Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

24-БӨЛҮМ

Периштелер жөнүндөгү чындык

Периштелер жөнүндөгү чындык

Жахаба биздин периштелерден турган асмандагы үй-бүлөсү жөнүндө билишибизди каалайт. Периштелер «Кудайдын уулдары» деп аталат (Аюп 38:7). Ыйык Китептен алар жөнүндө эмнелерди биле алабыз? Алар адамдарга кандай таасир этет? Периштелердин баары Кудайдын үй-бүлөсүнө киреби?

1. Периштелер деген кимдер?

Жахаба периштелерди жерди жаратканга чейин эле жараткан. Алар, Жахабага окшоп, көзгө көрүнбөйт жана асманда жашайт (Еврейлер 1:14). Периштелер миллиондоп саналат жана бири-биринен айырмаланышат (Аян 5:11). Алар «Жахабанын... сөзүн аткарып, тилин алышат» (Забур 103:20). Байыркы убакта Жахаба элине кабар жеткириш үчүн, аларды колдоп-коргош үчүн кээде периштелерин жиберчү. Бүгүн болсо периштелер бизге Кудай жөнүндө билгиси келгендерди тапканга жардам беришет.

2. Шайтан жана жин-перилер деген кимдер?

Кээ бир периштелер Жахабага ишенимдүүлүгүн сакташкан эмес. Ага каршы чыккан биринчи периште «бүт жер жүзүн адаштырып жүргөн... Ибилис жана Шайтан деп аталат» (Аян 12:9). Шайтан башкалардын үстүнөн бийлик жүргүзгүсү келген. Ошон үчүн Адам ата менен Обо энени, кийинчерээк башка периштелерди Кудайга каршы чыкканга тукурган. Ошол периштелер жиндер деп аталып калган. Жахаба аларды асмандан жерге кууп түшүргөн, жакында биротоло жок кылат. (Оку: Аян 12:9, 12.)

3. Шайтан менен жиндер бизди адаштырыш үчүн эмнелерди кылышат?

Алар көптөрдү спиритизм аркылуу адаштырып келет. Спиритизм — бул жиндер менен байланышууга аракет кылуу. Мисалы, кээ бирлер жылдыз төлгөчүлөргө, көзү ачыктарга, бүбү-бакшыларга кайрылышат. Башкалар болсо дарылануунун спиритизм менен байланышы бар түрлөрүн колдонушат. Көптөр өлгөндөр менен сүйлөшсө болот дегенге ишенип алданышат. Бирок Жахаба: «Өлгөндөрдү чакыргандарга кайрылбагыла, келечекти алдын ала айткандар менен кеңешпегиле»,— деп эскертет (Лебилер 19:31). Ал бизди Шайтан менен жиндерден коргогусу келет. Анткени алар — Кудайдын душмандары жана бизге зыян келтирүүнү көздөшөт.

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Периштелер кандай жакшы иштерди кылышат? Спиритизм эмнеси менен кооптуу? Шайтан менен жиндерден өзүбүздү кантип коргосок болот? Ушулар жөнүндө бил.

4. Периштелер Жахаба жөнүндө билгенге жардам беришет

Алар адамдарга түзмө-түз кабар айтышпайт. Бирок Кудайдын кызматчыларына ал жөнүндө билгиси келгендерди тапканга жардам бере алышат. Окугула: Аян 14:6, 7. Анан төмөнкү суроолорду талкуулагыла:

  • Кабар айтканда эмне үчүн периштелердин жардамына муктажбыз?

  • Кудай жөнүндө билгиси келгендерге кабар айтышың үчүн, периштелердин сени да жетектей аларын билгенде жүрөгүң козголдубу? Эмне үчүн?

5. Жин-перилер менен байланышпа

Шайтан менен жиндер — Жахабанын да, биздин да душмандарыбыз. Окугула: Лука 9:38—42. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Жин-перилер адамдарды эмне кылышат?

Эч кимибиз жиндер менен байланышып калгыбыз келбейт. Окугула: Мыйзам 18:10—12. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Жин-перилер бизге таасир эткенге жана биз менен байланышканга кандай жолдор менен аракет кылышат? Сен жашаган жакта ушулардын кайсынысы кеңири тараган?

  • Жахабанын спиритизм менен байланышы бар иштерди кылганга тыюу салганын туура деп эсептейсиңби? Эмне үчүн?

ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроолорду талкуулагыла:

  • Палесанын кызынын колундагы тумардын зыяны бар беле? Эмне үчүн ушинтип ойлойсуң?

  • Палеса өзүн жиндерден коргош үчүн эмне кылышы керек болгон?

Машаяктын чыныгы жолдоочулары жин-перилерге дайыма каршы турушат. Окугула: Элчилер 19:19; 1 Корунттуктар 10:21. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Спиритизм менен байланышы бар нерселериңдин баарын жок кылганың эмне үчүн маанилүү?

6. Шайтан жана анын жин-перилери менен болгон кармашта жеңүүчү бол

Жин-перилерди Шайтан башкарат. Ал эми Кудайга ишенимдүү периштелерди башкы периште Микеил жетектейт. Микеил — Исанын дагы бир аты. Ал канчалык күчтүү? Окугула: Аян 12:7—9. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Микеил менен анын периштелери күчтүүбү же Шайтан менен жиндерби?

  • Кандай деп ойлойсуң, Иса Машаяктын жолдоочулары Шайтан менен жин-перилерден коркушу керекпи?

Сен Шайтан жана анын жин-перилери менен болгон кармашта жеңе аласың. Окугула: Жакып 4:7. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Өзүңдү Шайтан менен жиндерден кантип коргой аласың?

АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Спиритизм менен байланышы бар оюндарды ойногондун, мультфильм жана кинолорду көргөндүн эч жаман жери жок. Бул жөн эле көңүл ачуу да».

  • Ушинтип ойлоо эмне үчүн коркунучтуу?

НЕГИЗГИ ОЙ

Кудайдын ишенимдүү периштелери бизге жардам беришет. Ал эми Шайтан менен жин-перилер — Жахабанын душмандары. Алар спиритизмди колдонуп адамдарды адаштырышат.

Кайталоо

  • Жахабанын периштелери адамдарга ал жөнүндө билгенге кантип жардам беришет?

  • Шайтан жана жиндер деген кимдер?

  • Эмне үчүн спиритизмден оолак болгуң келет?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Исанын башкы периште Микеил экенине кандай далилдер бар экенин окуп көр.

«Башкы периште Микеил деген ким?» (jw.org/ky сайтындагы макала)

Шайтан тек гана ичибизде жашаган жамандык же жаман сапатпы?

«Шайтан Ибилис чынында эле барбы?» (jw.org/ky сайтындагы макала)

Бир аялдын жин-перилердин таасиринен кантип арылганы жөнүндө окуп көр.

«Ал жашоонун маңызын тапкан» («Күзөт мунарасы», 1-июль, 1993)

Шайтан адамдарды адаштырыш үчүн спиритизмди кантип колдонот?

«Сыйкырчылык жана дуба окуу тууралуу чындык» («Түбөлүк өмүргө алып бара турган жол», 5-бөлүм)