Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

27-БӨЛҮМ

Исанын өлүмү кандайча куткарылышыбызга жол ачат?

Исанын өлүмү кандайча куткарылышыбызга жол ачат?

Түпкү ата-энебиз Адам менен Обо Кудайга баш ийбей койгондуктан, биз күнөө кетиребиз, азап чегебиз, акыры өлүмгө моюн сунабыз a. Бирок үмүтсүз абалда эмеспиз. Анткени Жахаба бизди күнөө менен өлүмдөн куткарыш үчүн Уулу Иса Машаяк аркылуу чара көргөн. Ыйык Китепте айтылгандай, Иса өмүрүн кун катары берген. Кун бул кимдир бирөөнү бошотуп алыш үчүн төлөнгөн бааны билдирет. Иса жеткилең өмүрүн берип, талап кылынган бааны төлөгөн. (Оку: Матай 20:28.) Ал жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүү укугунан өз ыктыяры менен баш тарткан. Мунун аркасында Иса Адам ата менен Обо эне кол жууп калган нерселерге кайрадан ээ болушубузга жол ачкан. Ошондой эле бизди өзү да, Жахаба да абдан жакшы көрөрүн айкын кылган. Бул бөлүм сага биз үчүн өмүрүн берген Исага терең ыраазы болгонго жардам берет.

1. Исанын өз өмүрүн бергени бизге кандай пайда алып келүүдө?

Баарыбыз тең күнөөкөр болгондуктан Жахабага жакпаган иштерди кылып алабыз. Бирок күнөөбүз үчүн чындап өкүнүп, Жахабадан Иса Машаяк аркылуу кечирим сурасак жана каталарыбызды кайталабаганга бүт күчүбүздү жумшасак, аны менен ынак мамиледе болобуз (1 Жакан 2:1). Ыйык Китепте: «Адил адам Машаяк да адил эместер үчүн бир эле жолу өлүп, аларды күнөөдөн арылткан. Муну ал силерди Кудайга алып келиш үчүн кылган»,— деп айтылат (1 Петир 3:18).

2. Исанын курмандыгы келечекте кандай пайда алып келет?

Жахаба Исаны жеткилең адам катары өмүрүн курмандыкка бериш үчүн жерге жиберген. Муну ал Исага «ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болушу» үчүн кылган (Жакан 3:16). Иса өз өмүрүн бергендиктен, Жахаба жакында Адам атанын айынан болгон бардык жамандыкты жок кылат. Бул Исанын курмандыгына ишенсек, жер бетиндеги бейиште түбөлүк өмүр сүрөрүбүздү билдирет (Ышая 65:21—23).

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Иса эмне үчүн өмүрүн берген? Бул сага кандай пайда алып келет? Ушулар тууралуу көбүрөөк бил.

3. Исанын өлүмү бизди күнөө менен өлүмдөн кандайча арылтат?

ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроону талкуулагыла.

  • Адам ата Кудайдын тилин албай койгондо эмнеден кол жууп калган?

Окугула: Римдиктер 5:12. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Сен Адам атанын күнөөсүнүн кандай кесепеттерин тартып жатасың?

Окугула: Жакан 3:16. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Жахаба Уулун жерге эмне үчүн жиберген?

  1. А) Адам ата жеткилең болгон. Бирок Кудайга баш ийбей, адамзатты күнөө менен өлүмдүн жолуна салган

  2. Б) Иса да жеткилең болгон. Ал Кудайга баш ийип, адамзатты жеткилеңдик менен түбөлүк өмүргө алып бара турган жолго салган

4. Исанын өлүмү бардык адамдарга пайда алып келет

ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроону талкуулагыла.

  • Бир эле кишинин өлүмү кандайча бүт адамзатка пайда алып келет?

Окугула: 1 Тиметей 2:6. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Адам ата жеткилең болгон, бирок ал бүт адамзатты күнөө менен өлүмдүн жолуна салган. Иса да жеткилең болгон. Ал кандайча «ылайыктуу кун» төлөгөн?

5. Кун — Жахабанын сен үчүн берген белеги

Жахабанын достору кунду жеке аларга берилген белек деп эсептешет. Буга мисал катары Галатиялыктар 2:20ны окугула. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Элчи Пабыл кунду жеке ага берилген белек катары эсептээрин кантип көрсөткөн?

Адам ата күнөө кетиргенде, ага да, анын бардык урпактарына да өлүм өкүмү чыгарылган. Бирок сен түбөлүк жашашың үчүн, Жахаба Уулун курмандыкка берген.

Төмөнкү аяттарды окуп жатканда Уулунун канчалык кыйналганын көрүп Жахабанын кандай сезимде болгонун элестетип көр. Окугула: Жакан 19:1—7, 16—18. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Жахаба менен Исанын сен үчүн кылган жакшылыктары жөнүндө ойлонгондо кандай сезимде болосуң?

АЙРЫМДАР МИНТИП СУРАШЫ МҮМКҮН: «Кантип эле бир кишинин өлүмү бардык адамдарды куткарсын?»

  • Сен аларга эмне деп жооп берет элең?

НЕГИЗГИ ОЙ

Иса өз өмүрүн бергендиктен, Жахаба күнөөлөрүбүздү кечирет жана келечекте түбөлүккө өмүр сүрөбүз.

Кайталоо

  • Иса эмне үчүн өлгөн?

  • Анын жеткилең өмүрү кандайча ылайыктуу кун болгон?

  • Исанын өлүмү сага кандай пайда алып келет?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Исанын жеткилең өмүрү эмне үчүн кун деп аталарын окуп көр.

«Иса Машаяк кандайча „көптөр үчүн жанын кун катары берген“?» (jw.org/ky сайтындагы макала)

Күнөө менен өлүмдөн куткарылыш үчүн эмне кылышыбыз керек?

«Иса Машаяк кантип куткарат?» (jw.org/ky сайтындагы макала)

Жахаба олуттуу күнөөлөрдү да кечиреби?

«Ыйык Китепте эмне деп айтылат?» («Күзөт мунарасы», 1-май, 2013)

Бир кишиге Машаяктын өз өмүрүн курмандык катары бергенин билгени кулк-мүнөзүн өзгөрткөнгө кандайча жардам бергенин окуп көр.?

«Зордук-зомбулукка кул болбой калдым» (jw.org/ky сайтындагы макала)

a Күнөө деген туура эмес иштерди кылууну эле билдирбейт. Ал биздин Адам ата менен Обо эненин урпактары болгондуктан жаман иштерди кылганга жакын келерибизди да билдирет.