Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

51-БӨЛҮМ

Сүйлөгөн сөздөрүң Жахабага жаккандай болсун

Сүйлөгөн сөздөрүң Жахабага жаккандай болсун

Жахаба бизди жаратканда кереметтүү белек берген. Ал — сүйлөө жөндөмү. Аны кантип колдонуп жатканыбыз Жахаба үчүн маанилүүбү? Ооба. (Оку: Жакып 1:26.) Анда сүйлөө жөндөмүбүздү канткенде Жахабага жаккандай колдоно алабыз?

1. Жахаба берген белекти кантип колдонушубуз керек?

Ыйык Китепте: «Бири-бириңерди кубаттандырып, бекемдей бергиле»,— делет (1 Тесалоникалыктар 5:11). Жылуу сөзгө муктаж кимдир бирөөнү билесиңби? Аны кантип бекемдесең болот? Балким, анын сага жаккан жактарын жана аны жогору баалаарыңды айтаттырсың. Тааныштарыңа дем-күч бере турган кайсы бир аятты эстей аласыңбы? Ыйык Китепте андай аяттар көп. Туура сөздөрдү тандагандан тышкары, аларды кантип айтарың да башкаларга күчтүү таасир этерин унутпа. Ошон үчүн дайыма жылуу-жумшак сүйлөгөнгө аракет кыл (Накыл сөздөр 15:1).

2. Кандай сөздөрдөн качышыбыз керек?

Ыйык Китепте: «Оозуңардан бир да чириген сөз чыкпасын»,— деп жазылган. (Оку: Эфестиктер 4:29.) Бул жаман сөздөрдү же катуу тийген, таарынта турган сөздөрдү айтпашыбыз керектигин билдирет. Ошондой эле ушактан, жалаа жапкандан да алыс болушубуз кажет. (Оку: Накыл сөздөр 16:28.)

3. Башкаларга күч-кайрат бере тургандай сөздөрдү сүйлөгөнгө эмне жардам берет?

Сүйлөгөн сөздөрүбүздөн жүрөгүбүз менен оюбузда эмне бар экенин билүүгө болот (Лука 6:45). Ошон үчүн жакшы нерселерге, мисалы, эмне адил, эмне таза болсо, эмне сүйүүгө, мактоого татыктуу болсо, ошолорго көңүл топтогонду үйрөнгөнүбүз маанилүү (Филипиликтер 4:8). Ушундай кылыш үчүн досторду жана көңүл ачуунун түрлөрүн туура тандашыбыз зарыл (Накыл сөздөр 13:20). Ошондой эле ойлонуп сүйлөгөнүң да жакшы. Айта турган сөздөрүң башкаларга кандай таасир этери жөнүндө ойлонуп көр. Ыйык Китепте: «Кай бирөө ойлонбой сүйлөп, кылычтай жаралайт, ал эми акылдуулардын тили айыктырат»,— деп айтылган (Накыл сөздөр 12:18).

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Канткенде Жахабага да жаккыдай, башкаларды да бекемдегидей сөздөрдү сүйлөй аларың жөнүндө көбүрөөк бил.

4. Тилди тыя билүү маанилүү

Баарыбыз эле кээде кийин өкүнүп кала турган сөздөрдү айтып алабыз (Жакып 3:2). Окугула: Галатиялыктар 5:22, 23. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Тилди тыя билиш үчүн Кудайдан ушул сапаттардын кайсынысын өрчүткөнгө жардам беришин сурап тиленсең болот? Бул сапаттар сага кандайча жардам бериши мүмкүн?

Окугула: 1 Корунттуктар 15:33. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла:

  • Досторуң жана тандаган көңүл ачууң сүйлөгөн сөздөрүңө кандайча таасир этиши мүмкүн?

Окугула: Насаатчы 3:1, 7. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла:

  • Кандай учурларда унчукпай эле койгонуң же сүйлөй турган убакты күтө билгениң акылдуулукка жатышы мүмкүн?

5. Башкалар жөнүндө дайыма жакшы сөздөрдү сүйлө

Башкаларга жагымсыз боло турган же алардын жүрөгүн оорута турган сөздөрдү айтуудан канткенде кача алабыз? ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроолорду талкуулагыла.

  • Видеодогу ишенимдешибиз эмне үчүн өзгөрүүнү чечкен?

  • Өзгөрүш үчүн ал эмне кылган?

Окугула: Насаатчы 7:16. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла:

  • Башкаларды жамандагыбыз келгенде эмнени эсибизден чыгарбашыбыз керек?

Окугула: Насаатчы 7:21, 22. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Кимдир бирөөнүн сени жамандаганын угуп калсаң, бул аяттарда жазылгандар сага ачууланбаганга кандайча жардам берет?

6. Үйдөгүлөрүң менен сүйлөшүп жатканда сылык-сыпаа бол

Жахаба үйдөгүлөрүбүз менен жылуу-жумшак сүйлөшүшүбүздү каалайт. ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроону талкуулагыла.

  • Үйдөгүлөрүң менен сүйлөшүп жатканда сылык-сыпаа болгонго эмне жардам берет?

Окугула: Эфестиктер 4:31, 32. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Сүйлөгөн сөздөрүбүз үйдөгүлөргө жагымдуу болушу үчүн эмне кылсак болот?

Жахаба Уулу Исаны жакшы көрөрүн айткан. Окугула: Матай 17:5. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла:

  • Үйдөгүлөрүң менен сүйлөшүп жатканда Жахабаны кантип туурай аласың?

Башкаларды мактаганга мүмкүнчүлүктөрдү изде

АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Кандай кааласам, ошондой сүйлөйм. Башкаларга жагабы, жакпайбы, мага баары бир».

  • Сен да ушинтип ойлойсуңбу? Эмне үчүн?

НЕГИЗГИ ОЙ

Сөз зор күчкө ээ. Андыктан эмнени, качан, кантип айтарыбызды кылдат ойлонушубуз керек.

Кайталоо

  • Сүйлөгөн сөздөрүң менен башкаларды кантип бекемдесең болот?

  • Кандай сөздөрдөн качкың келет?

  • Дайыма жылуу-жумшак, бекемдээрлик сөздөрдү сүйлөгөнгө эмне жардам берет?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

Башкаларды бекемдей турган сөздөрдү сүйлөгөнгө эмне жардам берет?

«Тилди акылдуулук менен колдонгонду үйрөн» (8:04)

Канткенде жаман сөздөрдү сүйлөгөндөн кача алабыз?

«Сөгүнүп-сагынуунун жаман жери жокпу (jw.org/ky сайтындагы макала)

Ушактан качканга эмне жардам берет?

«Ушакчы болуп калба» (2:36)

Оозуна ак ит кирип, кара ит чыккан киши Жахабанын жардамы менен ушул жаман адатынан кантип арыла алган?

«Жашоом жөнүндө тереңирээк ойлоно баштадым» («Күзөт мунарасы», 1-август, 2013)