Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

40-БӨЛҮМ

Канткенде Кудайдын алдында таза боло алабыз?

Канткенде Кудайдын алдында таза боло алабыз?

Баласын мектепке жөнөтүп жаткан мээримдүү энени элестетсең. Ал баласынын таза, тыкан болушуна кам көрөт. Анын таза жүргөнү ден соолугу үчүн маанилүү жана ата-энесинин камкордугунан кабар берет. Анын сыңарындай, мээримдүү Атабыз Жахаба дагы дене боюбуздун таза болушун, адеп-ахлактык жактан да таза болушубузду каалайт. Таза болгонубуз өзүбүзгө эле пайдалуу жана мунун аркасында Кудайыбыз да даңкталат.

1. Тазалыкты сакташ үчүн эмне кылсак болот?

Жахаба бизге: «Ыйык болгула»,— деп айткан (1 Петир 1:16). Бул кадимки жана адеп-ахлактык тазалыкты билдирет. Кадимки тазалык деген дайыма жуунуп турушубузду жана кийимибиздин, үй-жайыбыздын, унаабыздын таза, тыкан болушу керектигин билдирет. Ошондой эле буга Падышалык залын жууп-тазалоого жардам бергенибиз да кирет. Ооба, өзүбүздү таза алып жүрсөк, Жахабаны даңктайбыз (2 Корунттуктар 6:3, 4).

2. Таза болуш үчүн кандай жаман адаттардан арылышыбыз керек?

Ыйык Китеп бизди «денебиз менен рухубузду булгаган ар кандай ыпыластыктан тазаланууга» үндөйт (2 Корунттуктар 7:1). Демек, денебизге жана акылыбызга зыян келтире турган нерселердин баарынан оолак болушубуз керек. Ойлорубуз Жахабага жаккандай болушу үчүн, ыпылас ойлорду четке какканга бүт күчүбүздү жумшайбыз (Забур 104:34). Мындан тышкары, тилибизди туура колдонгонго умтулабыз. (Оку: Колосалыктар 3:8.)

Кадимки жана адеп-ахлактык тазалыгыбызга дагы кантип кам көрсөк болот? Денебизди булгаган нерселердин баарын четке кагабыз. Мисалы, тамеки чекпейбиз, насыбай атпайбыз, медициналык заттарды кыянат колдонбойбуз. Ошондой эле баңгизаттан алыс болобуз. Натыйжада ден соолугубуз да чың болот, өмүр белегин баалаарыбызды да көрсөтөбүз. Адеп-ахлактык жактан таза болуш үчүн мастурбация кылуу жана порнография көрүү сыяктуу ыпылас адаттар менен да күрөшүшүбүз керек (Забур 119:37; Эфестиктер 5:5). Мындай адаттарды жеңүү оңой болбошу мүмкүн, бирок Жахаба сөзсүз жардам берет. (Оку: Ышая 41:13.)

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Таза болсок, кандайча Жахаба даңкталат? Ыпылас адаттарды кантип жеңсек болот? Ушулар жөнүндө бил.

3. Таза болсок, Жахабаны даңктайбыз

Жахабанын байыркы ысрайыл элине берген мыйзамдарын изилдөөнүн аркасында анын тазалыкка болгон көз карашын биле алабыз. Окугула: Чыгуу 19:10; 30:17—19. Анан төмөнкү суроолорду талкуулагыла:

  • Бул аяттардан Жахабанын тазалыкка болгон көз карашы кандайча көрүнүп турат?

  • Дайыма таза жүрүш үчүн эмне кылсаң болот?

Тазалыкты сактоо убакытты, көп күч-аракетти талап кылат. Бирок каякта жашабайлы, колубузда барбы, жокпу, баарыбыз тең тазалыкты сактай алабыз. ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроону талкуулагыла.

  • Биз кабар айткан кишилер бардык нерсебиздин таза, тыкан экенин көрүп кандайча Жахабаны даңкташы мүмкүн?

