Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

35-БӨЛҮМ

Туура чечим чыгарганга эмне жардам берет?

Туура чечим чыгарганга эмне жардам берет?

Баарыбыз эле жашоодо кандайдыр бир чечимдерди чыгарабыз. Алардын көбү өзүбүзгө жана Жахаба менен болгон мамилебизге же оң, же терс таасир этет. Алсак, каякта жашаарыбызды, жан багыш үчүн кантип акча табарыбызды же үй-бүлө курар-курбасыбызды чечишибиз керек болот. Туура чечим чыгарсак, бактылуу болобуз, Жахабаны да кубантабыз.

1. Туура чечим чыгарганга Ыйык Китеп кантип жардам берет?

Кандайдыр бир чечим чыгарарда Жахабадан жардам сурап тилен, анын ошол маселеге карата көз карашын билиш үчүн Ыйык Китепти изилде. (Оку: Накыл сөздөр 2:3—6.) Кээде Жахаба так-айкын көрсөтмөлөрдү берет. Андайда аларга карманганың эң туура болот.

Ал эми Ыйык Китепте эмне кылышың керектигине байланыштуу так көрсөтмө жок болсочу? Андай учурда да Жахаба сени «жүрүшүң керек болгон жолдо жетектейт» (Ышая 48:17). Кантип? Мисалы, Ыйык Китептеги принциптер аркылуу. Принциптер — Кудайдын көз карашын жана сезимдерин айкын түшүнгөнгө жардам берген негизги чындыктар. Көбүнчө Ыйык Китептеги бир билдирүүнү окуп жатып Кудайдын кайсы бир нерсеге карата көз карашын биле алабыз. Анын көз карашын, сезимдерин түшүнгөнүбүз ага жаккандай чечим чыгарганга жардам берет.

2. Чечим чыгарганга чейин эмнелерди эске алышың керек?

Ыйык Китепте: «Баамчыл өз кадамдарына көңүл бурат»,— делет (Накыл сөздөр 14:15). Бул чечим чыгарганга чейин шашпай, кылдат ойлонушубуз керектигин билдирет. Мисалы, мындай деп ойлонуп көр: «Бул жагдайда Ыйык Китептеги кайсы принциптерди колдонсом болот? Кандай кылсам, абийирим жемелебейт? Чечимим башкаларга кандай таасир этет? Баарынан маанилүүсү, бул Жахабаны кубантабы?» (Мыйзам 32:29).

Жахаба бизге эмне жакшы, эмне жаман экенин айтканга укуктуу. Анын мыйзам-принциптерин жакшы билсек, аларга карманганга дилгир болсок, абийирибизди туура үйрөтө алабыз. Абийир — туураны туура эместен айырмалаганга жардам берген ички туюм (Римдиктер 2:14, 15). Жакшы үйрөтүлгөн абийир туура чечим чыгарганга жардам берет.

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Ыйык Китептеги принциптер жана абийирибиз чечим чыгарарда кандайча жардам берери тууралуу бил.

3. Ыйык Китептен жетекчилик изде

Чечим чыгарып жатканда Ыйык Китептеги принциптер бизди кантип жетектейт? ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроолорду талкуулагыла.

  • Чечим чыгаруу эркиндиги деген эмне?

  • Жахаба бизге чечим чыгаруу эркиндигин эмне үчүн берген?

  • Жахаба туура чечим чыгарганга жардам бериш үчүн эмнелерди берген?

Анда эмесе, бир принципти кантип колдонсок болорун ойлонуп көрөлү. Ан үчүн Эфестиктер 5:15, 16ны окугула. Андан соң төмөнкү нерселерди кылыш үчүн убакытты кантип туура пайдалансаңар болорун талкуулагыла:

  • Ыйык Китепти күн сайын окуу

  • жакшы жубай, жакшы ата-эне, жакшы уул же жакшы кыз болуу

  • жыйналышка катышуу

4. Туура чечим чыгарыш үчүн абийириңди үйрөт

Ыйык Китепте кайсы бир нерсеге карата так-айкын көрсөтмө бар болсо, туура чечим чыгарыш кыйынга деле турбайт. Ал эми так көрсөтмө жок болсочу? ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроону талкуулагыла:

  • Видеодогу бир тууганыбыз абийирин туура үйрөтүш үчүн жана Жахабага жаккандай чечим чыгарыш үчүн эмнелерди кылды?

