Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

31-БӨЛҮМ

Кудайдын Падышалыгы деген эмне?

Кудайдын Падышалыгы деген эмне?

Ыйык Китептеги эң негизги тема — Кудайдын Падышалыгы. Жахаба ошол Падышалык аркылуу жерди бейишке айлантат. Кудайдын Падышалыгы деген эмне? Анын азыркы учурда башкарып жатканын кайдан билебиз? Ал буга чейин эмнелерди ишке ашырды? Келечекте эмнелерди кылат? Бул суроолорго ушул жана кийинки эки бөлүмдөн жооп алабыз.

1. Кудайдын Падышалыгы деген эмне жана анын Падышасы ким?

Кудайдын Падышалыгы — бул Кудай өзү орноткон өкмөт. Анын Падышасы — Иса Машаяк. Ал асмандан башкарат (Матай 4:17; Жакан 18:36). Ыйык Китепте Иса жөнүндө: «Ал... түбөлүккө Падыша болот»,— делген (Лука 1:32, 33). Кудай дайындаган Падыша катары Иса жер жүзүндөгүлөрдүн баарынын үстүнөн бийлик жүргүзөт.

2. Иса жалгыз эле башкарабы?

Жок. Аны менен чогуу «ар бир уруудагы, элдеги, улуттагы, ар кандай тилде сүйлөгөн адамдар... жер үстүнөн падышалык кылышат» (Аян 5:9, 10). Алардын саны канча? Иса жерде кызмат кылып кеткенден бери эсептей турган болсок, анын жолдоочулары миллиондоп саналат. Бирок алардын ичинен Иса менен чогуу асманда бийлик кылганга 144 000 эле киши тандалып алынат. (Оку: Аян 14:1—4.) Калгандарынын баары Падышалыктын жерде жашай турган жарандары болот (Забур 37:29).

3. Кудайдын Падышалыгы жердеги өкмөттөрдөн эмнеси менен жогору турат?

Жердеги башкаруучулар жакшы иштерди кылганга канчалык аракет кылбасын, ойлогонунун баарын ишке ашырганга кудурети жетпейт. Андан тышкары, бийлик алмашып, алардын ордуна элдин камын ойлобогон кишилер келип калышы мүмкүн. Ал эми Падышалыктын Башкаруучусу Исанын ордун эч ким ээлей албайт. Анткени Кудай «эч качан кыйратылбай турган Падышалыкты орноткон» (Даниел 2:44). Иса бүт жер жүзүн башкарып, бардыгына бирдей мамиле кылат. Ал — мээримдүү, боорукер, адилеттүү Падыша. Өз элине да бири-бирине ушундай мамиле кылганды үйрөтөт. (Оку: Ышая 11:9.)

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Кудайдын Падышалыгы жердеги өкмөттөрдөн эмнеси менен жогору турарын бил.

4. Бүтүндөй жер бетин башкара турган кубаттуу өкмөт

Тарыхта бир да башкаруучу Иса Машаяктыкындай бийликке ээ болгон эмес. Окугула: Матай 28:18. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Исанын бийлиги жердеги башкаруучулардыкынан кандайча жогору турат?

Жердеги бийликтер бат-бат эле алмаша берет. Ошондой эле алардын бийлик жүргүзгөн аймагы да чектелүү. Ал эми Кудайдын Падышалыгы жөнүндө эмне дешке болот? Окугула: Даниел 7:14. Анан төмөнкү суроолорду талкуулагыла:

  • Кудайдын Падышалыгынын «кыйратылбай турганы» эмнеси менен жакшы?

  • Анын төгөрөктүн төрт бурчуна бийлик жүргүзөрү бизге кандай пайда алып келет?

5. Жердеги өкмөттөр алмаштырылат

Эмне үчүн Кудайдын Падышалыгы жердеги өкмөттөрдүн ордуна бийлик кылышы керек? ВИДЕОНУ көрүп, бул суроону талкуулагыла.

  • Жердеги өкмөттөрдүн башкаруусунун кесепети кандай болуп жатат?

Окугула: Насаатчы 8:9. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Кудайдын Падышалыгы жердеги өкмөттөрдүн ордуна бийлик кылышы керек деп ойлойсуңбу? Эмне үчүн?

6. Падышалыктын башкаруучулары бизди жакшы түшүнүшөт

Падышабыз Иса жерде жашап кеткендиктен «алсыздыктарыбызды эске алып», «боор ооруй билет» (Еврейлер 4:15). Аны менен чогуу башкара турган 144 000 ишенимдүү эркектер менен аялдарды Жахаба ар бир уруудан, элден, улуттан, ар кандай тилде сүйлөгөн адамдардан тандап келатат (Аян 5:9).

  • Иса жана аны менен кошо башкара тургандардын бизди да, көйгөйлөрүбүздү да жакшы билери жубатат деп ойлойсуңбу? Эмне үчүн?

Жахаба Иса менен кошо башкара тургандарды тек-жайы ар кандай эркектер менен аялдардан тандап келатат

7. Кудайдын Падышалыгынын мыйзамдары теңдешсиз

Бийликтегилер мыйзамдарды жарандарга пайдасы тийсин, аларды коргосун деген ниет менен чыгарышат. Кудайдын Падышалыгынын да анын жарандары карманышы керек болгон мыйзамдары бар. Окугула: 1 Корунттуктар 6:9—11. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Эгер баары Кудайдын жүрүм-турумга карата берген мыйзамдарына карманса, жашоо кандай болмок деп ойлойсуң? a

  • Жахаба Падышалыгынын жарандарынан ушул мыйзамдарды аткарууну талап кылууга укуктуубу? Эмне үчүн ушинтип ойлойсуң?

  • Ушул мыйзамдарга баш ийбей жашап келгендердин өзгөрө алары эмнеден көрүнүп турат? (11-аятты кара.)

Өкмөт мыйзамдарды жарандардын пайдасын көздөгөндүктөн, аларды коргош үчүн чыгарат. Кудайдын Падышалыгынын да жарандарын коргогон, алардын пайдасын көздөгөн мыйзамдары бар. Алар — теңдешсиз мыйзамдар

АЙРЫМДАР МИНТИП СУРАШЫ МҮМКҮН: «Кудайдын Падышалыгы деген эмне?»

  • Сен аларга эмне деп жооп берет элең?

НЕГИЗГИ ОЙ

Кудайдын Падышалыгы — асмандагы өкмөт. Ал жакында бүт жер жүзүн башкарат.

Кайталоо:

  • Кудайдын Падышалыгында кимдер башкарат?

  • Кудайдын Падышалыгы кандайча жердеги өкмөттөрдүн баарынан жогору турат?

  • Жахаба Падышалыгынын жарандарынан эмнелерди күтөт?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Иса Кудайдын Падышалыгынын каякта жайгашканы жөнүндө эмне деген?

«Кудайдын Падышалыгы деген эмне? Ал жүрөктүн абалыбы?» (jw.org/ky сайтындагы макала)

Эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрү жердеги өкмөттөргө эмес, Кудайдын Падышалыгына берилгендик сакташат?

«Кудайдын Падышалыгына берилгендик сакташкан» (1:43)

Иса менен кошо башкара турган 144 000 киши жөнүндө Ыйык Китепте эмне делет?

«Асманга кимдер кетет?» (jw.org/ky сайтындагы макала)

Түрмөдө отурган бир аял адилеттүү заманды Кудай гана орното аларына эмнеден улам ынанган?

«Адилеттүүлүктүн орнооруна көзүм жетти» («Ойгонгула!», ноябрь, 2011)

a Бул мыйзамдардын айрымдары 3-бөлүктө талкууланат.