Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

16-БӨЛҮМ

Иса жерде жүргөндө эмнелерди кылган?

Иса жерде жүргөндө эмнелерди кылган?

Көптөр Исанын атын укканда алсыз ымыркайды, акылман пайгамбарды же устунда кадалып турган кишини элестетишет. Анын жердеги жашоосу тууралуу окуганда ал жөнүндө көп нерсени биле алабыз. Бул бөлүмдө Иса аткарган абдан маанилүү иштердин айрымдарына жана алардын сага кандай таасир этерине токтолобуз.

1. Иса кайсы эң маанилүү ишти аткарган?

Ал «Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялаган». (Оку: Лука 4:43.) Иса Кудайдын өзүнүн Падышалыгын — адамзаттын бардык көйгөйлөрүн чече турган өкмөтүн — орноторун жарыялаган a. Бул жакшы кабарды ал үч жарым жыл бою талыкпай айткан (Матай 9:35).

2. Иса кереметтерди кандай максат менен жасаган?

Ыйык Китепте Кудайдын «[Иса] аркылуу ажайып иштерди, керемет-жышаандарды көрсөткөнү» айтылат (Элчилер 2:22). Кудай Исага катуу шамалды токтотконго, миңдегендерди тойгузганга, оорулууларды айыктырганга, атүгүл өлгөндөрдү тирилткенге күч берген (Матай 8:23—27; 14:15—21; Марк 6:56; Лука 7:11—17). Мындан аны Кудай жибергени айкын болгон. Ошондой эле бул Жахабанын бардык кыйынчылыктарыбызды чечүүгө кудурети жетерин көрсөтүп турган.

3. Исанын жашоосунан эмнелерди биле алабыз?

Ал Жахабага бардык учурда баш ийген. (Оку: Жакан 8:29.) Иса жерде жүргөндө ар кандай каршылыктарга карабай, Атасынын айткан сөздөрүнүн баарын аткарган. Өмүрүнүн аягына чейин тил алчаактыгынан жазган эмес. Ушундайча ал адамдардын атүгүл оор жагдайларда да Кудайга кызмат кыла аларын далилдеген. Ооба, «анын изи менен так жүрүшүбүз» үчүн, ал бизге «үлгү калтырган» (1 Петир 2:21).

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Исанын жакшы кабарды кантип жарыялаганы жана кандай кереметтерди жасаганы жөнүндө бил.

4. Жакшы кабар тараткан

Иса жакшы кабарды калктын калың катмарына жеткириш үчүн чаң жолдор менен жүздөгөн чакырымдарды жөө басып өткөн. Окугула: Лука 8:1. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Иса аны укканы чогулгандарга эле кабар айтканбы?

  • Ал көптөргө кабар жеткириш үчүн кандай күч-аракет жумшаган?

Кудай Машаяктын жакшы кабар жарыялаарын алдын ала айттырган. Окугула: Ышая 61:1, 2. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Иса бул пайгамбарлыкты кантип аткарган?

  • Кандай деп ойлойсуң, бүгүнкү күндөгү кишилер да ошол жакшы кабарды угууга муктажбы?

5. Маанилүү нерселерди үйрөткөн

Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялагандан сырткары, Иса иш жүзүндө колдонорлук кеңештерди да берген. Анын тоодо айткан айрым насааттарына токтололу. Окугула: Матай 6:14, 34; 7:12. Анан төмөнкү суроолорду талкуулагыла:

  • Бул аяттарда Иса кандай пайдалуу кеңештерди берген?

  • Ушул кеңештерди бүгүнкү күндө да колдонсок болот деп ойлойсуңбу?

6. Кереметтерди жасаган

Жахаба Исага көптөгөн кереметтерди жасаганга күч берген. Алардын бири жөнүндө билиш үчүн Марк 5:25—34-аяттарды окугула же ВИДЕОНУ көргүлө. Анан төмөнкү суроолорду талкуулагыла.

  • Видеодогу аял эмнеге бекем ишенген?

  • Бул керемет сага эмнеси менен жакты?

Окугула: Жакан 5:36. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Исанын кереметтери ал жөнүндө эмнени күбөлөндүрүп турган?

Билесиңби?

Иса жөнүндө көбүнчө Инжилге кирген төрт китептен биле алабыз. Ал китептерди Матай, Марк, Лука жана Жакан жазган. Алар Исанын жашоосунда болгон окуяларды ар тараптуу баяндашкан. Алардын жазгандарын чогулта келгенде, Исанын жашоосу толугу менен көз алдыбызга тартылат.

  • МАТАЙ

    Инжилдин эң биринчи китебин жазган. Ал Исанын окууларына, өзгөчө, Кудайдын Падышалыгы жөнүндө айткандарына басым жасаган.

  • МАРК

    Инжилдин эң кыска китебин жазган. Ал Исанын жашоосундагы жүрөк козгоорлук көп окуяларды баяндаган.

  • ЛУКА

    Тиленүүнүн Иса үчүн канчалык маанилүү болгонуна жана анын аялзатына боорукердик менен мамиле кылганына көңүл бурган.

  • ЖАКАН

    Исанын жакын достору жана башкалар менен сүйлөшкөнү жөнүндө көп жазган. Алардан Исанын кандай адам болгонун биле алабыз.

АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Иса кадимки эле пайгамбарлардын бири болгон».

  • Сен кандай деп ойлойсуң?

НЕГИЗГИ ОЙ

Иса Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айткан, кереметтерди жасаган. Ал бардык учурда Жахабага баш ийген.

Кайталоо

  • Иса жерде жүргөндө аткарган иштердин эң маанилүүсү кайсы болгон?

  • Анын кереметтери эмнени далилдеген?

  • Ал иш жүзүндө колдонорлук кандай кеңештерди берген?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Исанын кереметтерди жасаганына эмне үчүн ишенсек болорун окуп көр.

«Ыйсанын кереметтери. Алар эмнени ачып берет?» («Күзөт мунарасы», 1-август, 2004)

Исанын башкаларга чын жүрөктөн кам көргөнү бир кишиге кандай таасир эткен?

«Өзүмдөн башканы ойлочу эмесмин» («Күзөт мунарасы», 1-октябрь, 2014)

Иса аткарган маанилүү иштерди хронологиялык тартипте окуп көр.

«Исанын жердеги жашоосу» («Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берген курал», 4Б)

a Кудайдын Падышалыгы жөнүндө 31—33-бөлүмдөрдөн көбүрөөк билебиз.