Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

46-БӨЛҮМ

Эмне үчүн өмүрүңдү Кудайга арнап, чөмүлүшүң керек?

Эмне үчүн өмүрүңдү Кудайга арнап, чөмүлүшүң керек?

Сен Жахабага тиленүү аркылуу кайрылып, ага гана сыйынарыңды, анын эркин жашооңдо эң биринчи орунга коёруңду убада кылып, өзүңдү ага арнайсың (Забур 40:8). Анан чөмүлөсүң. Муну менен өзүңдү Жахабага арнаганыңды эл алдында көрсөтөсүң. Өзүбүздү Жахабага арнаганыбыз — эң маанилүү чечим. Жашооңду түп-тамыры менен өзгөртө турган ушундай олуттуу чечимди чыгарганга эмне түрткү бериши мүмкүн?

1. Өмүрүбүздү Жахабага арноого эмне түрткү берет?

Ага болгон сүйүү (1 Жакан 4:10, 19). Ыйык Китеп: «Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен, бүт күчүң менен сүй»,— деп үндөйт (Марк 12:30). Биз Жахабаны сүйөрүбүздү сөзүбүз менен эле эмес, иштерибиз менен да көрсөтөбүз. Бири-бирин чындап сүйгөн кыз-жигит баш кошкондой эле, Жахабага болгон сүйүүбүз өзүбүздү ага арнап, чөмүлгөнгө түрткү берет.

2. Жахаба чөмүлгөн кызматчыларына кандай баталарды төгөт?

Сен чөмүлгөндө Жахабанын бактылуу үй-бүлөсүнүн мүчөсү болосуң. Ошондон тартып Жахабанын сага ар кандай жолдор менен көрсөткөн сүйүүсүн сезе баштайсың жана ага азыркыдан да жакыныраак болуп каласың. (Оку: Малаки 3:16—18.) Ошондой эле Жахабадай камкор Атага, аны жана сени чындап сүйгөн бүткүл дүйнөлүк рухий үй-бүлөгө ээ болосуң. (Оку: Марк 10:29, 30.) Албетте, чөмүлгөнгө чейин белгилүү бир кадамдарды жасашың зарыл болот. Мисалы, Жахаба жөнүндө көбүрөөк билип, аны сүйүшүң, Уулуна ишенишиң кажет. Анан өмүрүңдү Жахабага арнашың керек. Эгер ушулардын баарын аткарсаң жана чөмүлсөң, түбөлүк өмүргө алып бара турган жолго түшөсүң. Кудайдын Сөзүндө: «Чөмүлтүлүү да азыр силерди... куткарып жатат»,— делет (1 Петир 3:21).

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Өмүрүңдү Жахабага арнап, чөмүлгөнүң эмне үчүн маанилүү экени жөнүндө көбүрөөк бил.

3. Ар бирибиз кимге кызмат кыларыбызды тандашыбыз керек

Байыркы убакта Ысрайылдагы айрым кишилер бир эле учурда Жахабага да, Баал деген жалган кудайга да сыйына берсе болот деп ойлошкон. Бирок Жахаба алардын туура эмес оюн оңдош үчүн Илияс пайгамбарды жиберген. Окугула: 1 Падышалар 18:21. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Ысрайылдыктар эмнени тандашы керек эле?

Ысрайылдыктарга окшоп, биз да кимге кызмат кыларыбызды тандашыбыз кажет. Окугула: Лука 16:13. Анан төмөнкү суроолорду талкуулагыла:

  • Эмне үчүн биз Жахабага, ошол эле учурда башка бирөөгө же бир нерсеге сыйына албайбыз?

  • Жахабага гана сыйынууну тандаганыбызды кантип көрсөтө алабыз?

4. Жахабанын сени канчалык сүйөрү жөнүндө ой жүгүрт

Жахаба бизге көптөгөн баалуу белектерди берген. Биз ага эмне бере алабыз? ВИДЕОНУ көргүлө.

Жахаба сага кандай жолдор менен сүйүү көрсөтүп келатат? Окугула: Забур 104:14, 15; 1 Жакан 4:9, 10. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Жахабанын кайсы белектерине өзгөчө ыраазысың?

  • Ошол белектер жөнүндө ой жүгүрткөндө сенде Жахабага карата кандай сезимдер пайда болот?

Өзүбүзгө жаккан белек алганда аны берген кишиге ыраазычылык билдиргибиз келет. Окугула: Мыйзам 16:17. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла:

  • Жахабанын сен үчүн кылган бардык жакшылыктары жөнүндө ой жүгүртүү сага эмне кылганга түрткү берет?

5. Арналуу мол батага жол ачат

Көптөр атак-даңкка, мансапка жетип, акчаң көп болсо, бактылуу болосуң деп ойлошот. Чынында эле ошондойбу? ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроолорду талкуулагыла:

  • Видеодогу чебер спортчу футбол ойногонду аябай жакшы көрсө дагы, эмне үчүн аны таштаган?

  • Ал өмүрүн футболго эмес, Жахабага арноону чечкен. Ал туура кылган деп ойлойсуңбу? Эмне үчүн?

Элчи Пабыл Машаяктын жолдоочусу болгонго чейин мансапка умтулуп жашаган. Ал чыгаан окутуучулардын биринен жүйүттөрдүн мыйзамын окуган. Бирок Исанын жолун жолдош үчүн ушунун баарын калтырган. Ошондой кылганына өкүнгөнбү? Окугула: Филипиликтер 3:8. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Пабыл Машаяктын жолдоочусу болгонго чейин кылгандарынын баарын эмне үчүн таштанды деп айткан?

  • Ал баш тарткан нерселеринин ордуна эмнеге ээ болгон?

  • Кандай кылсаң, жашооң жакшыраак болот: Жахабага кызмат кылсаңбы же жашооңду башка нерселерге арнасаңбы?

Машаяктын жолдоочусу болгондон кийин Пабыл баш тартканынан да көп нерсеге ээ болгон

АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Өмүрүңдү Кудайга арнап эмне кыласың? Жыргап-куунап жашай бер да».

  • Өмүрүңдү Жахабага арнаганың эмне үчүн эң туура болот деп ойлойсуң?

НЕГИЗГИ ОЙ

Жахабага болгон күчтүү сүйүүбүз өмүрүбүздү ага арнап, чөмүлгөнгө түрткү берет.

Кайталоо

  • Эмне үчүн Жахаба аны чын жүрөктөн сүйүшүбүзгө жана ага сыйынышыбызга татыктуу?

  • Жахаба чөмүлгөн кызматчыларына кандай баталарды төгөт?

  • Өмүрүңдү Жахабага арнагың келеби?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Бир ырчы аял жана спортчу эмне үчүн өмүрүн Жахабага арноону чечишкен?

«Жаштардын суроолору. Өмүрүмдү эмнеге арнасам? Өткөндү эстөө» (6:54)

Өмүрүбүздү Кудайга арнаганга дагы кандай себептер бар экенин окуп көр.

«Өзүбүздү эмне себептен Жахабага арнашыбыз керек?» («Күзөт мунарасы», 15-январь, 2010)

Бул ырды угуп жатканда өзүн Жахабага арнагандардын кандай кубанычка бөлөнөрүн байкаганга аракет кыл.

«Өмүрүмдү сага арнайм» (4:30)

Бир аял эмнени биринчи орунга коюшу керектигин кантип түшүнгөн? Муну «„Адамдар эмне үчүн жаралган?“ — деп ойлоно берчүмүн» деген өмүр баяндан окуп көр.

«Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат» («Күзөт мунарасы», 1-ноябрь, 2012)