Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

42-БӨЛҮМ

Ыйык Китепте бойдоктук жана нике жөнүндө эмне делет?

Ыйык Китепте бойдоктук жана нике жөнүндө эмне делет?

Көптөр бактылуу болуш үчүн сөзсүз үй-бүлө куруш керек деп ойлошот. Бирок үй-бүлөлүүлөрдүн баары бактылуу, ал эми бойдоктордун баары бактысыз деп айтканга болбойт. Ыйык Китепте бойдоктук да, нике да Кудайдын белеги экени айтылат.

1. Бойдоктуктун кандай пайдалары бар?

Ыйык Китепте: «Ким... турмуш курса, ал жакшы кылат. Ким турмуш курбаса, андан да жакшы кылат»,— делет. (Оку: 1 Корунттуктар 7:32, 33, 38.) «Ким турмуш курбаса, андан да жакшы кылат» деген эмнени билдирет? Бойдоктор жубайыма кам көрүшүм керек деп түйшүктөнбөйт. Ошондуктан алардын бош убактысы көбүрөөк. Айрымдары Жахаба үчүн көптү кыла алат. Мисалы, башка жерге көчүп барып, кызматтын кызыктуу түрлөрүн аркалай алышат. Баарынан маанилүүсү, алар Жахаба менен болгон мамилесин бекемдегенге көбүрөөк убакыт жумшай алышат.

2. Мыйзамдуу түрдө катталган никенин кандай пайдалары бар?

Бойдоктук сыяктуу эле, никенин да өзүнчө жакшы жактары бар. Ыйык Китепте: «Жалгыз болгонго караганда, экөө болгон жакшы»,— делет (Насаатчы 4:9). Айрыкча, андагы принциптерди үй-бүлөлүк жашоосунда колдонгондор жөнүндө ушинтип айтса болот. Мыйзамдуу түрдө никеде турган жубайлар өмүр бою бири-бирин сүйүп, урматтаарын, кам көрөрүн айтып убада беришет. Мунун аркасында алар, жөн эле чогуу жашап жаткандардан айырмаланып, өздөрүн коопсузураак сезишет. Балдары да ата-энесинин канаты алдында коопсуз чоңоюшат.

3. Жахаба никеге кандай карайт?

Алгачкы никени негиздегенде Жахаба: «Эркек ата-энесин калтырып, аялы менен биригет»,— деген (Башталыш 2:24). Ал жубайлардын өмүр бою бири-бирин сүйүп, чогуу жашашын каалайт. Анын көз карашы боюнча, алардын бири ойноштук кылганда гана ажырашса болот. Андайда Жахаба бейкүнөө тарапка ажырашабы, жокпу, өзү чечкенге мүмкүнчүлүк берет a (Матай 19:9). Ал кызматчыларынын көп аял алышына жол бербейт (1 Тиметей 3:2).

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Үй-бүлөлүүсүңбү, бойдоксуңбу, канткенде өзүң да бактылуу болуп, Жахабаны да кубанта аласың? Ушул тууралуу бил.

4. Бойдоктук белегин туура колдон

Иса бойдоктукту белек деп эсептеген (Матай 19:11, 12). Окугула: Матай 4:23. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Иса Атасына кызмат кылыш үчүн жана башкаларга жардам бериш үчүн бойдоктугун кантип колдонгон?

Кудайдын бойдок кызматчылары да, Исадай болуп, убактысын кызматка арнап, кубанычка бөлөнө алышат. ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроону талкуулагыла.

  • Канткенде Кудайдын бойдок кызматчылары мол бата ала алышат?

Билесиңби?

Ыйык Китепте кайсы курактан тартып үй-бүлө курса болору айтылган эмес. Бирок анда турмуш кура тургандардын «өтө эле жаш болбошу» керектиги жазылган. Анткени ал куракта жыныстык каалоолор күчтүү болгондуктан, туура чечим чыгарганга тоскоолдук кылып коюшу мүмкүн (1 Корунттуктар 7:36).

5. Өмүрлүк жарды акылдуулук менен танда

Жар тандоо — жашоодогу эң маанилүү чечимдердин бири. Окугула: Матай 19:4—6, 9. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Машаяктын жолдоочусу эмне үчүн кылдат ойлонбой туруп эле үй-бүлө курбашы керек?

Ыйык Китеп ким жакшы жубай боло аларын аныктаганга жардам берет. Эң негизгиси, ал Жахабаны жакшы көргөн адам болушу керек b. Окугула: 1 Корунттуктар 7:39; 2 Корунттуктар 6:14. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Эмне үчүн Машаяктын жолдоочусу менен гана баш кошушубуз керек?

