Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

18-БӨЛҮМ

Машаяктын чыныгы жолдоочуларын кантип аныктаса болот?

Машаяктын чыныгы жолдоочуларын кантип аныктаса болот?

Дүйнө жүзүндө миллиарддаган адамдар өздөрүн Машаяктын жолдоочуларыбыз деп эсептешет. Бирок алардын ишенген нерселери менен карманган мыйзам-принциптери бири-бириникинен айырмаланат. Анда кимиси Машаяктын чыныгы жолдоочулары экенин кантип биле алабыз?

1. Машаяктын жолдоочулары деген кимдер?

Алар — Иса Машаяктын шакирттери. (Оку: Элчилер 11:26.) Алардын Машаяктын шакирттери экени эмнеден көрүнүп турат? Иса: «Эгерде менин сөздөрүм боюнча жашасаңар, анда чындап менин шакирттеримсиңер»,— деген (Жакан 8:31). Бул Машаяктын чыныгы жолдоочулары анын осуяттарына баш ийиши керектигин билдирет. Иса башкаларды окутуп жатканда айткандарын Ыйык Китепке негиздечү. Анын чыныгы жолдоочулары да ушинтишет. (Оку: Лука 24:27.)

2. Алар бири-бирин сүйөрүн кантип көрсөтүшөт?

Иса Машаяк жолдоочуларына: «Бири-бириңерди мен силерди сүйгөндөй сүйгүлө»,— деп айткан (Жакан 15:12). Ал шакирттерин сүйөрүн кантип көрсөткөн? Алар менен чогуу убакыт өткөрүп, кубаттап-бекемдеп, дайыма жардам берчү. Атүгүл алар үчүн өмүрүн да берген (1 Жакан 3:16). Ошол сыяктуу эле, Машаяктын чыныгы жолдоочулары: «Бири-бирибизди сүйүшүбүз керек»,— деп эле айтып коюшпайт. Муну иш жүзүндө көрсөтүшөт.

3. Кайсы ишти аткарып жатышат?

Иса шакирттерине маанилүү бир иш тапшырган. Ал «аларды Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айтууга жөнөткөн» (Лука 9:2). Машаяктын алгачкы жолдоочулары өздөрү сыйынган жерлерде эле эмес, эл көп жерлерде, үймө-үй кыдырып кабар айтышчу. (Оку: Элчилер 5:42; 17:17.) Бүгүнкү күндөгү жолдоочулары да Ыйык Китептеги чындыкты бардык жерде жарыялашат. Алар башкаларды жакшы көрүшөт. Ошон үчүн аларга Кудайдын Сөзүндөгү сооротуп, үмүт берерлик кабарды айтканга бүт күчүн, убактысын жумшашат (Марк 12:31).

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Машаяктын чыныгы жолдоочуларын анын айткандарына, үлгүсүнө карманбагандардан кантип айырмаласа болорун бил.

4. Ыйык Китептеги чындыкты билгенге ынтызар

Машаяктын алгачкы жолдоочулары Кудайдын Сөзүн баалашкан

Өздөрүн Машаяктын жолдоочуларыбыз деп эсептегендердин баары эле Ыйык Китептеги чындыкты баалай беришпейт. ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроону талкуулагыла.

  • Айрым чиркөөлөрдүн окуулары Исанын айткандарынан эмнеси менен айырмаланган?

Иса элге Кудайдын Сөзүндөгү чындыкты жарыялаган. Окугула: Жакан 18:37. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Исанын айткандарына ылайык, «чындык тараптагыларды» кантип аныктай алабыз?

5. Кудайдын Сөзүндөгү чындыкты башкаларга жарыялашат

Башкаларга кабар айтышкан

Иса асманга кетерде жолдоочуларына маанилүү бир ишти тапшырган. Ал иш азыркыга чейин уланып жатат. Окугула: Матай 28:19, 20; Элчилер 1:8. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Кабар айтуу иши канчалык кулач жаймак?

6. Айткандарына ылайык жашашат

Том деген киши Машаяктын чыныгы жолдоочуларын тапканына эмнеден улам ынанган? ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроолорду талкуулагыла.

  • Томдун динден эмне үчүн көңүлү калган?

  • Ал чындыкты тапканына эмнеден улам көзү жеткен?

Адам сөзүнөн эмес, ишинен таанылат. Окугула: Матай 7:21. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Иса үчүн эмне маанилүү: жөн эле ага ишенем деп койгонубузбу же аны иш жүзүндө көрсөткөнүбүзбү?

7. Бири-бирин жакшы көрүшөт

Бири-бирин жакшы көрүшкөн

Машаяктын чыныгы жолдоочулары ишенимдештери үчүн өмүрүн тобокелге салган учурлар болгонбу? ВИДЕОНУ көрүп, төмөндөгү суроолорду талкуулагыла:

  • Лойд эмнеге Йохансен үчүн өлгөнгө да даяр болгон?

  • Кандай деп ойлойсуң, ал Машаяктын чыныгы жолдоочусундай иш кылганбы?

Окугула: Жакан 13:34, 35. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Исанын шакирттери (чыныгы жолдоочулары) башка улуттагы, расадагы адамдарга кандай мамиле кылышат?

  • Муну алар согуш-жаңжал учурунда кантип көрсөтүшөт?

АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Машаяктын жолдоочусубуз дегендер төбө чачты тик тургузган иштерди кылып келишкен. Анан кантип алардыкы чыныгы дин болсун?»

  • Машаяктын чыныгы жолдоочуларын кантип аныктаса болорун көрсөтүш үчүн кайсы аятты окуп берет элең?

НЕГИЗГИ ОЙ

Машаяктын жолдоочулары Ыйык Китепте жазылгандарга карманып жашашат, бири-бири үчүн жанын бергенге да даяр. Ошондой эле Ыйык Китептеги чындыкты жарыялашат.

Кайталоо

  • Машаяктын чыныгы жолдоочуларынын ишенген нерселери эмнеге негизделет?

  • Аларды башкалардан кайсы сапат айырмалап турат?

  • Алар кайсы маанилүү ишти аткарып жатышат?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Машаяктын үлгүсүнө жана айткандарына карманып жашаш үчүн колунан келгендин баарын кылып жаткан эл жөнүндө бил.

«Жахабанын Күбөлөрү деген кимдер?» (1:13)

Католик динин туткан бир аялга Кудайдын элине кошулганга эмне жардам берген?

«Ар бир суроомо Ыйык Китепти колдонуп жооп беришкен» («Күзөт мунарасы», 1-апрель, 2014)

Машаяктын чыныгы жолдоочулары жардамга муктаж болгон ишенимдештерине кантип сүйүү көрсөтүшөт?

«Табигый кырсык болгондо ишенимдештерибизге жардам берүү» (үзүндү) (3:57)

Иса чыныгы жолдоочуларын эмнелер айырмалап турарын айткан. Анын алгачкы шакирттери ал айткан нерселерди аткарганбы? Ал эми бүгүнкү күндөгү жолдоочуларычы?

«Машаяктын чыныгы жолдоочуларын эмнелер айырмалап турат?» («Күзөт мунарасы», 1-март, 2012)