Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

8-БӨЛҮМ

Сен да Жахабанын досу боло аласың

Сен да Жахабанын досу боло аласың

Жахаба аны жакшыраак таанып-билишиңди каалайт. Эмне үчүн? Анткени анын касиет-сапаттары, адамдарга кылган мамилеси, сен үчүн эмнелерди кылгысы келери жөнүндө көбүрөөк билген сайын, ага жакындагың келерине ишенет. Кудай менен дос болуу мүмкүн деп ойлойсуңбу? (Оку: Забур 25:14.) Аны менен дос болуш үчүн эмне кылсаң болот? Бул суроолордун жообу Ыйык Китепте жазылган. Ошондой эле анда Жахаба эмне үчүн эң жакшы Досуң боло алары тууралуу да айтылат.

1. Жахаба сени эмне кылганга чакырат?

«Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт» (Жакып 4:8). Бул эмнени билдирет? Жахаба сени өзү менен дос болгонго чакырып жатат. Айрымдарга көрүнбөгөн Кудай менен дос болуу мүмкүн эместей сезилет. Ал эми башкалар: «Кудай менен дос боло алабыз деген ойдун өзү эле аны сыйлабастыкка жатат»,— дешет. Бирок Жахаба, аны менен жакын мамиледе болушубуз үчүн, өзү жөнүндө билишибиз керек болгон нерсенин баарын Ыйык Китепке жаздырып койгон. Аларды окуганыбызда, Жахабаны көрө албасак да, аны менен болгон достугубуз чыңдала берет.

2. Эмне үчүн Жахаба эң мыкты Досуң боло алат?

Сени эч ким Жахаба Кудайдай жакшы көрө албайт. Ал бактылуу болушуңду, жардамга муктаж болгонуңда ага кайрылышыңды каалайт. Ага «бардык түйшүгүңдү» артсаң болот, анткени ал сага кам көрөт (1 Петир 5:7). Жахаба өзүнүн досторун кубаттап-колдогонго, сооротконго, кунт коюп укканга дайым даяр. (Оку: Забур 94:18, 19.)

3. Жахаба досторунан эмнени күтөт?

Жахаба адамдардын баарын жакшы көрөт, бирок «чынчыл адамдар менен жакын мамиледе болот» (Накыл сөздөр 3:32). Жахаба досторунун ал туура деп эсептеген иштерди кылышын, ал эми туура эмес деп эсептеген иштерден качышын каалайт. Айрымдар: «Мен эч качан анте албайм»,— деп ойлошу мүмкүн. Бирок Жахаба абдан ырайымдуу. Ал аны чындап жакшы көрүп, ага жагыш үчүн колунан келгендин баарын кылгандар менен дос болот (Забур 147:11; Элчилер 10:34, 35).

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Жахаба менен кантип дос боло аларың тууралуу жана анын эмне үчүн эң мыкты Досуң боло алары жөнүндө көбүрөөк бил.

4. Ыбрайым пайгамбар Жахабанын досу болгон

Ыйык Китептеги Ыбрайым (Ыбрам) пайгамбар жөнүндө жазылгандар Кудай менен дос болуу эмнени билдирерин түшүнгөнгө жардам берет. Ыбрайым пайгамбар тууралуу Башталыш 12:1—4-аяттардан окугула. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Жахаба Ыбрайым пайгамбарга эмне кыл деп айткан?

  • Жахаба ага эмне деп убада берген?

  • Ыбрайым пайгамбар эмне кылган?

5. Жахаба досторунун эмне кылышын каалайт?

Биз, адатта, досторубуздан кайсы бир нерселерди кылышын күтөбүз.

  • Досторуңдун сен үчүн эмнелерди кылышын каалайт элең?

Окугула: 1 Жакан 5:3. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Жахаба досторунун эмне кылышын күтөт?

Жахабага баш ийгибиз келсе, жүрүм-турумубузду, кулк-мүнөзүбүздү өзгөртүшүбүз зарыл. Окугула: Ышая 48:17, 18. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Жахаба эмне үчүн досторунун өзгөрүшүн күтөт?

Жакшы дос камыбызды ойлоп, пайдалуу кеңештерди берет. Жахаба да ошентет

6. Жахаба достору үчүн эмнелерди кылууда?

Ал досторуна кыйынчылыктар менен күрөшкөнгө жардам берет. ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроону талкуулагыла.

  • Жахаба видеодогу кызга терс ой-сезимдери менен күрөшкөнгө кантип жардам берип келет?

Окугула: Ышая 41:10, 13. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Жахаба досторунун баарына эмнени убада кылган?

  • Ал жакшы Дос болот деп ойлойсуңбу? Эмне үчүн?

Жакын достор муктаж болгонуңда жардамга келет. Жахаба да сага жардам берет

7. Жахаба менен дос болуш үчүн аны менен сүйлөшүп турушубуз керек

Достор бири-бири менен сүйлөшүп турса, мамилеси чыңдалат. Окугула: Забур 86:6, 11. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Жахаба менен кантип сүйлөшө алабыз?

  • Жахаба биз менен кантип сүйлөшөт?

Тиленгенде биз сүйлөгөн болобуз. Ыйык Китепти окуганыбызда, Жахаба бизге сүйлөгөн болот

АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Кудай менен дос болуу мүмкүн эмес».

  • Жахаба менен дос боло аларыбызды далилдеш үчүн кайсы аятты колдонот элең?

НЕГИЗГИ ОЙ

Жахаба сени менен дос болгусу келет. Ал сага өзү менен дос болгонго жардам берет.

Кайталоо

  • Жахаба досторуна кантип жардам берет?

  • Ал эмне үчүн досторунун өзгөрүшүн күтөт?

  • Жахаба досторунан өтө эле көптү талап кылат деп ойлойсуңбу? Эмне үчүн ушинтип ойлойсуң?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Жахаба менен дос болгонуң жашооңо кандай таасир этет?

«Жахаба — таанып-билишибизге татыктуу Кудай» («Күзөт мунарасы», 1-март, 2003)

Кудай менен дос болуш үчүн эмне кылса болорун окуп көр.

«Канткенде Кудайдын досу боло алам?» («Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер», 2-том, 35-бөлүм)

Жахаба менен ынак мамиле өрчүткөнү бир аялдын өмүрүн кантип сактап калганын окуп көр.

«Таптакыр өлгүм келчү эмес» («Күзөт мунарасы», № 1 2017)

Өспүрүмдөрдүн Жахаба жөнүндө айткандарын угуп көр.

«Кудай менен дос болуу эмнени билдирет?» (1:46)