кудайдын колуна салыштырыларын окуп көр.

«Ыйык рух деген эмне?» (jw.org/ky сайтындагы макала)

Көзү көрбөгөн бир кишиге Кудайдын аны жакшы көрөрүнө ишенүү кыйынга турган. Ал эмне үчүн оюн өзгөрткөнү жөнүндө окуп көр.

«Башкаларга жардам бере аларыма ынанып жатам» («Күзөт мунарасы», 1-октябрь, 2015)