Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

50-БӨЛҮМ

Үй-бүлөң канткенде бактылуу болот? (2-бөлүк)

Үй-бүлөң канткенде бактылуу болот? (2-бөлүк)

Балдар — Жахабанын белеги. Жахаба ата-энелерден аларга жакшы кам көрүшүн күтөт. Ал бул жагынан ата-энелерге пайдасы тие турган даанышман кеңештерди берген. Жахабанын кеңештери балдарга да үй-бүлөсүнүн бактылуу болушуна салым кошконго жардам берет.

1. Жахаба ата-энелерге кандай кеңеш берген?

Жахаба ата-энелерден балдарын жакшы көрүшүн, алар менен мүмкүн болушунча көп убакыт өткөрүшүн күтөт. Ошондой эле балдарын коргошун, Ыйык Китептеги принциптерди колдонуп тарбиялашын каалайт (Накыл сөздөр 1:8). Ал аталарга: «Балдарыңарды... [Жахабанын] акыл-насааты менен тарбиялагыла»,— деген. (Оку: Эфестиктер 6:4.) Ата-эне өз милдетин башкаларга артып койбой, балдарын Жахабанын насааты менен тарбияласа, бул ага жагат.

2. Жахаба балдарга кандай кеңеш берген?

Ал: «Ата-энеңердин тилин алгыла»,— деген. (Оку: Колосалыктар 3:20.) Балдар ата-энесин сыйлап, тил алышса, Жахабаны да, ата-энесин да кубантышат (Накыл сөздөр 23:22—25). Иса кичинекей кезинде бул жагынан жакшы үлгү калтырган. Ал жеткилең болсо да, жеткилең эмес ата-энесине баш ийип, аларды урматтаган (Лука 2:51, 52).

3. Канткенде үй-бүлөң менен Жахабага жакындай аласың?

Эгер ата же эне болсоң, балдарыңдын, сендей болуп, Жахабаны жакшы көрүшүн каалаарыңа шек жок. Аларга бул жагынан кантип жардам берсең болот? Ыйык Китептеги: «[Жахабанын сөздөрүн] балдарыңа үйдө отурганыңда да, жолдо баратканыңда да... кайра-кайра айтып үйрөт»,— деген кеңешти колдонсоң болот (Мыйзам 6:7). Балдарың бир нерсени эстеп калышы үчүн, аларга аны кайра-кайра айтышың керектигин жакшы билет болушуң керек. Бул аят балдарың менен Жахаба жөнүндө сүйлөшкөнгө күн сайын мүмкүнчүлүктөрдү издешиң керектигин билдирет. Үй-бүлөң менен Жахабага сыйынганга, тактап айтканда, Ыйык Китепти чогуу изилдегенге жума сайын убакыт бөлүп турганың жакшы. Балдарыңар жок болсо да, Кудайдын Сөзүн жума сайын чогуу изилдеп турганыңардын акыбети сөзсүз кайтат.

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Үй-бүлөңдүн бактылуу жана коопсуз болушуна салым кошкон кеңештер жөнүндө көбүрөөк бил.

4. Сүйүү менен тарбияла

Бала тарбиялоо оңой болбошу мүмкүн. Бирок Ыйык Китеп сага жардам бере алат. Окугула: Жакып 1:19, 20. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Ата-эне баласы менен сүйлөшүп жатканда аны жакшы көрөрүн кантип көрсөтө алат?

  • Эмне үчүн ата-эне ачуусу келип турганда балдарын тарбиялабашы керек? a

5. Балдарыңды корго

Балдарды коргош үчүн, өзүңөрдү ыңгайсыз сезсеңер да, аларга жыныстык мамиле тууралуу түшүндүрүп бергениңер аябай маанилүү. ВИДЕОНУ көрүп, төмөндөгү суроолорду талкуулагыла:

  • Эмне үчүн айрым ата-энелерге балдары менен жыныстык мамиле жөнүндө сүйлөшүү кыйынга турат?

  • Кээ бир ата-энелер балдарына жыныстык мамиле тууралуу кантип түшүндүрүп беришкен?

Ыйык Китепте айтылгандай, Шайтандын дүйнөсү барган сайын ыймансыздыкка батып баратат. Окугула: 2 Тиметей 3:1, 13. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • 13-аятта айтылган кара өзгөй адамдардын айрымдары балдарга сексуалдык зомбулук көрсөтүшөт. Андыктан ата-энелердин балдарына жыныстык мамиле жөнүндө түшүндүрүп бергени жана өздөрүн ошондой жаман кишилерден коргогонду үйрөткөнү эмне үчүн маанилүү?