  • Жахабаны сүйбөгөн бирөө менен баш кошсок, Жахаба кандай сезимде болот?

Эки башка жаныбарга бир моюнтурук сала турган болсок, экөө тең кыйналат. Ошол сыяктуу эле, Жахабага ишенбегендер менен баш кошкондор көптөгөн кыйынчылыктарга кабылышат

6. Никеге Жахаба карагандай кара

Байыркы Ысрайылда кээ бир кишилер өз каалоосун орундатыш үчүн эле аялдары менен ажырашышкан. Окугула: Малаки 2:13, 14, 16. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла:

  • Жахаба ойноштуктан башка себептен улам ажырашууну эмне үчүн жек көрөт?

Ойноштук жана ажырашуу бейкүнөө жубайды, балдарды азапка салат

ВИДЕОНУ көрүп, бул суроону талкуулагыла.

  • Өмүрлүк жарың Жахабанын Күбөсү болбосо, үй-бүлөң бактылуу болушу үчүн эмне кылсаң болот?

7. Жахабанын никеге байланыштуу берген көрсөтмөлөрүн колдон

Жахабанын никеге карата берген көрсөтмөлөрүн аткарыш үчүн көп күч-аракет талап кылынышы мүмкүн c. Бирок Жахаба кылган аракетке сөзсүз батасын берет. ВИДЕОНУ көргүлө.

Окугула: Еврейлер 13:4. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Кандай деп ойлойсуң, Жахабанын никеге байланыштуу бекиткен нормалары акылга сыярлыкпы? Эмне үчүн ушинтип ойлойсуң?

Көптөгөн өлкөлөрдө бийликтегилер никени жана ажырашууну каттоодон өткөрүүнү талап кылгандыктан, Жахаба да өзүнүн кызматчыларынан ошону күтөт. Окугула: Тит 3:1. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла:

  • Эгер үй-бүлөлүү болсоң, никең мыйзамдуу түрдө каттатылганбы?

АЙРЫМДАР МИНТИП СУРАШЫ МҮМКҮН: «Никеге туруунун эмне кереги бар? Жөн эле чогуу жашай берсе болбойбу?»

  • Сен аларга эмне деп жооп берет элең?

НЕГИЗГИ ОЙ

Бойдоктук да, нике да — Жахабанын белеги. Үй-бүлөлүүбүзбү, бойдокпузбу, Жахабанын эркин аткарсак, жашоодон рахат алып, бактылуу болобуз.

Кайталоо

  • Турмуш кура электер бойдоктугун кантип туура пайдалана алышат?

  • Эмне үчүн Ыйык Китепте Машаяктын жолдоочусу менен гана баш кошуш керектиги айтылат?

  • Ыйык Китепте кайсы себептен улам гана ажырашканга жол берилет?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

«Мырзабыздын жолдоочусу» менен гана баш кошуу деген эмнени билдирет?

«Окурмандардын суроолору» («Күзөт мунарасы», 1-июль, 2004)

Сүйлөшө баштоого жана нике курууга байланыштуу туура чечим чыгарганга жардам берген эки видеону көр.

«Үй-бүлө курууга даярдануу» (11:03)

Эмне үчүн бир ишенимдешибиз Жахаба берип жаткан нерселерди өзү баш тарткан нерселерден алда канча баалуу деп эсептейт?

«Ал чындык жолуна түшөт деп үмүтүмдү үзбөй жүрдүм» (1:56)

Ажырашуу же бөлөк жашоо жөнүндө ойлонуп жаткандар эмнелерди эске алышы керек?

«Кудай негиздеген нике түзүлүшүн жогору баала» («Күзөт мунарасы», декабрь, 2018)

a Ойноштук кылынбаган учурда бөлөк жашаса болобу? Бул тууралуу 4-тиркемеде айтылат.

b Кээ бир жерлерде уулуна же кызына өмүрлүк жарды ата-энеси тандайт. Андайда алар болочок күйөө баласынын же келининин акчасына же коомдо ээлеген абалына эмес, Жахабаны сүйөр-сүйбөсүнө көңүл бурушу керек.

c Эгер кимдир бирөө менен никеге турбай эле жашап жүргөн болсоң, аны менен мамилеңди үзөсүңбү же никеңди каттатасыңбы, өзүң чечесиң.