Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

48-БӨЛҮМ

Досторду акылмандык менен танда

Досторду акылмандык менен танда

Жакшы достор өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болушат. Бирок Ыйык Китепте баарынын эле жакшы дос боло албай турганы айтылат. Анда жакшы досторду кантип тапса болот? Ал үчүн төмөнкү суроолорду карап чыгалы.

1. Досторуң сага кандай таасир этет?

«Досуңдун ким экенин айтсаң, сенин ким экениңди айтып берем»,— дегендей, социалдык тармак аркылуубу же мындайбы, кимдер менен көп убакыт өткөрсөк, ой жүгүртүүбүз, жүрүм-турумубуз ошолордукуна окшоп калат. Ыйык Китепте: «Акылдуулар менен достошкон акылдуу болот, ал эми акылсыздар [Жахабаны жакшы көрбөгөндөр] менен мамилелешкен зыян тартат»,— делет (Накыл сөздөр 13:20). Жахабаны сүйгөн, ага сыйынган досторубуз аны менен ынак мамиледе болгонго жана туура чечимдерди чыгарганга жардам берет. Ал эми жыйналышка барбагандар менен дос болсок, алар бизди Жахабадан алыстатат. Мына ошондуктан Ыйык Китеп бизди досторду акылмандык менен тандоого чакырат. Досторубуз Жахабаны сүйгөн кишилер болсо, алар бизге, биз аларга жакшы таасир этебиз. Ушундайча бири-бирибизди «кубаттандырып, бекемдей беребиз» (1 Тесалоникалыктар 5:11).

2. Кимдер менен достошконуң Жахабага кандай таасир этет?

Жахаба досторун кылдаттык менен тандайт. Ал «чынчыл адамдар менен жакын мамиледе болот» (Накыл сөздөр 3:32). Эгер биз Жахабаны сүйбөгөндөр менен достошсок, бул ага кандай таасир этет? Бул анын жүрөгүн оорутат. (Оку: Жакып 4:4.) Ал эми жаман чөйрөдөн алыс болуп, Жахабага жакындасак жана аны сүйгөндөр менен ынак мамиледе болсок, Жахаба кубанат. Ошондой эле бизди досу катары кабыл алат (Забур 15:1—4).

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Досторду туура тандаганыбыз эмне үчүн маанилүү? Жашообузду байыта турган адамдар менен кантип достошсок болот? Ушулар тууралуу бил.

3. Жаман чөйрөдөн алыс бол

Жахабаны сүйбөгөн жана анын мыйзамдарын баркка албаган кишилер биз үчүн жаман чөйрө болот. ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроону талкуулагыла.

  • Канткенде өзүбүз байкабай эле жаман чөйрөгө аралашып калышыбыз мүмкүн?

Окугула: 1 Корунттуктар 15:33. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Сен үчүн кимдер жаман чөйрө болушу мүмкүн? Эмне үчүн?

Окугула: Забур 119:63. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла:

  • Кимдир бирөөнүн жакшы дос боло алары эмнеден көрүнөт?

Бир эле чирик алма калгандарын чиритет. Жаман чөйрө сага кандай таасир этиши мүмкүн?

4. Жакшы достук окшоштуктан куралбайт

Ыйык Китепте байыркы учурда Ысрайылда жашаган Дөөтү жана Жонатан деген эки киши жөнүндө айтылат. Алардын жаш курагы, тек-жайы ар кандай болсо да, жан достордон болушкан. Окугула: 1 Шемуел 18:1. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Эмне үчүн дайыма эле өзүбүз теңдүүлөр же тек-жайы биздикине окшоштор менен достошо бербешибиз керек?

Окугула: Римдиктер 1:11, 12. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Жахабаны сүйгөн достор бири-бирин кантип бекемдей алышат?

Төмөнкү видеодон бир жаш жигиттин курагы, тек-жайы ар кандай кишилер менен кантип достошконун биле аласың. ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроолорду талкуулагыла.

  • Видеодогу Экил мектептегилер менен достошо баштаганда, ата-энеси эмне үчүн тынчсызданган?

  • Эмне үчүн ал башында мектептегилер менен дос болгусу келген?

  • Экил жалгызсыраганын кантип жеңген?

5. Чыныгы достукту кантип өрчүтсө болот?

Канткенде чыныгы досторду таап, өзүбүз да аларга жакшы дос боло алабыз? ВИДЕОНУ көргүлө.

Окугула: Накыл сөздөр 18:24; 27:17. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Чыныгы достор бири-бирине кантип жардам беришет?

  • Сенин ушундай досторуң барбы? Эгер жок болсо, ошондой досторду күтүш үчүн эмне кылсаң болот?

Окугула: Филипиликтер 2:4. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла:

  • Жакшы дос табыш үчүн өзүң жакшы дос болушуң керек. Ан үчүн эмне кылсаң болот?

Жакшы дос күтөм десең, өзүң жакшы дос бол

АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Жоктон көрө жогору. Иши кылса, досуң болсо болду».

  • Сен аларга эмне дейт элең?

НЕГИЗГИ ОЙ

Досторду акылдуулук менен тандаганыбыз Жахабага жагат, өзүбүзгө да пайдалуу.

Кайталоо

  • Кимдер менен дос болорубузга Жахаба эмне үчүн маани берет?

  • Кандай кишилер менен дос болбошубуз керек?

  • Жакшы кишилер менен болгон достугуңду кантип бекемдей аласың?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Досторубуз башыбызга кыйынчылык түшкөндө кантип жөлөк-таяк боло алышат?

«Дүйнөнүн акыры келгиче, достугубузду чыңдайлы» («Күзөт мунарасы», ноябрь, 2019)

Чыныгы досторду тапканга жардам берген кеңештерди окуп көр.

«Жакшы досторду кантип тапсам болот?» («Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер», 1-том, 8-бөлүм)

Онлайн достук тууралуу эмнелерди билишиң керек?

«Социалдык тармактарды колдонууда акыл-эстүү бол» (4:12)

«Атага аябай зар болчумун» деген өмүр баяндан бир кишиге чөйрөсүн алмаштырганга эмне себеп болгону тууралуу окуп көр.

«Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат» («Күзөт мунарасы», 1-апрель, 2012)