Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

39-БӨЛҮМ

Кудайдын канга карата көз карашы

Кудайдын канга карата көз карашы

Кан адамдын өмүрү үчүн абдан маанилүү. Ошондуктан кансыз тирүү жүрүү мүмкүн эмес. Кудай бизди жараткандыктан канды кантип колдонууга байланыштуу көрсөтмө бергенге укуктуу. Ал кандай көрсөтмө берген? Канды жегенге же куйдурганга болобу? Бул жагынан бизге туура чечим чыгарганга эмне жардам берет?

1. Жахабанын канга карата көз карашы кандай?

Ал байыркы учурдагы кызматчыларына: «Ар бир тирүү жандыктын өмүрү — анын каны»,— деген (Лебилер 17:14). Андыктан Жахаба үчүн кан өмүрдү билдирет. Өмүр — ал берген ыйык белек. Демек, Кудайдын көз алдында кан да ыйык.

2. Кудай кандын кандай жол менен колдонулушуна тыюу салат?

Байыркы заманда Жахаба кызматчыларына канды жебеши керектигин буйруган. (Оку: Башталыш 9:4 жана Лебилер 17:10.) Ал ошол буйругун 1-кылымда дагы бир жолу баса белгилеп, жетектөөчү кеңеш аркылуу кызматчыларына: «Канды колдонуудан... качкыла»,— деген көрсөтмө берген. (Оку: Элчилер 15:28, 29.)

Бул эмнени билдирет? Эгер доктур ичимдик ичпе десе, аны ичпейт болчусуң. Бирок ичимдик кошулган тамак-ашты жейт белең же ичимдикти кан тамырың аркылуу куйдурат белең? Албетте, антмек эмессиң. Анын сыңары, Кудайдын: «Канды колдонуудан... качкыла»,— деген буйругу аны ичпешибиз жана каны агызылбаган малдын этин жебешибиз керектигин билдирет. Ошондой эле кан кошулган эч бир тамакты жебешибиз керек.

Ал эми канды медициналык максатта колдонуу тууралуу эмне десе болот? Айрым дарылоо ыкмалары Кудайдын мыйзамына каршы келет. Бул өз ичине накта канды, аны түзгөн негизги төрт затты: эритроцитти, лейкоцитти, тромбоцитти, плазманы куйдурууну камтыйт. Ал эми кээ бир ыкмалардын Кудайдын мыйзамына каршы келер-келбеси айкын болбошу мүмкүн. Мисалы, буга канды түзгөн негизги төрт заттан алынган курамдык бөлүктөр (фракциялар) колдонулган ыкмалар кирет. Кээде кишинин өз каны колдонулушу мүмкүн. Ушул ыкмалардын кайсынысын тандоону ар ким өзү чечиши керек a (Галатиялыктар 6:5).

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Дарыланууда канды колдонууга байланыштуу кантип туура чечим чыгарса болорун бил.

3. Дарыланууда Жахабага жаккандай чечим чыгар

Канткенде дарыланууда Жахабага жаккандай чечим чыгара алабыз? ВИДЕОНУ көрүп, төмөндөгү кадамдардын канчалык маанилүү экенин талкуулагыла.

  • Акылмандык сурап тиленүү (Жакып 1:5).

  • Ыйык Китептеги принциптерди жана аларды кантип колдонсо болорун изилдөө (Накыл сөздөр 13:16).

  • Сен жашаган жакта дарылануунун кандай ыкмалары бар экенин билүү.

  • Кайсынысын колдонбой турганыңды аныктоо.

  • Чыгарган чечимиңден улам абийириң жемелебегидей болушуна ынануу (Элчилер 24:16) b.

  • Абийириңе ылайык чечим чыгарууда эч ким: аксакал, сени окуткан киши, жадагалса жубайың да кийлигишпеши керектигин айкын түшүнүү (Римдиктер 14:12).

  • Чыгарган чечимиңди жазып коюу.

