Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

32-БӨЛҮМ

Кудайдын Падышалыгы учурда башкарып жатат!

Кудайдын Падышалыгы учурда башкарып жатат!

Падышалык 1914-жылдан тартып асманда бийлик жүргүзө баштаган. Так ошол жылы адамдардын бийлигинин акыркы күндөрү башталган. Муну кайдан билебиз? Анда пайгамбарлыктарга жана 1914-жылдан бери болуп жаткан окуялар менен адамдардын жүрүм-турумуна токтололу.

1. Ыйык Китептеги пайгамбарлыктан эмнени биле алабыз?

Даниел китебинде Кудайдын Падышалыгынын «жети мезгил» деп аталган убакыттын соңунда бийлик жүргүзө баштамактыгы айтылган (Даниел 4:16, 17). Бир нече кылымдан кийин Иса ошол мезгилди «башка элдерге белгиленген убакыт» деп атап, анын дагы деле аяктай электигин айткан (Лука 21:24). Бул бөлүмдөн жети мезгилдин 1914-жылы аяктаганын билебиз.

2. 1914-жылдан бери дүйнөдө кандай окуялар болуп жатат жана адамдардын жүрүм-туруму канчалык өзгөрдү?

Шакирттери Исадан: «Сенин катышууңдун убагын жана бул дүйнө түзүлүшүнүн аяктап баратканын кайсы белгиден билүүгө болот?» — деп сурашкан (Матай 24:3). Иса аларга өзү Падыша катары асманда бийлик кыла баштаганда эмнелер болорун айткан. Мисалы, согуш, ачарчылык, жер титирөөлөр болмок. (Оку: Матай 24:7.) Ошондой эле Ыйык Китепте «акыркы күндөрдө» адамдардын кулк-мүнөзүнөн улам жашоо «өзгөчө оор» болору жазылган (2 Тиметей 3:1—5). Ооба, дүйнөдөгү абал жана адамдардын жүрүм-туруму 1914-жылдан бери кескин өзгөрө баштаган.

3. Эмне үчүн дүйнөдөгү абал Кудайдын Падышалыгы бийлик жүргүзө баштагандан тартып начарлап кеткен?

Иса Падыша болгондон көп өтпөй асманда Шайтан жана жин-перилер менен согушкан. Ошондо Шайтан жеңилип, Ыйык Китепте айтылгандай, «жерге кулатылган», «аны менен кошо периштелери да кулатылган» (Аян 12:9, 10, 12). Шайтан өзүнүн жок кылынарын билгендиктен адамдарды азапка салып, каарын төгүп жатат. Дүйнөдө жамандыктын көп болуп жатканынын себеби мына ушунда. Бирок Кудайдын Падышалыгы ушул кыйынчылыктардын баарын жакында жоёт.

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Кудайдын Падышалыгы 1914-жылы башкара баштаганын кайдан билебиз? Бул бизге кандай таасир этиши керек? Ушулар тууралуу көбүрөк бил.

4. Ыйык Китептеги пайгамбарлык 1914-жылдын өзгөчө жыл экенин көрсөтүп турат

Кудай байыркы Бабылдын падышасы Небухаданасарга пайгамбарлык мааниге ээ түш көрсөткөн. Даниел пайгамбардын ал түштү чечмелеп бергенинен анын Небухаданасардын башкаруусуна да, Кудайдын Падышалыгына да тиешелүү экенин билүүгө болот. Окугула: Даниел 4:17 a.

Окугула: Даниел 4:20—26. Анан таблицаны колдонуп, төмөнкү суроолорго жооп бер:

  • А) Небухаданасар түшүндө эмнени көргөн? (20, 21-аяттарды кара.)

  • Б) Дарак эмне болмок? (23-аятты кара.)

  • В) «Жети мезгилдин» соңунда эмне болмок? (26-аятты кара.)

Дарак жөнүндөгү түштүн Кудайдын Падышалыгы менен кандай байланышы бар?

ПАЙГАМБАРЛЫК (Даниел 4:20—36)

Бийлик

А) Укмуштуудай чоң дарак

Бийлик кылбай калган

Б) «Даракты кыйгыла», «жети мезгил өтсүн»

Бийлиги калыбына келтирилген

В) «Падышалыгыңыз өзүңүзгө кайтарылып берилет»

Пайгамбарлыктын 1-аткарылышы

  • Г) Дарак кимди билдирген? (22-аятты кара.)

  • Д) Ал качан бийлик кылбай калган? (Окугула: Даниел 4:29—33.)

  • Е) «Жети мезгилдин» соңунда Небухаданасар эмне болгон? (Окугула: Даниел 4:34—36.)

БИРИНЧИ АТКАРЫЛЫШЫ

Бийлик

Г) Бабылдын падышасы Небухаданасар

Бийлик кылбай калган

Д) Б. з. ч. 606-жылдан кийин Небухаданасар акыл-эсинен ажырап, жети жыл бою бийлик жүргүзө албай калган

Бийлиги калыбына келтирилген

Е) Небухаданасардын акыл-эси ордуна келип, кайрадан бийлик кыла баштаган

Пайгамбарлыктын 2-аткарылышы

  • Ё) Дарак кимдерди билдирген? (Окугула: 1 Жылнаама 29:23.)