Билесиңби?

Жахабанын Күбөлөрү балдарга жыныстык мамиле жөнүндө түшүндүрүп бергенге, аларды кара өзгөй кишилерден коргогонго жардам берген адабияттарды чыгарышат. Мисалы:

6. Ата-энеңди сыйла

Балдар жана өспүрүмдөр ата-энеси менен сүйлөшүп жатканда аларды сыйлаарын кантип көрсөтө алышат? ВИДЕОНУ көрүп, суроолорду талкуулагыла.

  • Балдардын ата-энеси менен сүйлөшүп жатканда аларды урматтап-сыйлаганы эмне үчүн өздөрүнө эле жакшы?

  • Балдар ата-энеси менен сүйлөшүп жатканда аларды урматтаарын кантип көрсөтө алышат?

Окугула: Накыл сөздөр 1:8. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Балдар ата-энесинин кеңешин кандай кабыл алышы керек?

7. Жахабага үй-бүлөң менен чогуу сыйын

Жахабага кызмат кылган үй-бүлөлөр ага чогуу сыйыныш үчүн жума сайын атайын убакыт бөлүшөт. Алар үй-бүлө менен сыйынууну кантип өткөрүшөт? ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроолорду талкуулагыла:

  • Үй-бүлө менен сыйынууну дайыма өткөрүш үчүн эмне кылса болот?

  • Ата же эне үй-бүлө менен сыйынууну кантип пайдалуу жана кызыктуу кылып өткөрө алат? (Бөлүмдүн башындагы сүрөттү кара.)

  • Үй-бүлө менен сыйынууну өткөрүүгө эмнелер тоскоолдук кылышы мүмкүн?

Жахаба байыркы учурдагы ысрайылдыктарга үй-бүлөсү менен анын Сөзүндө жазылгандарды талкуулап турушу керектигин айткан. Окугула: Мыйзам 6:6, 7. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Сен бул принципти кантип колдоно аласың?

Үй-бүлө менен сыйынууну кантип өткөрсө болот?

  • Жыйналышка даярдануу.

  • Ыйык Китептеги үй-бүлөңө жаккан кайсы бир билдирүүнү окуп, талкуулоо.

  • Эгер кичинекей балдарың бар болсо, jw.org/ky сайтындагы балдарга арналган тапшырмаларды жүктөп же чыгарып алуу.

  • Эгер өспүрүм балдарың бар болсо, jw.org/ky сайтындагы өспүрүмдөргө арналган бөлүктөн бир макала талкуулоо.

  • Ыйык Китептеги кайсы бир окуяны тандап, балдарың менен драма коюу.

  • jw.org/ky сайтынан видео көрүп, талкуулоо.

АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Балдардын Ыйык Китепке тиши өтпөйт».

  • Сен аларга эмне дейт элең?

НЕГИЗГИ ОЙ

Жахаба ата-энелердин балдарын сүйүшүн, тарбиялашын, коргошун күтөт. Ал эми балдардын ата-энесин урматташын жана тилин алышын, үй-бүлөлөрдүн болсо ага чогуу сыйынышын каалайт.

Кайталоо

  • Ата-энелер балдарын тарбиялап, коргош үчүн эмне кылса болот?

  • Балдар ата-энесин урматтаарын кантип көрсөтө алышат?

  • Жума сайын үй-бүлө менен сыйынууга убакыт бөлүп коюунун кандай пайдалары бар?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Балдарга чоңойгондо пайдасы тие турган сапаттарды өрчүткөнгө кантип жардам берсе болот?

«Балдар алышы керек болгон алты таалим» («Ойгонгула!», № 2 2019)

Ыйык Китепте улгайган ата-энесин карагандарга жардамы тиерлик кандай кеңештер бар?

«Ыйык Китепте карып калган ата-энеге кам көрүүгө байланыштуу эмне делет?» (jw.org/ky сайтындагы макала)

Балдарды кантип тарбияласа болорун билбеген бир кишиге жакшы ата болгонго эмне жардам берген?

«Бала тарбиялаганды Жахабадан үйрөндүк» (5:58)

Аталар уулдары менен болгон мамилесин кантип бекемдей аларын окуп көр.

«Аталар канткенде балдары менен ынак мамиледе боло алышат?» («Күзөт мунарасы», 1-ноябрь, 2011)

a Ыйык Китепте «тарбиялоо» деген көрсөтмө, жетекчилик берүүгө, оңдоп-түзөөгө карата колдонулат. Бул катаал, таш боор болууну билдирбейт (Накыл сөздөр 4:1).