Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

14-БӨЛҮМ

Канткенде Кудайга жаккандай сыйына алабыз?

Канткенде Кудайга жаккандай сыйына алабыз?

Мурунку бөлүмдө талкуулангандай, Кудайга бардык эле диндер жага бербейт. Бирок биз Жараткан Кудайга ал каалагандай сыйына алабыз. Анда ага кандай сыйынуу, башкача айтканда, кандай дин жагат? (Жакып 1:27). Эмесе, бул тууралуу Ыйык Китепте эмне делерин карап көрөлү.

1. Кудайга туура сыйынышты каяктан билсек болот?

Муну Ыйык Китептен биле алабыз. Иса Машаяк Кудайга: «Сенин сөзүң — чындык»,— деп айткан (Жакан 17:17). Айрым диндер Кудайдын Сөзүндө жазылган чындыкты четке кагышат. Анын ордуна, адамдар чыгарган окууларга, каада-салттарга карманышат. Бирок Кудайга анын «осуятын четке каккандар» жакпайт. (Оку: Марк 7:9.) Ага Ыйык Китепте жазылгандарга ылайык сыйынгандар, андагы кеңештерди колдонгондор жагат.

2. Жахабага кантип сыйынышыбыз керек?

Жахаба Жаратканыбыз болгондуктан, ага толук берилгендик сактаганыбыз маанилүү (Аян 4:11). Бул аны сүйүп, ага гана сыйынышыбыз керектигин билдирет. Ошондой эле сыйынганда сөлөкөттөрдү, кандайдыр бир буюм-тайымдарды колдонбошубуз керек. (Оку: Ышая 42:8.)

Биздин сыйынуубуз «ыйык, Кудайга жаккандай» болушу кажет (Римдиктер 12:1). Бул анын мыйзамдарына баш ийишибиз керектигин билдирет. Мисалы, Жахабаны жакшы көргөндөр анын никеге карата бекиткен нормаларын баалашат, аларга ылайык жашашат. Тамеки чегүү, баңгизат колдонуу, насыбай атуу, көп ичүү сыяктуу зыяндуу иштерден алыс болушат a.

3. Эмне үчүн Жахабага анын эли менен чогуу сыйынышыбыз керек?

Жума сайын жыйналыштарга барганыбызда «Жахабаны... даңазалаганга» мүмкүнчүлүгүбүз болот (Забур 111:1, 2). Мисалы, ал жактан аны даңктап ырдайбыз. (Оку: Забур 104:33.) Жахаба жыйналыштарга дайыма барышыбызды каалайт, анткени бизди жакшы көрөт. Ошондой эле бул түбөлүккө рахаттанып өмүр сүрүшүбүз үчүн зарыл экенин билет. Жыйналышка барганда бири-бирибизди бекемдеп-кубаттайбыз.

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Сыйынганда сөлөкөттөрдү, кандайдыр бир буюм-тайымдарды колдонгонубуз эмне үчүн Жахабага жакпайт? Аны даңктоонун кандай маанилүү жолдору бар? Ушулар тууралуу бил.

4. Кудайга сыйынганда сөлөкөттөрдү колдонбошубуз керек

Мунун Кудайга жакпай турганын каяктан билебиз? ВИДЕОНУ көрүп, бул суроону талкуулагыла:

  • Байыркы убакта Кудайдын айрым кызматчылары ага бурканды колдонуп сыйынганда эмне болгон?

Айрымдар өздөрүн Кудайга жакыныраак сезгиси келгендиктен ага сыйынганда сөлөкөттөрдү, буюм-тайымдарды колдонушат. Бирок бул тескерисинче андан алыстатпайбы? Окугула: Чыгуу 20:4—6; Забур 106:35, 36. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Башкалардын Кудайга сыйынганда эмнелерди колдонорун байкадың эле?

  • Жахаба буга кандай карайт?

  • Кудайга сыйынганда сөлөкөттөрдү колдонгонубуз туурабы? Эмне үчүн ушинтип ойлойсуң?

5. Жахабага гана сыйынсак, туура эмес ой-түшүнүктөрдөн арылабыз

Жахабага жаккандай сыйынсак, кандайча туура эмес ой-түшүнүктөрдөн арыларыбызды билиш үчүн ВИДЕОНУ көргүлө.

Окугула: Забур 91:14. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Жахабаны жакшы көрсөк, ага гана сыйынсак, ал эмне кыларын убада кылган?

6. Жыйналыштан Кудайга сыйынабыз

Ал жактан ырдаганда, жооп бергенде Жахабаны даңктайбыз жана бири-бирибиздин ишенимибизди бекемдейбиз. Окугула: Забур 22:22. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Жыйналыштагылардын берген жооптору сага дем-шык береби?

  • Жыйналыштан жооп бергиң келеби?

7. Билгендерибизди башкаларга айтканыбыз Жахабага жагат

Ыйык Китептен билгендерибизди башкаларга айтканга көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар. Окугула: Забур 9:1; 34:1. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Ыйык Китептен билгендериңдин кайсынысын башкаларга айтып бергиң келет?

АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Биз ушунчалык күнөөкөр болгондуктан Кудайга жага албайбыз».

  • Сен кандай деп ойлойсуң?

НЕГИЗГИ ОЙ

Жараткан Кудайга гана сыйынсак, жыйналыштан аны даңктасак жана билгендерибизди башкаларга айтсак, ага жагабыз.

Кайталоо

  • Кудайга туура сыйынышты каяктан билсек болот?

  • Эмне үчүн Жахабага гана сыйынышыбыз керек?

  • Эмне үчүн ага анын эли менен чогуу сыйынышыбыз керек?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

«Мен эми буркандардын кулу эмесмин» деген өмүр баяндан бир аялдын кантип буркандарга сыйынбай калганы жөнүндө окуп көр.

«Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат» («Күзөт мунарасы», 1-июль, 2011)

Жыйналыштан жооп бергенге эмне жардам берет?

«Жыйналышта Жахабаны даңктап-макта» («Күзөт мунарасы», январь, 2019)

Бир жигит, кыйынга турса да, жыйналышка бара берген. Мунун акыбети кайтканбы?

«Жахабанын камкордугун сездим» (3:07)

Көптөр крестти Машаяктын жолдоочулары менен байланыштырышат. Бирок крестти колдонушубуз керекпи?

«Эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрү Кудайга сыйынууда айкаш жыгачты колдонушпайт?» (jw.org/ky сайтындагы макала)

a Булар тууралуу башка бөлүмдөрдө да талкууланат.