Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

23-БӨЛҮМ

Чөмүлүү жаркын келечекке жол ачат!

Чөмүлүү жаркын келечекке жол ачат!

Иса Машаяк анын жолдоочусу болгусу келгендердин баары чөмүлүшү керектигин айткан. (Оку: Матай 28:19, 20.) Бирок чөмүлүү деген эмне? Чөмүлүш үчүн эмне кылыш керек?

1. Чөмүлүү деген эмне?

Грек тилинен «чөмүлүү» деп которулган сөз сууга «чумкуу» деген маанини билдирет. Иса чөмүлгөндө Иордан дарыясына чумкутулуп, кайра «суудан чыккан» (Марк 1:9, 10). Ошо сыяктуу эле, анын чыныгы жолдоочулары чөмүлгөндө сууга толугу менен чумкутулат.

2. Чөмүлгөндө эмнени көрсөтөбүз?

Кимдир бирөө чөмүлгөндө өзүн Жахаба Кудайга арнаганын көрсөтөт. Киши өзүн Кудайга кантип арнайт? Чөмүлгөнгө чейин өз алдынча Жахабадан тиленип жатып ага түбөлүккө кызмат кылгысы келерин, ага гана сыйынып, анын эркин аткарууну жашоосунда эң биринчи орунга коёрун айтып убада берет. Ал «өзүнөн баш тартып», Исадан үлгү алууну, анын айткандары боюнча жашоону чечет (Матай 16:24). Өзүн Жахабага арнап, чөмүлгөндүн аркасында ал Жахаба менен да, ишенимдештери менен да ынак мамиледе боло алат.

3. Чөмүлгөнгө чейин эмнелерди кылыш керек?

Чөмүлгөнгө даяр болуш үчүн Жахаба жөнүндө билим алып, ага бекем ишеним өрчүтүшүң керек. (Оку: Еврейлер 11:6.) Жахаба жөнүндө билимиң тереңдеп, ишенимиң өскөн сайын, ага болгон сүйүүң арта берет. Натыйжада ал тууралуу башкаларга айткың келе баштайт. Ошондой эле анын мыйзам-принциптери боюнча жашаганга чечкиндүү болуп каласың (2 Тиметей 4:2; 1 Жакан 5:3). «Жахабанын ысмына татыктуу жашап, ага бардык жагынан жаккысы» келген киши өмүрүн ага арноону жана чөмүлүүнү чечиши мүмкүн (Колосалыктар 1:9, 10) a.

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Исанын чөмүлгөнү жөнүндө жазылгандардан эмнелерди биле алабыз? Чөмүлүш үчүн эмне кылыш керек? Ушулар тууралуу бил.

4. Исанын чөмүлгөнүнөн эмнелерди биле алабыз?

Исанын чөмүлгөнү жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн Матай 3:13—17-аяттарды окугула. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Иса чөмүлгөндө ымыркай болчу бекен?

  • Ал кантип чөмүлгөн? Ага жөн эле суу чачыратып коюшканбы?

Чөмүлгөндөн тартып Иса Кудай тапшырган маанилүү ишти аткара баштаган. Окугула: Лука 3:21—23; Жакан 6:38. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Чөмүлгөндөн кийин Иса кайсы ишти жашоосунда биринчи орунга койгон?

5. Чөмүлүү — сен жете ала турган максат

Өзүңдү Жахабага арноо жана чөмүлүү башында мүмкүн эместей сезилиши ыктымал. Бирок Жахаба жөнүндө көбүрөөк биле берсең, бара-бара өзүңдү ишенимдүү сезип, бул маанилүү чечимди чыгарганга даяр болуп каласың. Айрымдарга бул жагынан эмне жардам бергенин билиш үчүн ВИДЕОНУ көргүлө.

Окугула: Жакан 17:3; Жакып 1:5. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Чөмүлүүгө даяр болгонго эмне жардам берет?

  1. А) Өзүбүздү Жахабага арнаганда ага түбөлүккө кызмат кылгыбыз келерин айтабыз

  2. Б) Чөмүлгөндө өзүбүздү Кудайга арнаганыбызды эл алдында көрсөтөбүз

6. Чөмүлгөндө Жахабанын үй-бүлөсүнө кошулабыз

Чөмүлгөндө бүткүл дүйнөлүк биримдиктүү үй-бүлөнүн мүчөсү болобуз. Каякта жашабасын, тек-жайы кандай болбосун, Жахабанын Күбөлөрүнүн баарынын ишенген нерселери, карманган мыйзам-принциптери бирдей. Окугула: Забур 25:14; 1 Петир 2:17. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Чөмүлгөнүбүз Жахаба менен жана анын кызматчылары менен болгон мамилебизге кандай таасир этет?

АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Мен чөмүлгөнгө даяр эмесмин».

  • Сен да өзүңдү даяр эмесмин деп ойлойсуңбу? Ошентсе да чөмүлүүнү жетсе боло турган максат деп эсептейсиңби?

НЕГИЗГИ ОЙ

Иса анын жолдоочусу болгусу келгендер чөмүлүшү керектигин айткан. Чөмүлгүсү келген киши Жахабага бекем ишеним өрчүтүшү, анын мыйзам-принциптерине ылайык жашашы жана өзүн ага арнашы керек.

Кайталоо

  • Чөмүлүү деген эмне жана ал эмне үчүн маанилүү?

  • Өзүн Кудайга арноо менен чөмүлүүнүн кандай байланышы бар?

  • Өмүрүн Кудайга арнап, чөмүлгүсү келгендер кандай кадамдарды жасашы керек?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Чөмүлүүнүн эмнени билдирерин, эмнени билдирбей турганын окуп көр.

«Чөмүлүү деген эмне?» (jw.org/ky сайтындагы макала)

Бир кишиге чөмүлгөнгө эмне түрткү бергенин окуп көр.

«Чындыкты өзүм аныктап-билишимди каалашкан» («Күзөт мунарасы», 1-февраль, 2013)

Эмне үчүн чөмүлүүнү жете ала турган жакшы максат десе болот? Ага кантип даярдана аласың?

«Чөмүлүшүм керекпи?» («Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер», 2-том, 37-бөлүм)

a Мурун башка динди тутуп жүргөндө чөмүлгөн киши кайра чөмүлүшү керек болот. Эмне үчүн? Анткени ал дини Ыйык Китептеги чындыкты окутчу эмес. (Элчилер 19:1—5-аяттарды жана ушул адабияттын 13-бөлүмүн кара.)