4. Жаман адаттардан арыл

Жахаба жаман адаттардын баарын жеңгенге жардам бере алат

Эгер тамеки тартсаң же көңүл ачыш үчүн баңгизат колдонсоң, аларды ташташ оңой эмес экенин жакшы билет болушуң керек. Аларды таштаганга эмне жардам берет? Жаман адаттын сага кандай таасир этерине токтололу. Окугула: Матай 22:37—39. Анан чылым чегүүнүн же көз каранды кылуучу заттарды кыянат колдонуунун төмөнкү нерселерге кандай таасир этерин талкуулагыла:

  • Жахаба менен болгон достугубуз

  • Үй-бүлөбүз жана тегерегибиздеги адамдар

Жаман адатты жеңиш үчүн иш-аракет кыл a. ВИДЕОНУ көргүлө.

Окугула: Филипиликтер 4:13. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Дайыма тиленүү, Ыйык Китепти изилдөө, жыйналышка баруу жаман адатты жеңгенге кандайча күч берет?

5. Ыпылас ойлор менен жаман иштерге каршы күрөш

Окугула: Колосалыктар 3:5. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Жахаба порнографияны, секстингди жана мастурбацияны ыпылас деп эсептээрин кайдан билебиз?

  • Кандай деп ойлойсуң, биз адеп-ахлактык жактан Жахаба күткөндөй таза боло алабызбы? Эмне үчүн ушинтип ойлойсуң?

Ыпылас ойлор менен күрөшкөнгө эмне жардам берерин билиш үчүн ВИДЕОНУ көргүлө.

Иса адеп-ахлактык жактан таза болгонго чечкиндүү болушубуз керектигин көрсөткөн бир мисал айткан. Окугула: Матай 5:29, 30. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла:

  • Иса өзүбүзгө зыян келтиришибиз керектигин эмес, буйдалбастан иш-аракет кылышыбыз керектигин айткан. Ыпылас ойлордон алыс болуш үчүн кантип чечкиндүүлүк менен иш-аракет кылсак болот? b

Туура эмес ойлорду жеңгенге бүт күчүңдү жумшап жатканыңды Жахаба жогору баалайт. Окугула: Забур 103:13, 14. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла:

  • Эгер кандайдыр бир жаман адат менен күрөшүп жүргөн болсоң, бул аяттар сага багынбаганга кандайча дем-күч берет?

Жаңылбас киши болбойт

Жаман адатыңа алдырып койгондо дароо эле: «Күрөшпөй эле койсомбу?» — деген ой келиши мүмкүн. Бирок ой калчап көрсөң: жөө күлүктүн чалынып жыгылып кеткени жеңилип калганын да, кайра башынан чуркап келиши керектигин да билдирбейт. Ошол сыяктуу эле, жаман адатыңды кайталап алганың жеңилип калганыңды жана буга чейин кылган аракетиңдин баары текке кеткенин билдирбейт. Жаңылбаган киши болбойт, андыктан көңүлүңдү чөгөрбө, такыр багынба! Жахабанын жардамы менен жаман адатыңды жеңе аласың!

АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Көнгөн адат калмак беле. Мен баары бир таштай албайм».

  • Кимдир бирөөгө Жахабанын жардамы менен жаман адатынан арыла аларын көрсөтүш үчүн кайсы аятты окуп берет элең?

НЕГИЗГИ ОЙ

Денебиз, акыл-оюбуз жана жүрүм-турумубуз таза болсо, Жахабаны кубантабыз.

Кайталоо

  • Таза болгонубуз эмне үчүн абдан маанилүү?

  • Канткенде кадимки тазалыкты сактай аласың?

  • Оюңду, жүрүм-турумуңду таза сактаганга эмне жардам берет?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Колунда жоктор да тазалыкты сакташ үчүн жөнөкөй эле нерселерди кылса болот. Аларга эмнелер кирет?

«Ден соолук. Колуңарды жуугула» (3:01)

Чылымды таштаганга жардам берген кеңештерди окуп көр.

«Тамекини кантип таштаса болот?» («Ойгонгула!», июль—сентябрь, 2010)

Бир кишиге порнография көрүү адатынан арылганга эмне жардам берген?

«Көпкө күрөшүп, акыры, арылдым» («Күзөт мунарасы», № 4 2016)

a «Көбүрөөк бил» деген бөлүктөгү «Тамекини кантип таштаса болот?» деген журналда бул адатты таштаганга жардам берген кеңештер бар.

b Мастурбация кылуу адатын жеңгенге эмне жардам берерин билиш үчүн «Мастурбация адатын кантип таштай алам?» деген теманы кара. («Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер», 1-том, 25-бөлүм.)