Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

45-БӨЛҮМ

Бейтараптуулукту сактоо деген эмнени билдирет?

Бейтараптуулукту сактоо деген эмнени билдирет?

Иса өзүнүн жолдоочулары «бул дүйнөгө таандык болбошу» керектигин айткан (Жакан 15:19). Бул бейтараптуу болушубуз, тагыраак айтканда, саясий иштерде жана согуштарда кайсы бир тарапты ээлебешибиз керектигин билдирет. Бирок бейтараптуулукту сактоо дайыма эле оңойго турбайт. Бул үчүн башкалар бизди шылдыңдашы мүмкүн. Анда канткенде бейтараптуу болуп, Жахаба Кудайга берилгендик сактай алабыз?

1. Машаяктын чыныгы жолдоочулары жердеги өкмөттөргө кандай карашат?

Биз мамлекеттик бийликти урматтайбыз. Иса айткандай, «падышага тиешелүүнү падышага... беребиз». Бул өз ичине өзүбүз жашаган өлкөдөгү мыйзамдарга баш ийүүнү, алсак, талап кылынган салыктарды төлөөнү камтыйт (Марк 12:17). Ыйык Китепте өкмөттөрдүн Жахаба жол бергендиктен гана бийлик жүргүзүп жатканы айтылат (Римдиктер 13:1). Андыктан алардын бийлиги Жахабанын бийлигине салыштырмалуу чектелүү экенин жакшы түшүнөбүз. Адамзаттын көйгөйлөрүнүн баарын бир гана Кудай асмандагы Падышалыгы аркылуу чечерине бекем ишенебиз.

2. Бейтараптуу экенибизди кантип көрсөтө алабыз?

Биз да, Исадай болуп, саясатка аралашпайбыз. Бир жолу эл Исанын кереметтеринин бирин көргөндө аны өздөрүнө падыша кылганга аракет жасашкан. Бирок ал баш тарткан (Жакан 6:15). Эмне үчүн? Анткени, кийинчерээк өзү айткандай, анын Падышалыгы бул дүйнөгө таандык эмес болчу (Жакан 18:36). Исанын шакирттери катары биз бейтараптуу экенибизди ар кандай жолдор менен көрсөтөбүз. Мисалы, согуштарга катышпайбыз. (Оку: Микей 4:3.) Желек сыяктуу улуттук символдорду урматтасак да, аларга таазим кылбайбыз (1 Жакан 5:21). Кайсы бир саясий партиянын же талапкердин тарабын ээлебейбиз же аларга каршы чыкпайбыз. Ушул сыяктуу жолдор менен бир гана Кудайдын өкмөтүнө толук берилгендик сактай турганыбызды көрсөтөбүз.

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Бейтараптуулугубуз кандай жагдайларда сыналышы мүмкүн? Андайда канткенде Жахабага жаккандай чечим чыгара аласың? Ушулар тууралуу көбүрөөк бил.

3. Машаяктын чыныгы жолдоочулары бейтараптуулукту сакташат

Иса жана анын шакирттери бизге жакшы үлгү калтырышкан. Окугула: Римдиктер 13:1, 5—7; 1 Петир 2:13, 14. Анан ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроолорду талкуулагыла:

  • Бийликтегилерди эмне үчүн урматташыбыз керек?

  • Аларга баш иерибизди кандай жолдор менен көрсөтөбүз?

Кээде согуш учурунда айрым улуттар бейтараптуубуз дегени менен, касташып жаткан эки тарапка тең жардам бере беришет. Анда чындап бейтараптуулук сактоо деген эмнени билдирет? Окугула: Жакан 17:16. Анан ВИДЕОНУ көрүп, бул суроону талкуулагыла:

  • Бейтараптуу болуу деген эмнени билдирет?

Бийликтегилер Кудайдын мыйзамына каршы келген кайсы бир ишти кылууну талап кылышса, эмне кылабыз? Окугула: Элчилер 5:28, 29. Анан ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроолорду талкуулагыла:

  • Өкмөттүн мыйзамы Кудайдын мыйзамына каршы келгенде, кимисине баш ийишибиз керек?

  • Машаяктын жолдоочулары кандай жагдайларда бийликтегилерге баш ийбей турганына мисал келтире аласыңбы?

4. Бейтараптуу экениң ой жүгүртүүңөн да, иш-аракеттериңен да көрүнүп турсун

Окугула: 1 Жакан 5:21. Анан ВИДЕОНУ көрүп, бул суроолорду талкуулагыла:

  • Видеодогу Аенж эмне үчүн саясий партияга мүчө болгон эмес жана желекти аздектөө аземине катышкан эмес?

  • Ал туура кылган деп ойлойсуңбу?

Бейтараптуулугубуз дагы кандай жагдайларда сыналышы мүмкүн? ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроолорду талкуулагыла:

  • Эл аралык спорт мелдештерин көрүп жатканда бейтараптуулугубузду кантип сактасак болот?

  • Саясатчылардын чечимдери бизге оң же терс таасир эткенде да кантип бейтараптуу бойдон кала алабыз?

  • Маалымат каражаттарынан же тегерек-четибиздегилерден уккан жаңылыктар бейтараптуулугубузга кандай таасир этиши мүмкүн?

Машаяктын жолдоочусу кандай жагдайларда ою менен да, иши менен да бейтараптуулукту сакташы керек?

АЙРЫМДАР МИНТИП СУРАШЫ МҮМКҮН: «Силер эмнеге желекке таазим кылбайсыңар? Эмне үчүн гимн ырдабайсыңар?»

  • Сен эмне деп жооп берет элең?

НЕГИЗГИ ОЙ

Машаяктын жолдоочулары саясий иштерде эч бир тарапты ээлебегенге бүт күчүн жумшашат. Бул өз ичине ой жүгүртүүбүздү, сөздөрүбүздү, иш-аракеттерибизди камтыйт.

Кайталоо

  • Өкмөт бизден эмнени талап кылууга укуктуу?

  • Саясий иштерде эмне үчүн эч бир тарапты ээлебейбиз?

  • Кандай жагдайларда бейтараптуулугубуз сыналышы мүмкүн?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Бейтараптуулукту сакташ үчүн эмнелерден баш тартууга туура келиши мүмкүн?

«Жахаба бизди такыр калтырган жок» (3:14)

Үй-бүлөлөр бейтараптуулугу сыналышы мүмкүн болгон жагдайларга кантип даярданса болот?

«Кандай жагдай болбосун, бейтараптуулукту сактайлы» (4:25)

Бир кишиге мекенди коргоо сыймыгынан да жогору турган бир иш бар экенин түшүнгөнгө эмне жардам берген?

«Кудай баарын кыла алат» (5:19)

Жумуш тандоодо «бул дүйнөгө таандык болбогонго» эмне жардам берерин окуп көр.

«Ар ким өз жүгүн өзү көтөрөт» («Күзөт мунарасы», 1-апрель, 2006)