4. Жахабанын Күбөлөрү дарылануунун сапаттуу ыкмаларын издешет

Кудайдын канга байланыштуу мыйзамына кармануу жана кансыз эле сапаттуу дарылануу мүмкүн. ВИДЕОНУ көргүлө.

Окугула: Тит 3:2. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Эмне үчүн доктурлар менен сүйлөшүп жатканда жумшак жана сылык болушубуз керек?

Куйдурбайбыз

Жеке чечимибиз

А. Плазма

Плазмадан алынган фракциялар

Б. Лейкоциттер

Лейкоциттен алынган фракциялар

В. Тромбоциттер

Тромбоциттен алынган фракциялар

Г. Эритроциттер

Эритроциттен алынган фракциялар

 5. Кандын курамдык бөлүктөрү колдонулганда

Кан негизги төрт заттан: эритроцит, лейкоцит, тромбоцит жана плазмадан турат. Анан ушул төрт заттан курамдык бөлүктөр (фракциялар) деп аталган майда бөлүктөр алынат c. Алардын айрымдары оорулар менен күрөшүүгө же кан агууну токтотууга жардам бере турган дарыларды жасоодо колдонулат.

Кандын курамдык бөлүктөрүнө байланыштуу чечимди Исанын ар бир жолдоочусу Ыйык Китептин негизинде тарбияланган абийирине жараша өзү чыгарышы керек. Айрымдары кандын курамдык бөлүктөрү колдонулган дарылоо ыкмаларынан же процедуралардан баш тартууну туура көрүшөт. Ал эми кээ бирлеринин абийири кандын курамдык бөлүктөрүн кабыл алууга жол бериши мүмкүн.

Чечим чыгарып жатканда төмөнкү суроо тууралуу ойлонуп көр:

  • Кандын курамдык бөлүктөрүнүн кайсы бирин колдонууга эмне үчүн макул же макул эмес экенимди доктурга кантип түшүндүрүп берет элем?

АЙРЫМДАР МИНТИП СУРАШЫ МҮМКҮН: «Кан куйдургандын эмнеси жаман?»

  • Сен кандай деп ойлойсуң?

НЕГИЗГИ ОЙ

Жахаба канды туура эмес колдонуудан качышыбызды каалайт.

Кайталоо

  • Эмне үчүн Жахаба канды ыйык деп эсептейт?

  • Жахабанын: «Канды колдонуудан... качкыла»,— деген буйругу кан куйдурууга тиешелүү экенин кайдан билебиз?

  • Канды медициналык максатта колдонууга байланыштуу туура чечим чыгарууга эмне жардам берет?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Өзүңдүн каның колдонулган дарылоо ыкмаларына макул болордон мурун эмнелер тууралуу ойлонушуң керек?

«Окурмандардын суроолору» («Күзөт мунарасы», 1-ноябрь, 2000)

Кандын курамдык бөлүктөрүн колдонор-колдонбосуңду чечүүдө эмнени эске алышың керек?

«Окурмандардын суроолору» («Күзөт мунарасы», 15-июнь, 2004)

Бир доктурга Жахабанын канга карата көз карашынын туура экенин түшүнгөнгө эмне жардам берген?

«Кудайдын канга карата көз карашынын туура экенине ынандым» («Ойгонгула!», 8-декабрь, 2003)

Ооруканалар менен байланышуу комитеттериндеги аксакалдар ишенимдештерине кантип жардам берет?

«Жахаба ооругандарга күч берет» (10:23)

a «Туура чечим чыгарганга эмне жардам берет?» деп аталган 35-бөлүмдү кара.

b «Кандын курамдык бөлүктөрү колдонулганда» деген  5-бөлүмчөнү, «Кан колдонулган дарылоо ыкмалары» деген 3-тиркемени кара.

c Айрым доктурлар кандын курамындагы төрт негизги затты курамдык бөлүктөр катары эсептешет. Ошондуктан аларга накта канды, эритроцитти, лейкоцитти, тромбоцитти жана плазманы куйдурбай турганыңды түшүндүрүшүң керек болушу мүмкүн.