Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

30-БӨЛҮМ

Өлгөн жакындарың тирилет!

Өлгөн жакындарың тирилет!

Өлүм жүрөктү сыздатып, күйүт тарттырат. Ошон үчүн ал Ыйык Китепте душман деп аталат (1 Корунттуктар 15:26). 27-бөлүмдөн Жахабанын өлүмдү биротоло жок кыларын билгенсиң. Бирок ал душманга мурун эле жем болгондор эмне болот? Бул бөлүмдөн Жахабанын дагы бир сонун убадасы жөнүндө билесиң. Тагыраак айтканда, ал миллиарддаган адамдарды тирилтип, түбөлүк өмүр сүргөнгө мүмкүнчүлүк берет. Бирок чын эле ушундай болобу? Өлгөндөр тирилгенде асманда жашайбы же жердеби?

1. Жахаба өлгөн жакындарыбызды тирилтүүнү каалайбы?

Ооба, абдан каалайт. Ишеними күчтүү Аюп деген киши Кудай аны көз жумгандан кийин да унутпай турганына шектенген эмес. Ал Кудайга: «Сен чакырасың — мен [көрдөн] жооп берем»,— деп айткан. (Оку: Аюп 14:13—15.)

2. Өлгөндөрдүн тирилерин кайдан билебиз?

Иса жерде жүргөндө, Кудай ага өлгөндөрдү тирилткенге күч берген. Мисалы, ал 12 жашар кызды жана жесир аялдын уулун тирилткен (Марк 5:41, 42; Лука 7:12—15). Ал эми кийинчерээк каза болуп калган досу Лазарды тирилткен. Анын мүрзөгө коюлганына төрт күн болуп калган эле. Кудайга кайрылып тиленгенден кийин Иса мүрзө жакты карап: «Лазар, чык!» — деп айткан. Ошондо «Лазар мүрзөдөн чыгып келген» (Жакан 11:43, 44). Лазардын жакындары менен досторунун канчалык сүйүнгөнүн элестетсең!

3. Өлгөн жакындарың үчүн кандай үмүт бар?

Ыйык Китепте өлгөндөрдүн тирилери убада кылынган (Элчилер 24:15). Иса тирилткен кишилер асманга кеткен эмес (Жакан 3:13). Алар жерде жашаш үчүн тирилген жана буга аябай сүйүнүшкөн. Жакында Машаяк миллиарддаган адамдарды жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашаш үчүн тирилтет. Ал «эстелүүчү мүрзөлөрдө» жаткандардын — башкалар унутуп койсо да, Кудай унутпаган кишилердин — баары тирилерин айткан (Жакан 5:28, 29, шилтеме).

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Ыйык Китепте өлгөндөрдүн тирилерине кандай далилдер бар? Алардын тирилери кандайча сооротуп, үмүт берет? Ушулар тууралуу бил.

4. Иса өлгөндөрдү тирилтүүгө кудуреттүү экенин далилдеген

Анын досу Лазарды тирилткенине кененирээк токтололу. Окугула: Жакан 11:14, 38—44. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Лазардын чынында эле өлгөнүн кайдан билебиз? (39-аятты кара.)

  • Эгер Лазар асманга кеткен болсо, анда Иса аны жерге кайрып келгенби?

ВИДЕОНУ көргүлө.

5. Көптөр тирилет

Окугула: Забур 37:29. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Миллиарддаган адамдар тирилгенден кийин каякта жашашат?

Иса Жахабага сыйынгандарды эле эмес, дагы башка көптөгөн кишилерди да тирилтет. Окугула: Элчилер 24:15. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Сен кимдин тирилишин каалайсың?

Атасы баласын оңой эле ойготкондой, Иса да өлгөндөрдү оңой эле тирилте алат

6. Өлгөндөрдүн тирилерин билүү сооротуп, үмүт берет

Ыйык Китептеги Жайырдын кызы жөнүндөгү окуя күйүт тартып жүргөндөрдү жубатып, кайрат берет. Чынында эле болгон ал окуяны Лука 8:40—42, 49—56-аяттардан окугула.

Кызын тирилтердин алдында Иса Жайырга: «Коркпо. Болгону эле, ишен»,— деген. (50-аятты кара.) Өлгөндөрдүн тирилерине болгон үмүт сага төмөнкү жагдайларда кандайча жардам бериши мүмкүн?

  • Жакыныңан айрылганда

  • Өмүрүңө коркунуч туулганда

ВИДЕОНУ көрүп, бул суроону талкуулагыла:

  • Өлгөндөрдүн тирилерине болгон үмүт Фелиситинин ата-энесин кандайча соороткон?

АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Кантип эле сөөгү сөпөт болгондор тирилсин?!»

  • Сен кандай деп ойлойсуң?

  • Кайтыш болгондордун тирилерин далилдеш үчүн кайсы аятты колдонот элең?

НЕГИЗГИ ОЙ

Ыйык Китепте миллиарддаган кишилердин тирилери убада кылынган. Жахаба алардын кайрадан жашашын каалайт. Ошон үчүн Исага аларды тирилткенге күч берген.

Кайталоо

  • Жахаба менен Исанын өлгөндөрдү тирилткиси келерин кайдан билебиз?

  • Миллиарддаган адамдар тирилгенде каякта жашайт: асмандабы же жердеби? Эмне үчүн ушинтип ойлойсуң?

  • Каза болгон жакындарыңдын кайра жашаарына сени эмне ынандырды?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Күйүттү жеңиш үчүн эмне кылсаң болорун окуп көр.

«Күйүт тарткандарга эмне жардам берет?» («Ойгонгула!», № 3 2018)

Ыйык Китептеги кеңештер күйүткө батып жүргөндөргө жардам бере алабы?

«Жакын адамыңардан айрылганда» (5:06)

Жакынынан айрылган балдарга күйүттү көтөргөнгө эмне жардам берет?

«Кун» (2:07)

Асманда жашаш үчүн тириле тургандар болобу? Кимдер тирилбейт?

«Тирилүү деген эмнени билдирет?» (jw.org/ky сайтындагы макала)