Эмне үчүн башкалардан биздин ордубузга чечим чыгарышын суранбашыбыз керек? Окугула: Еврейлер 5:14. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Башкалардан биздин ордубузга чечим чыгарышын суранганыбыз оңойдой көрүнсө да, эмнени айырмалай билишибиз керек?

  • Абийирди тарбиялаганга жана туура чечим чыгарганга жардам берген кандай куралдар бар?

Абийирибиз картага окшоп бизге туура багыт көрсөтүп турат

5. Башкалардын абийирин эске ал

Ар ким ар кандай чечим чыгарат. Башкалардын абийирин кантип эске алсак болот? Эки жагдайды карап көрөлү.

1-жагдай: Аябай боёнгонду жакшы көргөн бир ишенимдешибиз жаңы жыйналышка которулат. Ал жактагы көп эже-карындаштарыбыз өтө боёнуп алгандарды көргөндө ыңгайсыз болушат.

Окугула: Римдиктер 15:1; 1 Корунттуктар 10:23, 24. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Ушул аяттарды эске алып, боёнгонду жакшы көргөн ишенимдешибиз эмне кылууну чечиши мүмкүн? Эгерде сенин абийириң жол берген нерсеге башка бирөөнүн абийири жол бербесе, эмне кылат элең?

2-жагдай: Ыйык Китепте ичимдикти ченеми менен ичүүгө тыюу салынбай турганын билсе да, бир ишенимдешибиз оозуна албай эле коюуну чечет. Анан жыйналыштагы бирөөнүн үйүнө конокко барат. Ал жактан ага/инилердин ичимдик ичип жатканын көрөт.

Окугула: Насаатчы 7:16; Римдиктер 14:1, 10. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Ушул аяттарды эске алып, бул бир тууганыбыз эмне кылууну чечиши мүмкүн? Башкалардын сенин абийириң жол бербеген нерсени кылып жатканын көрсөң, эмне кылат элең?

 Туура чечим чыгарганга эмне жардам берет?

1. Жардам сурап Жахабадан тилен (Жакып 1:5).

2. Керектүү принциптерди табыш үчүн Ыйык Китепти, адабияттарыбызды изилде. Тажрыйбалуу бир туугандар менен да кеңешсең болот.

3. Чечимиң өзүңдүн жана башкалардын абийирине кандай таасир этери жөнүндө ойлон.

АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Каалагандай кылганга акың бар. Башкалар эмне десе, ошо дей берсин».

  • Кудайдын да, башкалардын да сезимдерин эмне үчүн эске алышыбыз керек?

НЕГИЗГИ ОЙ

Жахабанын көз карашын билгенибиз жана кылган иштерибиздин башкаларга кандай таасир этерин эске алганыбыз туура чечим чыгарганга жардам берет.

Кайталоо

  • Канткенде Жахабага жаккандай чечим чыгара аласың?

  • Абийириңди кантип үйрөтсөң болот?

  • Башкалардын абийирин эске аларыңды кантип көрсөтө аласың?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Канткенде Жахаба Кудай менен болгон достугуңду бекемдей турган чечимдерди чыгара аласың?

«Чыгарган чечимдериң Кудайга даңк алып келгидей болсун» («Күзөт мунарасы», 15-апрель, 2011)

Жахабанын бизди кантип жетектээри тууралуу көбүрөөк бил.

«Жахаба элин жетектеп келет» (9:50)

Бир киши жакшы көргөн нерсесинен эмне үчүн баш тарткан?

«Жахаба жакшы нерсеге толугу менен кепилдик берет» (5:46)

Кайсы бир жагдайга карата так көрсөтмө жок болгон учурларда канткенде Жахабага жаккандай чечим чыгара алабыз?

«Ар бир жагдай үчүн ыйык китептик мыйзам керекпи?» («Күзөт мунарасы», 1-декабрь, 2003)