Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

13-БӨЛҮМ

Жалган диндер Кудайды жаманатты кылып келишет

Жалган диндер Кудайды жаманатты кылып келишет

Эгер Кудай бири-бириңерди сүйгүлө деп үйрөтсө, анда өздөрүн анын өкүлүбүз деп эсептеген диндер эмне үчүн төбө чачты тик тургузган иштерди кылышат? Анткени алар — жалган диндер. Алар Кудайды жаманатты кылып жатышат. Кандайча? Буга Кудай кандай карайт? Келечекте аларды эмне кылат?

1. Алар кандайча окуулары менен Кудайды каралап жатышат?

Жалган диндер «Кудайдын чындыгын жалгандыкка алмаштырып» салышкан (Римдиктер 1:25). Мисалы, диндердин көбү Кудайдын аты бар деп окутушпайт. Анткен менен Ыйык Китепте Кудайды атынан чакырышыбыз керектиги айтылган (Римдиктер 10:13, 14). Айрым диний жетекчилер жамандык болгондо: «Бул — Кудайдын жазганы»,— деп коюшат. Бирок бул — карандай калп. Кудай эч качан жамандык кылбайт. (Оку: Жакып 1:13.) Өкүнүчтүүсү, жалган диний окуулар адамдарды Кудайдан алыстатып жатат.

2. Иштери менен кандайча Кудайды жаманатты кылып жатышат?

Жалган диндер адамдарга Жахаба күткөндөй мамиле кылбайт. Ыйык Китепте алардын «күнөөлөрү топтолуп отуруп асманга чейин жеткени» айтылат (Аян 18:5). Кылымдар бою диндер саясатка кийлигишип, согуштарды колдоп келген. Ошондой эле көптөрдүн канынын төгүлүшүн колдошкон же ага себепкер болушкан. Кээ бир диний жетекчилер майкөл-сүткөл жашагысы келгендиктен өз дининдегилерден акча тартуу кылууну талап кылышат. Мындан алардын Кудайды таптакыр билбей турганы жана анын өкүлү болгонго укугу жок экени көрүнүп турат. (Оку: 1 Жакан 4:8.)

3. Кудай жалган диндерге кандай карайт?

Балким, жалган диндердин иштери сени иренжитип, ачууңду келтиреттир. Анда Кудай кандай сезимде болот деп ойлойсуң? Ал адамдарды абдан жакшы көрөт. Ал эми ага көө жапкан, башкаларга жаман мамиле кылган диний жетекчилерге каарданат. Ал жалган диндердин жок кылынарын, ошондон кийин аларды эч ким «эч качан таба албай» турганын убада кылган (Аян 18:21). Ооба, жакында Кудай жалган диндердин таш-талканын чыгарат (Аян 18:8).

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Кудай жалган диндерге кандай карайт? Диндер дагы кандай жаман иштерди кылып келатат? Бул сага Жахабаны таанып-билгенге эмне үчүн тоскоол болбошу керек? Ушулар жөнүндө бил.

4. Кудайга бардык диндер жагабы?

Көптөр диндердин баары бир эле Кудайга алып барат деп ойлошот. Бирок чын эле ошондойбу? Окугула: Матай 7:13, 14. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Ыйык Китепте өмүргө алып бара турган жол кантип сүрөттөлгөн?

ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроону талкуулагыла.

  • Ыйык Китепте диндердин көбү Кудайга жагат деп айтылабы?

5. Жалган диндер Кудайдын сүйүүгө байланыштуу мыйзамына каршы иш кылууда

Диндер ар кандай иштери менен Кудайга көө жабышат. Алардын жийиркеничтүү иштеринин бири — согушка катышканы. Буга мисал катары төмөнкү ВИДЕОНУ көргүлө. Анан суроолорду талкуулагыла.

  • Экинчи дүйнөлүк согушта көптөгөн чиркөөлөр эмне кылган?

  • Буга карата сен кандай ойдосуң?

Окугула: Жакан 13:34, 35; 17:16. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Диндердин согуштарга катышканына Жахаба кандай карайт деп ойлойсуң?

  • Жалган диндердин айынан көп жаман иштер болууда. Диндердин Кудайдын сүйүүгө байланыштуу мыйзамына каршы келген кандай иштерди кылып келатканын байкап жатасың?

Жалган диндер Кудайдын сүйүүгө байланыштуу мыйзамына каршы иш кылууда

6. Кудай адамдардын жалган динден чыгышын каалайт

Окугула: Аян 18:4 a. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Жалган диндердин айынан адашып жүргөн адамдарды Кудай аман алып калгысы келет. Муну билгениң сага кандай таасир этти?

7. Кудай жөнүндө биле бер

Жалган диндин окуулары менен иштери Кудайга болгон көз карашыңа таасир этиши керекпи? Атасынын кеп-кеңешине кулак какпаган баланы элестетсең. Ал үйүнөн кетип калат да, жаман жолго түшүп кетет. Албетте, анын кылгандары атасына жакпайт. Баласы ушундай кылганы үчүн атасын күнөөлөө адилеттүүлүккө жатабы?

  • Жалган диндердин иштери үчүн Жахабаны күнөөлөө адилеттүүлүккө жатабы? Алардын айынан ал жөнүндө окуп-билгенибизди токтотуп койгонубуз туура болобу?

АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Диндин баары эле жакшы иш кылууга үндөйт».

  • Сен да ушинтип ойлойсуңбу?

  • Эгер көптөгөн диндер жакшы нерсеге үйрөтүшсө, анда эмне үчүн алардын баары эле Кудайга жага бербейт?

НЕГИЗГИ ОЙ

Жалган диндер окуулары, жүрөктүн үшүн алган иштери менен Кудайды жаманатты кылып жатышат. Ошондуктан Кудай аларды жакында жок кылат.

Кайталоо

  • Жалган диндердин окуулары менен иштерине сен кандай карайсың?

  • Жахаба жалган диндерге кандай карайт?

  • Жакында аларды эмне кылат?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Диндердин көбү Кудайга жакпаган кайсы эки нерсени кыларын окуп көр.

«Диндердин баары бирдейби? Алардын баары эле Кудайга жагабы?» (jw.org/ky сайтындагы макала)

Эмне үчүн Жахаба анын эли менен чогуу сыйынышыбызды каалайт?

«Кудайга чогуу сыйынган элдин мүчөсү болуу зарылбы?» (jw.org/ky сайтындагы макала)

Бир дин кызматчынын өз дининен көңүлү кала баштаган. Бирок ал ошого карабай Кудайды издей берген.

«Чиркөөдөн кетип калган дин кызматчы» («Ойгонгула!», февраль, 2015)

Кылымдар бою диндер Кудайды таш боор кылып көрсөтүп, ал жөнүндө ар кандай жалган окууларды таратып келишкен. Ошолордун үчөө жөнүндө окуп көр.

«Кудайды сүйүүгө тоскоол болгон жалган түшүнүктөр» («Күзөт мунарасы», 1-ноябрь, 2013)

a Аян китебинде жалган диндердин эмне үчүн «Улуу Бабыл» деп аталган аялга салыштырыларын билиш үчүн 1-тиркемени кара.