  • Ж) Алар качан бийлик кылбай калышкан? Иса жерде жүргөндө алардын бийлиги дагы деле калыбына келтириле элек болгонун кайдан билебиз? (Окугула: Лука 21:24.)

  • З) Алардын бийлиги качан жана каякта калыбына келтирилген?

ЭКИНЧИ АТКАРЫЛЫШЫ

Бийлик

Ё) Кудайдын бийлигинин өкүлдөрү болгон Ысрайыл падышалары

Бийлик кылбай калган

Ж) Иерусалим талкаланып, Ысрайылдагы падышалар 2 520 жыл бийлик кылбай калышкан

Бийлиги калыбына келтирилген

З) Иса Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары асманда бийлик жүргүзө баштаган

Жети мезгил канча убакка созулган?

Ыйык Китептин бир жеринде жазылгандарды түшүнгөнгө башка жеринде жазылгандар жардам берет. Мисалы, Аян китебинде үч жарым мезгилдин 1 260 күнгө барабар экени айтылат (Аян 12:6, 14). Үч жарым мезгилди экиге көбөйтсөк, жети мезгил болот. Ал 2 520 күнгө барабар. Кээде Ыйык Китептеги «күн» деген сөз жылды билдирет (Жезекиел 4:6). Даниел китебинде жазылган жети мезгил тууралуу да ушуну айтууга болот. Ал 2 520 жылды билдирет.

5. Дүйнө 1914-жылдан бери кыйла өзгөрдү

Иса падышалык такка отургандан кийин дүйнөдө эмнелер болорун алдын ала айткан. Окугула: Лука 21:9—11. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла:

  • Сен булардын кайсыларын угуп-көрүп жатасың?

Элчи Пабыл жердеги өкмөттөрдүн акыркы күндөрүндө көптөрдүн кулк-мүнөзү кандай болорун жазган. Окугула: 2 Тиметей 3:1—5. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Бүгүнкү күндө башкалардан ушул сапаттардын кайсыларын байкап жатасың?

6. Падышалыктын башкарып жатканы ар бирибизге иш-аракет кылганга түрткү берет

Окугула: Матай 24:3, 14. Анан төмөнкү суроолорду талкуулагыла:

  • Кудайдын Падышалыгы учурда башкарып жатканын кайсы маанилүү иш көрсөтүп турат?

  • Сен ал ишке кантип салым кошо аласың?

Кудайдын Падышалыгы азыркы убакта бийлик жүргүзүп жатат жана бүт жер жүзүн башкара турган күнгө аз калды. Окугула: Еврейлер 10:24, 25. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла:

  • «Ал күндүн жакындап келатканын көрүп тургандыктан» ар бирибиз эмне кылышыбыз керек?

Башкаларга жардамы тие турган жана алардын өмүрүн сактап кала турган маанилүү бир нерсе жөнүндө билсең, эмне кылат элең?

АЙРЫМДАР МИНТИП СУРАШЫ МҮМКҮН: «Эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрү 1914-жылды маанилүү жыл деп айтышат?»

  • Сен эмне деп жооп берет элең?

НЕГИЗГИ ОЙ

Ыйык Китептеги пайгамбарлыктар жана дүйнөдө болуп жаткан окуялар Кудайдын Падышалыгы азыр башкарып жатканын далилдеп турат. Биз буга ишенерибизди ал жөнүндө башкаларга айтып жана жыйналыштарга катышып көрсөтөбүз.

Кайталоо

  • Даниел китебинде айтылган жети мезгил соңуна чыккандан кийин эмне болгон?

  • Кудайдын Падышалыгы 1914-жылы башкара баштаганына сени эмне ынандырат?

  • Анын учурда башкарып жатканына ишенериңди кантип көрсөтө аласың?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Тарыхчылардын жана башкалардын дүйнө 1914-жылдан тартып өзгөргөнү жөнүндө айткандарын окуп көр.

«Адеп-ахлактын төмөндөшү» («Ойгонгула!», июль—сентябрь, 2007)

Матай 24:14тө жазылган пайгамбарлык бир кишинин жашоосуна кандай таасир эткен?

«Баарынан бейсболду жакшы көрчүмүн» («Күзөт мунарасы», № 3 2017)

 Даниел 4-бөлүмдө жазылган пайгамбарлыктын Кудайдын Падышалыгына тиешелүү экенин кайдан билебиз?

«Кудайдын Падышалыгы качан башкара баштаган? (1-бөлүк)» («Күзөт мунарасы», 1-октябрь, 2014)

Даниел 4-бөлүмдө айтылган «жети мезгилдин» 1914-жылы аяктаганын эмне көрсөтүп турат?

«Кудайдын Падышалыгы качан башкара баштаган? (2-бөлүк)» («Күзөт мунарасы», 1-ноябрь, 2014)

a Ушул бөлүмдүн « Көбүрөөк бил» деген бөлүгүндөгү акыркы эки макаланы кара.