Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

9-БӨЛҮМ

Тиленүү Кудай менен болгон мамилеңди чыңдайт

Тиленүү Кудай менен болгон мамилеңди чыңдайт

Кеп-кеңешке муктаж болгон учуруң болду беле? Жооп алгың келген суроолоруң барбы? Кээде жылуу сөзгө муктаж болосуңбу? Өзүңдү Жахабага жакын сезгиң келеби? Ушундай учурлардын баарында тиленүү жардам берет. Бирок кантип тилениш керек? Кудай бардык эле адамдардын тилегин угабы? Ал тилегиңди кабыл кылышы үчүн, эмне кылсаң болот?

1. Кимге кайрылып тиленишибиз керек жана эмнелер жөнүндө тиленсек болот?

Нух, Ыбрайым, Муса, Дөөтү жана башка пайгамбарлар Жахаба Кудайдан тиленишкен. Алсак, Дөөтү пайгамбар: «Оо, Жахаба, тиленүүмдү ук»,— деген (Забур 143:1). Жахабадан тиленсек, аны менен болгон мамилебизди чыңдайбыз.

Биз Кудайдын эркине ылайык келген нерселердин баары жөнүндө тиленсек болот. Эгер ошентсек, ал угат. Ыйык Китепте: «Кудайдын эркине ылайык эмне сурабайлы, анын бизди угарына шектенбейбиз»,— делет (1 Жакан 5:14). Иса пайгамбар эмнелер жөнүндө тиленгенибиз туура болорун айткан. (Оку: Матай 6:9—13.) Өзүбүзгө тиешелүү нерселер жөнүндө тиленгенден сырткары, Кудайга жакшылыктары үчүн ыраазычылык билдиргенибиз, башкаларга жардам беришин сураганыбыз да маанилүү.

2. Кантип тиленишибиз керек?

Ыйык Китепте: «[Кудайдын] алдында жүрөгүңөрдөгүнү төккүлө»,— делет (Забур 62:8). Демек, чын жүрөктөн тиленишибиз кажет. Каалаган жерде, каалаган маалда үнүбүздү чыгарып же ичибизден тилене алабыз. Тиленгенде денебиздин кандай абалда болгону маанилүүбү? Жахаба: «Чөгөлөп, туруп же отуруп тиленгиле»,— дебейт. Эң негизгиси, аны урматтаарыбыз көрүнүп турушу керек.

3. Кудай тилегибизге кантип жооп берет?

Ар кандай жолдор менен. Мисалы, ал бизге Ыйык Китепти берген. Суроолорубуздун жообун көбүнчө ошол китептен табабыз. Аны окуу «тажрыйбасызды даанышман кылат» (Забур 19:7; оку: Жакып 1:5). Ошондой эле оор учурда Жахаба жан дүйнөбүздү тынчтандырат. Муктаж болгонубузда, кызматчыларына бизге жардам бергенге түрткү берет.

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Кудайга жаккандай тилениш үчүн эмне кылсаң болорун жана тиленүүнүн кандай пайдасы бар экенин бил.

4. Кудайдын тиленүүгө байланыштуу талаптары

Тилегибиздин Кудайга жагар-жакпасы эмнелерден көз каранды? ВИДЕОНУ көргүлө.

Жахаба андан тиленишибизди каалайт. Окугула: Забур 65:2. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • «Тиленүүлөрдү угуучу» андан тиленишиңди каалайбы? Эмне үчүн ушинтип ойлойсуң?

Кудай тилегибизди кабыл кылышын кааласак, анын айткандарына ылайык жашаганга аракет кылышыбыз керек. Окугула: Микей 3:4; 1 Петир 3:12. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Жахаба тилегибизди угушу үчүн, эмне кылганыбыз маанилүү?

Согушта эки тарап тең жеңсек экен деп тилениши мүмкүн. Кудай аларга жооп береби?

5. Чын жүрөктөн тиленгенибиз абзел

Кээ бирлер кайсы бир тиленүүнү жаттап алып, сөзмө-сөз кайталап айта беришет же өздөрү түшүнбөгөн тилде тиленишет. Анткени аларды ошентип үйрөтүшкөн. Бирок Кудай ушинтип тиленишибизди каалайбы? Окугула: Матай 6:7. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла:

  • Тиленип жатканда «окшош эле нерселерди кайталай бербеш» үчүн эмне кылсаң болот?

Күн сайын жүрөгүңдү козгогон бир нерсе жөнүндө ойлонуп, ал үчүн Жахабага ыраазычылык билдирсең болот. Бир жума бою ошент. Ошондо окшош эле нерселерди кайталай бербей, жети башка нерсе жөнүндө тиленген болосуң.

Боорукер ата баласынын ой-сезимдерин ачык айтышын каалайт. Жахаба да жүрөгүбүздөгүнү айтышыбызды каалайт

6. Тиленүү — Кудайдын белеги

Тиленүү, айрыкча, кыйынчылыкка туш болгондо кандайча жардам берет? ВИДЕОНУ көргүлө.

Ыйык Китепте Кудайдан тиленүү жүрөгүбүзгө тынчтык берери айтылган. Окугула: Филипиликтер 4:6, 7. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Тиленгенде кыйынчылыктарыбыздын баары чечилип калбаса да, тиленүү кандайча жардам берет?

  • Сен эмнелер жөнүндө тиленгиң келет?

Билесиңби?

«Оомийн» деген сөз «ушундай болсун» же «туура» деген маанини туюнтат. Тээ байыркы убактан бери «оомийн» деген сөз тиленүүнүн аягында айтылып келет (1 Жылнаама 16:36).

7. Тиленгенге атайын убакыт бөл

Кээде такыр бошобогондуктан тиленгенди унутуп коюшубуз мүмкүн. Тиленүү Иса үчүн канчалык маанилүү болгон? Окугула: Матай 14:23; Марк 1:35. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Иса тиленгенге убакыт бөлүш үчүн эмне кылган?

  • Сен тиленгенге кайсы учурда убакыт тапсаң болот?

АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Кудай угушу үчүн, белгилүү бир тилде гана тиленишиң керек».

  • Ушинтип айткандарга эмне дейт элең?

НЕГИЗГИ ОЙ

Чын жүрөктөн тиленүү Жахабага жакындатат, ага жаккандай адам болгонго күч берет жана жан дүйнө тынчтыгын берет.

Кайталоо

  • Кимден тиленишибиз керек?

  • Кантип тиленишибиз керек?

  • Тиленүүнүн кандай пайдасы бар?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Тиленүү жөнүндө көптөр берген суроолордун жообун окуп көр.

«Тиленүү жөнүндө билишиң керек болгон жети нерсе» («Күзөт мунарасы», 1-октябрь, 2010)

Тиленүү эмне үчүн маанилүү экенин жана кантип маңыздуу тиленсе болорун окуп көр.

«Эмне үчүн тиленишим керек?» (jw.org/ky сайтындагы макала)

Кимден тиленишибиз керектигине байланыштуу Ыйык Китепте эмне деп айтылган?

«Ыйык деп эсептелгендерге кайрылып, тиленсе болобу?» (jw.org/ky сайтындагы макала)

Бул ырды угуп, качан жана каерден тиленгенибиз маанилүүбү, жокпу, байкаганга аракет кыл.

«Ар дайым тиленем» (1:22)