Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

25-БӨЛҮМ

Кудай бизди эмне үчүн жараткан?

Кудай бизди эмне үчүн жараткан?

Ыйык Китепте: «Адамдын өмүрү кыска, санаага толгон»,— деп айтылат (Аюп 14:1). Кудай биздин ушинтип кыйналып жашашыбызды каалады беле? Эгер каалабаса, анда анын ой-ниети кандай эле? Качандыр бир убакта ошол ой-ниети ишке ашабы? Бул суроолордун жообун Ыйык Китептен таба алабыз. Алар бизге үмүт берет.

1. Жахаба жашообуздун кандай болушун каалайт?

Ал биздин эң сонун шарттарда жашашыбызды каалайт. Адам ата менен Обо энени жараткандан кийин Жахаба аларды ажайып кооз бейишке, Эйден багына, жайгаштырган. «Анан аларга: „Укумдап-тукумдагыла, жер бетин толтургула, аны иштеткиле“,— деп батасын берген» (Башталыш 1:28). Жахаба алардын бала-чакалуу болуп, бүт жер бетин бейишке айландырышын, жан-жаныбарларга кам көрүшүн каалаган. Ал бардык адамдардын ден соолугу чың болуп, түбөлүк өмүр сүрүшүн ниет кылган.

Албетте, азыр жашоо Кудай каалагандай эмес a. Бирок анын баштапкы ой-ниети өзгөргөн жок (Ышая 46:10, 11). Ал дагы деле ага баш ийген кишилердин телегейи тегиз шартта түбөлүк жашашын каалайт. (Оку: Аян 21:3, 4.)

2. Канткенде жашообуз азыртадан эле маңыздуу болот?

Жахаба бизди «рухий муктаждык» менен жараткан. Бул жүрөгүбүздө аны таанып-билип, ага сыйынууга болгон каалоо бар экенин билдирет. (Оку: Матай 5:3—6.) Кудай биздин аны менен ынак мамиледе болушубузду, «анын жолдору менен жүрүп, аны сүйүшүбүздү», «бүт жүрөгүбүз» менен кызмат кылышыбызды каалайт (Мыйзам 10:12; Забур 25:14). Эгер ушундай кылсак, кыйынчылыктарга карабай чындап бактылуу боло алабыз. Жахабага сыйынсак, жашообуз маңызга толот, анткени ал каалагандай жашаган болобуз.

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Жахабанын жерди жашоого ыңгайлуу кылып жаратканынан бизди жакшы көрөрү кандайча көрүнүп турат? Анын Сөзүндө жашоонун маңызы жөнүндө эмне делет? Ушулар тууралуу көбүрөөк бил.

3. Жахаба жыргап-куунап жашашыбызды каалайт

ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроону талкуулагыла:

  • Кудай көз жоосун алган Жер планетасын эмне үчүн жараткан?

Окугула: Насаатчы 3:11. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Бул аяттан көрүнүп тургандай, Жахаба бизди кандай ой-ниет менен жараткан?

4. Жахабанын ой-ниети өзгөргөн жок

Окугула: Забур 37:11, 29; Ышая 55:11. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Жахабанын адамзатка карата ой-ниети өзгөрбөгөнүн каяктан билебиз?

5. Жахабага сыйынсак, жашообуз чындап маңыздуу болот

Жашоонун маңызын тапкандар бактылуу болушат. ВИДЕОНУ көрүп, бул суроону талкуулагыла:

  • Жашоонун маңызын тапканы Терумиге кандай таасир эткен?

Окугула: Насаатчы 12:13. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Жахаба бизге ушунчалык көп жакшылык кылып келаткандыктан, ага кантип ыраазычылык билдирсек болот?

АЙРЫМДАР МИНТИП СУРАШЫ МҮМКҮН: «Биз эмне үчүн жаралганбыз?»

  • Сен эмне деп жооп берет элең?

НЕГИЗГИ ОЙ

Жахаба биздин жер бетинде телегейи тегиз шартта түбөлүккө рахаттанып өмүр сүрүшүбүздү каалайт. Ага бүт жүрөгүбүз менен кызмат кылсак, жашообуз азыртадан эле чындап маңыздуу болот.

Кайталоо

  • Жахаба Адам ата менен Обо энени эмне үчүн жараткан?

  • Кудайдын адамзатка карата ой-ниети өзгөрбөгөнүн каяктан билебиз?

  • Канткенде жашооң маңыздуу болот?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Эйден багынын чындап эле болгонуна кандай далилдер бар экенин окуп көр.

«Эйден багы чынында эле болгонбу?» («Күзөт мунарасы», январь—март, 2011)

Жердин эч качан жок болбой турганына эмне үчүн ишенсек болот?

«Жер жок болуп кетеби?» (jw.org/ky сайтындагы макала)

Канткенде жашооң маңыздуу болот? Бул жөнүндө Ыйык Китепте эмне делерин окуп көр.

«Жашоонун маңызы эмнеде?» (jw.org/ky сайтындагы макала)

Бир кишиге, каалаганынын баары бар болсо да, бир нерсе жетпей жаткандай сезиле берчү. Ал ошол боштукту кантип толтурган?

«Азыр жашоом маңыздуу» (3:55)

a Мунун себебин кийинки бөлүмдөн биле аласың.