Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

33-БӨЛҮМ

Кудайдын Падышалыгы эмнелерди ишке ашырат?

Кудайдын Падышалыгы эмнелерди ишке ашырат?

Падышалык азыркы учурда асманда башкарып жатат. Жакында бүт жер үстүнөн бийлик жүргүзүп, чоң өзгөрүүлөрдү кылат. Анда эмесе, анын келечекте кандай баталарды алып келерин карап көрөлү.

1. Кудайдын Падышалыгы жер бетине тынчтык менен адилеттикти кантип орнотот?

Падышалыктын Падышасы Иса Армагедон согушунда ыймансыз кишилерди жана жердеги өкмөттөрдү жок кылат (Аян 16:14, 16). Ошол учурда Ыйык Китептеги: «Дагы бир аздан кийин ыймансыз жок болот»,— деген убада толугу менен аткарылат (Забур 37:10). Иса Падышалыгы аркылуу жер бетинде тынчтыктын жана адилеттиктин орношуна кам көрөт. (Оку: Ышая 11:4.)

2. Кудайдын эрки жерде аткарылганда жашоо кандай болот?

Кудайдын Падышалыгынын башкаруусу алдында «адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат» (Забур 37:29). Жахабаны жана бири-бирин сүйгөн жакшы кишилердин арасында жашап жатканыңды элестетсең! Ал учурда эч ким оорубайт, баары тең түбөлүк жашайт.

3. Ыймансыздар жок кылынгандан кийин, Кудайдын Падышалыгы эмнелерди кылат?

Жер кара ниет кишилерден тазалангандан кийин, Иса 1000 жыл башкарат. Ошол убакта ал жана анын 144 000 кошо башкаруучусу адамзатка күнөөдөн арылып, жеткилеңдикке жеткенге жардам берет. Миң жылдыктын аягында жер ажайып кооз бейишке айланып, Жахабанын мыйзамдарына баш ийген бактылуу адамдарга толот. Анан Иса бийликти Атасы Жахабага өткөрүп берет. Ошондо Жахабанын ысмы болуп көрбөгөндөй деңгээлде ыйыкталат (Матай 6:9, 10). Андан тышкары, Жахабанын өз элине кам көргөн эң мыкты Башкаруучу экени далилденет. Андан соң Жахаба Шайтан менен анын жин-перилерин жана алар тарапта болууну чечкендердин баарын жок кылат (Аян 20:7—10). Кудайдын Падышалыгы орноткон телегейи тегиз жашоо түбөлүккө созулат.

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Кудай Ыйык Китептеги келечекке байланыштуу убадаларынын баарын Падышалыгы аркылуу ишке ашырарына эмне үчүн ишенсек болорун бил.

4. Кудайдын Падышалыгы жердеги өкмөттөрдү кыйратат

«Адамдын адамга бийлик кылышы зыян алып келет» (Насаатчы 8:9). Жахаба Падышалыгы аркылуу ушундай адилетсиз башкаруунун кесепетин жоёт.

Окугула: Даниел 2:44; 2 Тесалоникалыктар 1:6—8. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Жахаба менен анын Уулу Иса жердеги өкмөттөрдү жана аларды колдогондорду эмне кылат?

  • Жахаба менен Иса жөнүндө билгендериң сени алардын адилеттик, акыйкаттык менен иш кыларына эмне үчүн ынандырат?

5. Иса — теңдешсиз Падыша

Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары ал биздин жыргалчылыгыбыз үчүн көп нерселерди кылат. Анын башкаларга жардам бергенге даяр болгонун жана Кудайдын ага күч бергенин билиш үчүн ВИДЕОНУ көргүлө.

Исанын жерде жүргөндө кылган иштеринен Падышалыктын эмнелерди ишке ашырарын билсе болот. Кийинки абзацта саналган баталардын кайсынысын чыдамсыздык менен күтүп жатасың? Алар жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн келтирилген аяттарды окугула.

ИСА ЖЕРДЕ ЖҮРГӨНДӨ...

ИСА АСМАНДАН...

  • керемет кылып миңдеген адамдарды тойгузган (Матай 14:17—21).

  • баарынын ден соолугу чың болушуна кам көрөт (Ышая 33:24).

  • өлгөндөрдү тирилтип, өлүмдү жок кылат (Аян 21:3, 4).

6. Кудайдын Падышалыгы жаркын келечек тартуулайт

Падышалык Жахабанын адамзатка байланыштуу баштапкы ой-ниетин толугу менен орундатат. Ошондо адамдар жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашашат. Жахабанын өзүнүн ой-ниетин Иса аркылуу кантип ишке ашырып жатканын билиш үчүн ВИДЕОНУ көргүлө.

Окугула: Забур 145:16. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Жахабанын «бардык тирүү жандардын каалоосун орундатарын» билгениң сага кандай таасир этти?

АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Эгер баарыбыз биримдикте иш-аракет кылсак, дүйнөдөгү көйгөйлөрдү чече алабыз».

  • Кудайдын Падышалыгы азыркы өкмөттөр чече албай жаткан кандай кыйынчылыктарды чечип берет?

НЕГИЗГИ ОЙ

Кудай Падышалыгы аркылуу ой-ниетин ишке ашырат. Ал бүтүндөй жер бетин бейишке айлантып, Жахабага сыйынган жакшы кишилердин түбөлүк жашашына шарт түзөт.

Кайталоо

  • Падышалык Жахабанын ысмын кантип ыйыктайт?

  • Падышалыктын Ыйык Китептеги убадаларды аткарарына эмне үчүн ишенсек болот?

  • Кудай Падышалыгы аркылуу төгө турган баталардын кайсынысын эңсеп күтүп жатасың?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Армагедондун эмнени билдирерин окуп көр.

«Армагедон согушу деген эмне?» (jw.org/ky сайтындагы макала)

Исанын 1000 жылдык башкаруусунун убагында жана аягында кандай окуялар болот?

«Сот күнү кандай болот?» («Күзөт мунарасы», 1-сентябрь, 2012)

Үй-бүлөбүз менен чогуу Падышалык алып келе турган баталар жөнүндө кантип ой жүгүртсөк болот?

«Бейиште жүргөнүңдү элестет» (1:50)

«Суроолорума жооп таба албай келгем» деген макаладан бийликке каршы чыккан бир кишинин адамзаттын көйгөйлөрүн ким чечип берери жөнүндө кантип билгенин окуп көр.

«Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат» («Күзөт мунарасы», 1-январь, 2012)